Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК Министри Валерий Корешков БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын стандартташтыруу жана ченемдик жөнгө салуу боюнча кызматташтык жаатындагы саясат боюнча жумушчу топтун Төрагасынын орун басары болуп шайланды
03 Декабрь 2015 | Техникалык жөнгө салуу

2-3-декабрда Женевада (Швейцария) Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын стандартташтыруу жана ченемдик тескөө боюнча кызматташтык жаатындагы саясат боюнча жумушчу топтун (БУУ ЕЭК 6-ЖТ) сессиясында Евразия экономикалык комиссиясынын Техникалык жөнгө салуу маселелери боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Валерий Корешков кезектеги мөөнөткө БУУ ЕЭК 6-ЖТ Төрагасынын орун басары болуп шайланды.​

Аба транспорту менен ташылып кирүүчү товарлар тууралуу алдын ала маалымат берүү 2017-жылы милдеттүү болуп калат
02 Декабрь 2015 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын чечими менен 2017-жылдын 1-апрелинен баштап, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) аймагына аба транспорту менен ташылып кирүүчү товарлар тууралуу милдеттүү түрдө алдын ала маалымат берүү эрежеси киргизилет. Бул чечим Биримдиктин бажы органдарына, киргизилип жаткан товарларга карата алдын ала сереп жүргүзүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Бул нерсе товар Биримдиктин аймагына келе элек кезде ага бажылык текшерүү жүргүзүүгө алдын ала чечим кабыл алууга зарыл болот.​

ЕАЭБ жана Түштүк Корея Кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту
30 Ноябрь 2015 | Соода

27-ноябрда Сеулда Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча Министри Андрей Слепнев жана Корея Республикасынын соода, өнөр жай жана энергетика боюнча Министри Юн Сан Чжик Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) жана Корея Республикасынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту.​

Ханойдо “Евразия экономикалык биримдиги– Вьетнам” биринчи бизнес-форуму болуп өттү.
28 Ноябрь 2015 | Соода

25-ноябрда Ханойдо (Вьетнам) өз ара соода жүргүзүүнү өнүктүрүүгө арналган “Евразия экономикалык биримдиги – Вьетнам” биринчи бизнес-форум болуп өттү. ​

ЕЭК Министри Владимир Гошин: "Бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндө ченемдик-укуктук базаны түзүүдө бизнестин кызыкчылыктарын сактоо приоритет болуп саналат"
27 Ноябрь 2015 | Бажы кызматташтыгы

26-ноябрда Минскте Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Ишкер кеңешинин биринчи отурумунда Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Владимир Гошин ЕАЭБтин Бажы Кодексинин долбоорунун үстүндө жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө билдирди.​

ЕЭК Министри Сергей Сидорский Комиссиянын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнес-коомчулуктары менен өнөр жайды өнүктүрүү маселелери боюнча өз ара иштешүүсүн тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи
27 Ноябрь 2015 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

26-ноябрда Минскте Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Сергей Сидорский Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Ишкер кеңешинин биринчи отурумунда чыгып сүйлөгөн сөзүндө, Биримдиктин алкагында Өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттары кабыл алынгандан кийин бизнес үчүн ачыла турган жаңы мүмкүнчүлүктөр жөнүндө айтып берди.​

ЕЭКтин Консультативдик кеңеши Темир жол транспортуна коопсуздук сертификатын берүүнүн талаптарына жана тартибине жалпы ык-амалдардын долбоорун жактырды
27 Ноябрь 2015 | Энергетика жана инфраструктура

26-ноябрда ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Таир Мансуровдун жетекчилиги алдында өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын Транспорт жана инфраструктура боюнча консультативдик комитетинин отурумунда, транспорт саясатынын, темир жол транспортундагы коопсуздуктун, жарандык пассажирдик учактардын айрым түрлөрүнө карата жеңилдетилген ченемдердин мөөнөтүн узартуу маселеси каралды. ​

ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрү менен биргеликте Ташып кирүү бажы алымдарынын суммаларын эсептөөнүн жана бөлүштүрүүнүн, аларды Биримдиктин өлкөлөрүнүн бюджеттеринин кирешесине которуунун тартибин сактоо маселелери боюнча биргелешкен көзөмөлдөө иш чараларын өткөрүү жөнү
27 Ноябрь 2015 | Экономика жана каржы саясаты

26-ноябрда Москвада Беларус Республикасынын Мамлекеттик көзөмөл комитетинин, Казакстан Республикасынын Республикалык бюджеттин аткарылышына көзөмөл боюнча эсеп комитетинин жана Россия Федерациясынын Эсеп палатасынын Коллегиясынын биргелешкен отурумунун жүрүшүндө 2014-жылы Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан Бажы биримдигинде ташып кирүү бажы алымдарынын суммаларын (эквиваленттүү таасирге ээ башка алымдарды, салыктарды жана жыйымдарды да) эсептөөнүн жана бөлүштүрүүнүн тартибин аныктоо жана колдонуу жөнүндө макулдашуунун сакталышын текшерүүнүн жыйынтыктары талкууланды.​

ЕЭК Министри Валерий Корешков: “Комиссия ЕАЭБ рынокторунда өнүмдөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жумушуна өзгөчө көңүл бурууда”
27 Ноябрь 2015 | Техникалык жөнгө салуу

26-ноябрда Минскте Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Ишкер кеңешинин биринчи отурумунда Евразия экономикалык комиссиясынын Техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Валерий Корешков ЕАЭБ рынокторунда өнүмдөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө жана үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соодада бөгөттөрдү жоюу тууралуу айтып берди.​

ЕАЭБдин бизнес коомчулугу ЕЭКке Биримдиктин бирдиктүү санариптик мейкиндигин түптөө менен алектенүүнү сунуш кылды
27 Ноябрь 2015 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

26-ноябрда Минскте Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Ишкер кеңешинин президиумунун биринчи отурумунда бизнестин өкүлдөрү Евразия экономикалык комиссиясына Биримдиктин бирдиктүү санариптик мейкиндигин түзүү боюнча ыйгарым укуктарды берүүнү сунуш кылышты. Коллегия Мүчөсү (Министр) Карине Минасян бирдиктүү санариптик мейкиндикти түптөө евразиялык интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө жана бөгөттөр менен чектөөлөрдү жоюунун ачкычы болмок деп белгиледи.​