Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун жыйынтыктары 05.02.2021
05 Февраль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Өкмөттөр аралык кеңештин 5-февралда Алматада (Казакстан) бетме-бет форматта болуп өткөн отурумунда он маселени карап чыгышты.​

ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалык өсүшүн камсыз кылуу үчүн адам капиталын өнүктүрүүнү сунуш кылды
05 Февраль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши 5-февралда болуп өткөн отурумда Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттериндеги макроэкономикалык жагдай жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча сунуштар жөнүндө баяндаманы карап чыкты. Евразия экономикалык комиссиясы экономикаларды калыбына келтирүү үчүн өлкөлөргө инновацияларды демилгелөөнү, каржы тутумдарын өнүктүрүүнү жана адам капиталына каражаттарды салымдоону сунуш кылды.​

ЕАЭБ өлкөлөрү асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча иш-аракеттерди бириктирмекчи
05 Февраль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши 5-февралда Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринде өткөрүлүп жаткан асыл тукум мал чарбачылыгы жаатындагы селекциялык-асыл тукумдук ишти координациялоо жана талдамалык камсыздоо тартибин бекитти.

ЕАЭБ деңиз портторунда электрондук документ жүгүртүүнү баштамакчы
05 Февраль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши ЕАЭБ мамлекеттеринин деңиздеги өткөрүү пункттарында электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүүнүн концепциясын бекитти.

ЕЭК чай суусундуктарынын рыногунда ак ниет атаандаштыкты калыбына келтирди
04 Февраль | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын Монополияга каршы жөнгө салуу департаменти Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн монополияга каршы ведомстволорунун өкүлдөрүнүн катышуусунда чай суусундуктарынын чек ара аралык рыногундагы атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууларды жоюу боюнча сунушту макулдашты жана берди. Өткөн жылдын сентябрь айында Комиссияга Greenfield чайынын өндүрүүчүсү – «Орими» КТ Казакстан Республикасынын аймагында катталган бир катар компаниялар тарабынан нысапсыз атаандаштыктын болушу жөнүндө арызы менен кайрылган. Товардык белгинин укук ээси арызда көрсөтүлгөн компаниялар тарабынан сатылган чай суусундуктарынын этикеткаларынын дизайны Greenfield товардык белгилери менен «чаташтыруу деңгээлине чейин окшош» деп билдирген.​

ЕАЭБ өлкөлөрү транспорттук жүргүнчүлүк каттамдарды калыбына келтиришүүдө
04 Февраль | Техникалык жөнгө салуу

2021-жылдын 8-февралынан тарта Россиянын жана Беларустун ортосундагы жүргүнчүлүк темир жол каттамдары калыбына келтирилет, ошондой эле Россиядан Арменияга, Беларуска жана Кыргызстанга үзгүлтүксүз авиакаттамдардын саны көбөйтүлмөкчү.

ЕЭК делегациясы Алматага келди
04 Февраль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиянын Төрагасы Михаил Мясникович башында турган делегациясы Алматага (Казакстан Республикасы) келди.​

Сергей Глазьев: «Өзбекстан байкоочунун статусунда ЕАЭБ менен диалогго активдүү кошулду»
04 Февраль | Соода

Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев жана Өзбекстан Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ботиржон Асадов Евразия экономикалык бирлигинин жана ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекет катары Өзбекстан Республикасынын ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты. Жолугушуу 3-февралда ЕЭКтин штаб-квартирасында болуп өттү.​

Куба Республикасы ЕЭКтеги туруктуу өкүлүн дайындады
04 Февраль

Кубанын Өкмөтү Куба Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хулио Антонио Гармендия Пеньяны Евразия экономикалык бирлигинин алдындагы байкоочу мамлекет катары өзүнүн өлкөсүнүн Евразия экономикалык комиссиясындагы туруктуу өкүлү кылып дайындады.​

Михаил Мясникович Улукбек Мариповду Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп дайындалгандыгы менен куттуктады
03 Февраль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Улукбек Мариповду жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамын жоопкерчиликтүү жогорку мамлекеттик кызматтарга дайындалгандыгы менен куттуктады.​