Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭКте Россия-Армения кызматташтыгы контекстинде аудитордук кызматтар рыногун өркүндөтүүнү талкуулашты
27 Ноябрь 2015

26-ноябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиянын Коллегия мүчөсү (Министр) Роберт Арутюнян “ЕАЭБ алкагында аудитордук кызматтардын бирдиктүү рыногун түптөө маселелери боюнча Россия-Армения кызматташтыгы” тегерек столунун алкагында Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө тейлөөлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүү этаптары жана анын перспективалары тууралуу айтып берди.​

В ЕЭК обсудили перспективы формирования рынка семян сельскохозяйственных растений в ЕАЭС
26 Ноябрь 2015 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

25-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында “Евразия экономикалык биримдигинде айыл чарба өсүмдүктөрдүн үрөндөрүнүн рыногун түптөө перспективалары, дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен” аттуу эл аралык семинар болуп өттү. Иш-чара Комиссия тарабынан, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) менен биргеликте уюшулган. ​

Жумушчу топтун биринчи отурумунун алкагында транспорттук саясат жөнүндө документтин долбоору каралды
26 Ноябрь 2015 | Энергетика жана инфраструктура

24-25-ноябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясында Координацияланган (макулдашылган) транспорттук саясатты ишке ашырууну негизги багыттары жана этаптарынын долбоорун даярдоо (КТСНБ) боюнча жумушчу топтун биринчи отуруму болуп өттү. ​

ЕЭКтин Салык саясаты боюнча консультативдик комитетинин өкүлдөрү Вена экономика жана бизнес университетинин Австриялык жана эл аралык укуктар институту менен кызматташуу жөнүндө меморандумду талкуулашты
26 Ноябрь 2015 | Экономика жана каржы саясаты

Вена экономика жана бизнес университетинин Коомдук каржылар академиясында өткөн жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык комиссиясына караштуу Салык саясаты жана администрациялоо боюнча консультативдик комитеттин жооптуу катчысы Нурматбек Мамбеталиев жана Вена экономика жана бизнес университетинин Глобалдык салык саясаты борборунун (Коомдук каржылар академиясы жана Австриялык жана эл аралык укуктар институту) директору, профессор Джеффри Оуэнс Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоорунун негизги жоболорун талкуулашты.​

ЕЭК Министри Данил Ибраев Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунда "ЕАЭБ: эл аралык кызматташтык, экономикалык өнүгүүнүн шарттары, милдеттери жана мүмкүнчүлүктөрү" лекциясы менен чыгып сүйлөдү
26 Ноябрь 2015

25-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегия Мүчөсү (Министр) Данил Ибраев Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун (ММЭМИ) студенттеринин жана окутуучуларынын алдында ачык лекция менен чыгып сүйлөп, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) максаттары жана башкаруу органдары, интеграциянын жетишкендиктери, ЕАЭБ алкагындагы кызматташтыктын негизги багыттары туурасында маалымат берди. ​

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБнын Мунай жана мунайзаттардын жалпы рынокторун түптөө концепциясынын долбоорун жактырды
25 Ноябрь 2015 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу | Энергетика жана инфраструктура | Интеграция жана макроэкономика

24-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын кезектеги отурумунда энергетика жана инфраструктура, интеграция жана макроэкономика, экономика жана каржы саясаты, техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү маселелер каралды.​

ЕЭКтин Каржы саясаты департаментинин өкүлдөрү Дүйнөлүк банктын эксперттери менен бирге ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн салык саясаты жаатындагы кызматташтык маселелерин талкуулашты.
24 Ноябрь 2015 | Экономика жана каржы саясаты

24-ноябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясында ЕЭКтин каржы департаментинин өкүлдөрү Дүйнөлүк банктын эксперттери менен бирге Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында салык саясаты жаатындагы орчундуу маселелерди талкуулашты.​

Армения Дарылардын жана медициналык буюмдардын айланымынын бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга, ал эми Кыргызстан - Каботаждык автомобилдик жүк ташууларды либералдаштыруу программасына кошулат
24 Ноябрь 2015 | Техникалык жөнгө салуу | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Энергетика жана инфраструктура

23-ноябрда видеокөпүрө форматында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Иш-чарага ЕЭК Кеңешинин Мүчөлөрү катышышты: Армения Республикасынын Вице-премьер-министри, Эл аралык экономикалык интеграциялар жана реформалар министри Ваче Габриелян, Беларусь Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Василий Матюшевский, Казахстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Бакытжан Сагинтаев, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Олег Панкратов, Россия Федерациясынын Өкмөт Башчысынын орун басары Аркадий Дворкович, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегия Мүчөлөрү (Министрлер).​

ЕЭК Коллегиясына караштуу, ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин эмгекчилеринин социалдык камсыздоо, пенсиялык укуктарын сактоо, медициналык жардам көрсөтүү жана кесиптик ишмердүүлүк маселелери боюнча жаңы консультативдик комитеттин биринчи отуруму болуп өттү
23 Ноябрь 2015 | Экономика жана каржы саясаты

19-ноябрда Ереванда (Армения) Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегия Мүчөсү (Министр) Тимур Сулейменовдун төрагалыгы алдында ЕЭК Коллегиясына караштуу, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин эмгекчилеринин социалдык камсыздоо, пенсиялык укуктарын сактоо, медициналык жардам көрсөтүү жана кесиптик ишмердүүлүк маселелери боюнча жаңы консультативдик комитеттин биринчи отуруму болуп өттү.​

Жумушчу отурумдун катышуучулары ЕАЭБтин мүчө мамлекеттеринин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишимдин долбоорун жалпысынан макулдашышты
20 Ноябрь 2015 | Экономика жана каржы саясаты

18-ноябрда Ереванда (Армения) Евразия экономикалык комиссиясынын Ишкердик ишмердүүлүктү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Самат Алиевдин төрагалыгы алдында өткөн Евразия экономикалык биримдигинин мүчө мамлекеттеринин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишимдин долбоору боюнча кеңешмеде катышуучулар Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2015-жылдын 14-октябрындагы тапшырмаларын эске алуу менен жеткириле иштелип чыгарылган документтин долбоорун жалпысынан макулдашышты. ​