Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭКте Евразия экономикалык биримдигинде сейил кемелеринин ижарасы жана лизинги боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүү перспективалары талкууланды
17 Ноябрь 2016 | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык комиссиясынын Суу транспорту боюнча комитетчесинин мүчөлөрү Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) операторсуз сейил кемелеринин (бербоут-чартер) ижарасы жана лизинги боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүү маселелерин талкуулашты.​

ЕЭК ЕАЭБтин транспорт саясатын жүзөгө ашыруу форматы жөнүндө бир катар пикир келишпестиктерди четке чыгарды жана макулдашууларды түздү
17 Ноябрь 2016 | Энергетика жана инфраструктура

Биримдик мамлекеттеринин Координацияланган (макулдашылган) транспорт саясатын жүзөгө ашыруунун негизги багыттарынын жана этаптарынын долбоору боюнча принципиалдуу пикир келишпестиктер Евразия экономикалык комиссиясында (ЕЭК) транспорт жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Адамкул Жунусовдун жетекчилиги алдында өткөрүлгөн кеңешмеде каралды.​

Татьяна Валовая: “ЕАЭБ швейцариялык бизнеске жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат”
17 Ноябрь 2016 | Интеграция жана макроэкономика

16-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовая Швейцариянын экономика боюнча мамлекеттик катчысы Мари-Габриэль Инайхен-Фляйш менен жолугушту.​

Америкалык бизнес ЕАЭБке кызыгуусун билдирүүдө
17 Ноябрь 2016 | Интеграция жана макроэкономика

Сан-Францискодо (АКШ) Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовая америкалык өнөктөштөрдүн көңүлүн Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү рыногу (ЕАЭБ) бизнес үчүн ачкан кошумча мүмкүнчүлүктөргө бурду.​

ЕЭК ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин жарандарынын кирүү, чыгуу, транзит боюнча жүрүүсүнүн тартиби жөнүндө макулдашуунун долбоорунун үстүндө иштөөдө
17 Ноябрь 2016 | Экономика жана каржы саясаты

ЕЭК Евразия экономикалык биримдигинин мүчө мамлекеттеринин жарандарынын кирүү, чыгуу, транзит боюнча жүрүүсүнүн тартиби жөнүндө макулдашуунун долбоорунун үстүндө иштөөдө. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча Коллегия мүчөсүнүн (министринин) катчылыгынын жетекчиси Аскар Кишкембаев билдирди.​

ЕЭК экспортерлор үчүн товарларга декларацияларды толтуруу тартибин жөнөкөйлөттү
17 Ноябрь 2016 | Бажы кызматташтыгы

Экспортко багытталган товарларга декларацияларды толтуруу тартиби бир кыйла жөнөкөй болот. Мындай чечимди Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 15-ноябрдагы кезектеги отурумда чыгарды. ​

Өкмөт башчылары ЕАЭБ Бажы кодексинин долбоорун кол коюуга даярдоо үчүн биримдик өлкөлөрүнө жөнөтүү тапшырмасын беришти
16 Ноябрь 2016 | Бажы кызматташтыгы

16-ноябрда Горкиде (Москва областы, Россия) Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары ЕАЭБтин бирдиктүү Бажы кодексинин долбоору жактырышты жана аны кол коюуга даярдоо үчүн Биримдик өлкөлөрүнө жөнөтүү тапшырмасын беришти.​

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары бирдиктүү Бажы кодексин жактырышты
16 Ноябрь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

16-ноябрда Горкиде (Москва областы, Россия) Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда ЕАЭБтин бирдиктүү Бажы кодексинин долбоору жактырылды. Отурумга Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары катышышкан: Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын.​

ЕАЭБте дары каражаттарынын жалпы рыногун ишке киргизүү боюнча документтердин топтомуна кол коюлду
16 Ноябрь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы


16-ноябрда Горкиде (Москва областы, Россия) Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин мүчөлөрү Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) аймагында дары каражаттарынын жалпы рыногун ишке киргизүү жана толук кандуу иштөөсү үчүн зарыл болгон бирдиктүү документтердин топтомуна кол коюшту.​

ЕЭК Салык администрацияларынын Европа аралык уюму менен кызматташуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө
16 Ноябрь 2016 | Экономика жана каржы саясаты

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) жана Салык администрацияларынын Европа аралык уюму (IOTA) салык-саясаты жана тескөө башкаруусу чөйрөсүндө биргелешкен аналитикалык иштер, маалымат алмашуу, консультацияларды, семинарларды, конференцияларды жана форумдарды өткөрүү, биргелешкен илимий жана башка долбоорлорду уюштуруу маселелери боюнча кызматташтыкты пландаштырууда. ​