Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Евразия экономикалык биримдиги Иран менен эркин соодалашуу аймагы жагында иштерди баштайт
24 Декабрь 2015 | Соода

23-декабрда Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү Иран менен биргеликте эркин соодалашуу тууралуу келишим түзүүнүн келечектерин биргелешип иликтей башташат. Бул тууралуу Тегеранда ЕЭКтин Соода боюнча министри Андрей Слепнев жана Ирандын өнөр жай, шахта жана соода министри Моххамад Реза Нематзаде билдиришти.​

ЕЭК Коллегиясы өткөөл мезгил ичинде кызмат көрсөтүү секторлорунун катарында либералдаштыруу пландарын иштеп чыгуу жобосун жана жумушчу топтун курамын жактырды
23 Декабрь 2015 | Экономика жана каржы саясаты

22-декабрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Мүчөлөрү кызмат көрсөтүү секторлорунун (чакан секторлордун) катарында либералдаштыруу пландарын иштеп чыгуу жобосун жана жумушчу топтун курамын жактырды, мында Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында бирдиктүү кызмат көрсөтүү рыногунун түптөлүшү либералдаштыруу пландарына ылайык (өткөөл мезгил ичинде) жүзөгө ашырылат.​

ЕАЭБ мамлекет башчылары ЕЭК Коллегиясынын жаңы курамын бекитишти
22 Декабрь 2015 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

21-декабрда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) отурумунда Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) – Армения Республикасынын, Беларус Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын өлкө башчылары ЕАЭБ органдарында төрагалык кылуу, персоналдык курам жана ЕЭК Коллегия Мүчөлөрүнө милдеттерди бөлүштүрүү тууралуу чечим кабыл алышты. Биримдик өлкөлөрүнүн Президенттери интеграциялык бирикмени мындан ары өнүктүрүү үчүн ориентирлерди да аныкташты.​

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБдин жалпы газ рыногун түптөө концепциясынын долбоорун жактырды
22 Декабрь 2015 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Энергетика жана инфраструктура

22-декабрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегия мүчөлөрү Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жалпы газ рыногун түптөө концепциясынын долбоорун жактырышты.​

ЕЭК Коллегиясында ишмердүүлүктүн жаңы багыты пайда болот
22 Декабрь 2015 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

21-декабрда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинде ЕЭК Коллегиясынын иш алкагында жаңы багытты киргизүү тууралуу чечим кабыл алынды: ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар. Чечим 2016-жылы 1-февралынан баштап күчүнө кирет.​

ЕЭК Министри Тимур Сулейменов «БелБренд 2015» эл аралык музыкалык премиясынын лауреаттарына сыйлык тапшырды
18 Декабрь 2015 | Экономика жана каржы саясаты

17-декабрда Минскте «Музыканттар бренддерди коргойт» акциясынын алкагында «БелБренд 2015» эл аралык музыкалык премиясын тапшыруу аземи болду. Премия интеграциялык процесстерди колдоого жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) аймагында интеллектуалдык менчиктин өнүгүшүнө арналган. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо «Антиконтрафакт-2015» III эл аралык форумуна тушталган. Ал форум Евразиялык комиссиясынын колдоосу менен уюштурулуп, 2015-жылдын 16-18-декабрында өткөн.​

«Антиконтрафакт-2015» III Эл аралык форумунун катышуучулары ЕАЭБде интеллектуалдык менчикти коргоо стратегиясын талкуулашты
17 Декабрь 2015 | Экономика жана каржы саясаты

16-декабрда Минскте «Антиконтрафакт-2015» III Эл аралык форумунун алкагында «Евразия экономикалык биримдигинде интеллектуалдык менчикти коргоонун жана пайдалануунун стратегиясы. ЕАЭБде параллелдик импортту легалдаштырууну актуалдуу маселелери» тематикалык секциясы болуп өттү.​

ЕЭК министри Тимур Сулейменов: "ЕАЭБда интеллектуалдык жек менчик обьектилеринин бирдиктүү бажы реестри түзүлөт".
17 Декабрь 2015 | Экономика жана каржы саясаты

16-октябрда Евразия Экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Тимур Сулейменов "Антиконтрафакт 2015" III эл аралык форумунда Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) интеллектуалдык жеке менчик объектилеринин бирдиктүү бажы реестри түзүлөөрү пландаштырылып жатканын билдирди.​

ЕЭК Министри Тимур Сулейменов: "Биримдикте бизнес үчүн административдик тоскоолдуктарды чететтетүү боюнча иштерди Комиссия өзүнөн баштоону чечти"
16 Декабрь 2015 | Экономика жана каржы саясаты

15-декабрда Евразия экономикалык комиссиясынын Экономика жана каржы саясаты боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Тимур Сулейменов «Россиядагы жөнгө салуу саясаты: бизнестин натыйжалуулугу – бийликтин ишинин сапатынын күзгүсү катары» аттуу конференцияда сүйлөгөн сөзүндө, Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн бизнес-коомчулугунун улуттар үстүнөн жөнгө салууну калыптандырууга активдүү катышуусун камсыз кылууга багытталган, Комиссиянын ишмердүүлүгүнүн негизги эки багыты туурасында айтып берди.​

ЕЭК «Машиналардын жана жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө» техрегламентине өзгөртүүлөрдү жактырды.
15 Декабрь 2015 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу

15-декабрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын кезектеги отурумунда, интеграция жана макроэкономика, соода, бажы кызматташтыгы, экономика жана каржы саясаты, техникалык жөнгө салуу, санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар тармагындагы маселелер каралды.​