Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК Министри Валерий Корешков: "Евразия экономикалык биримдигинин алкагында дары-дармектердин жалпы рыногунун ишин камсыздаган бардык документтер 2015-жылдын аягына чейин кабыл алынышы керек"
29 Октябрь 2015 | Техникалык жөнгө салуу

28-октябрда Москвада ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Валерий Корешковдун жетекчилиги алдында, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн саламаттыкты сактоо министрлеринин катышуусу менен өткөн кеңешмеде Евразия экономикалык биримдигинин алкагында Дары-дармек каражаттарынын айланымынын бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууну жүзөгө ашырууну камсыздаган актыларды даярдоо иштери талкууланды.​

ЕЭК Министри Таир Мансуров X Эл аралык энергетикалык жумалыкта ЕАЭБтин энергоресурстарынын жалпы рыногунун түзүлүшү жөнүндө айтып берди
29 Октябрь 2015 | Энергетика жана инфраструктура

28-октябрда Москвада ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Таир Мансуров "X Эл аралык энергетикалык жумалыгы - XV Жалпы россиялык нефть жана газ жумалыгы" бириктирилген Мааракелик форумунда Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) энергоресурстарынын жалпы рыногун түзүү жөнүндө доклады менен чыгып сүйлөдү. ЕЭК өкүлү энергетика чөйрөсүндө интеграцияны мындан ары өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жөнүндө айтып берди.​

ЕЭКтин Агроөнөржай саясаты боюнча консультативдик комитетинин отурумунда макулдашылган агроөнөржай саясатын жүзөгө ашыруу процесси талкууланды
26 Октябрь 2015 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

26-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын аянтында Агроөнөржай саясаты боюнча, консультативдик комитетинин тогузунчу отурумунун майданында, ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча, Коллегия Мүчөсү (Министр) Сергей Сидорскийдин төрагалыгы алдында өткөн бул отурумдун катышуучулары Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) жөнүндө келишимди жана Макулдашылган агроөнөр жай саясатынын концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча, иш чаралардын планын өнүктүрүүгө багытталган документтерди даярдоо маселелерин талкуулашты.​

ЕЭК Министри Тимур Сулейменов: "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн каржылык туруктуулугун камсыздоо жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүү - Биримдиктин туруктуу экономикалык өсүшүнүн эң маанилүү факторлору"
26 Октябрь 2015 | Экономика жана каржы саясаты

23-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржылык саясаты боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Тимур Сулейменов Верона шаарында өткөн "Бирге жаңы саясий диалогго жана экономикалык мамилелерге инновациялык көз карашка" IV Евразиялык форумунда чыгып сүйлөп, Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин каржылык туруктуулугун камсыздоо жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүү - Биримдиктин туруктуу экономикалык өсүшүнүн эң маанилүү факторлору экенин белгиледи.​

ЕЭК Министри Карине Минасян: "Жагымсыз тышкы факторлорго карабастан, Армения кээ бир позициялар боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспортту бир нече эсе жогорулата алды"
26 Октябрь 2015 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

23-октябрда Ереванда ММТИИ (МГИМО) бүтүрүүчүлөрүнүн III эл аралык форумунда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Мүчөсү (Министр) Карине Минасян мүчө өлкөлөрдүн экономикаларынын өнүгүүсүндө Евразия экономикалык биримдигинин ролу жөнүндө айтып берди.​

ЕЭК ЕАЭБнын чек ара аралык рынокторундагы өнөр жай чөйрөсүндө атаандаштыкты адвокаттоо боюнча эл аралык конфенренция өткөрдү
23 Октябрь 2015 | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

22-октябрда Астана шаарында Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Нурлан Алдабергеновдун төрагалыгы алдында "Евразия экономикалык биримдигинин чек ара аралык рынокторундагы өнөр жай чөйрөсүндө атаандаштыкты адвокаттоо" эл аралык конференциясы болуп өттү. ​

ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу боюнча консультативдик комитетинин отурумунда Биримдиктин эң көп талкууларды жараткан техрегламенттери талкууланды
22 Октябрь 2015 | Техникалык жөнгө салуу

21-22-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын талаасында, Техникалык көзөмөл, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу боюнча консультативдик комитеттин техникалык көзөмөл маселелери боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Валерий Корешков төрагалык кылган 14-отурумунун жүрүшүндө, катышуучулар Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттери пикири келишпеген бир катар техникалык регламенттерди талкуулашты.

ЕАЭБдин газ, мунай жана мунай заттарынын жалпы рыногун түзүү концепцияларынын долбоорлору ЕЭК алдындагы Консультативдик комитетте каралды
22 Октябрь 2015 | Энергетика жана инфраструктура

21-октябрда Москва шаарында Евразия экономика комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегиянын Мүчөсү (Министр) Таир Мансуровдун төрагалыгы астында газ жана мунай боюнча Консультативдик комитеттин кезектеги отуруму болуп өттү, мында Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Газ, мунай жана мунай заттарынын жалпы рыногун түзүү концепцияларынын долбоорлору каралган. ​

ЕЭКте регионалдык интеграциялык бирикмелердин макроэкономикалык саясатын координациялоонун заманбап тенденциялары талкууланды
21 Октябрь 2015 | Интеграция жана макроэкономика

20-октябрда Евразия экономикалык комиссиясында “Регионалдык интеграциялык бирикмелердин макроэкономикалык саясатын координациялоонун заманбап тенденциялары: мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар” семинарынын алкагында, ЕЭКтин интеграциянын негизги багыттары жана макроэкономика боюнча Коллегиянын Мүчөсү(Министр) Татьяна Валоваянын төрагалыгы астында семинар болуп өттү, мында дүйнөлүк экономиканын өнүгүү темптери жана Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдүн экономикалары каралган.​

ЕЭК өнөр жай жана агроөнөржай комплекси боюнча министр Сергей Сидорский ЕАЭБ менен Жибек Жолу экономикалык тилкеси (ЖЖЭТ) ортосунда кызматташууну өнүктүрүү багытын сунуштады
21 Октябрь 2015 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

20-октябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөржай комплекси боюнча Коллегиянын Мүчөсү(Министр) Сергей Сидорский, ЕАЭБ менен Кытай долбоору “Жибек жолуэкономикалык тилкесин” кошуу алкагында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдүн жана Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Өнөр жай министрлери менен болгон жолугушууга катышты. Иш-чара БРИКС өлкөлөрүнүн Өнөр жай министрлеринин саммитинин алкагында болуп өттү. Мындай жолугушуу ушундай форматта биринчи жолу болуп өттү жана Биримдикке кирген өлкөлөрдүн башчылары тарабынан 2015-жылдын 8-майында кабыл алган КЭР менен ЕАЭБ ортосунда кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө тиешелүү чечимдерди ишке ашырууда чоң мааниге ээ.​