Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн казыналыктары 2019-жылы Бирлик мамлекеттеринин бюджеттеринин ортосунда ташып келүү бажы алымдарын бөлүштүрүү тартибин негизинен аткарган
20 Февраль | Экономика жана каржы саясаты

19-февралда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн мамлекеттик каржылык көзөмөлдүн жогорку органдары 2019-жылы ташып келүү бажы алымдарынын суммаларын чегерүүнү жана бөлүштүрүүнү текшерүүнүн жыйынтыктарын талкуулоо боюнча биргелешкен отурум өткөрүштү. Иш-чара Беларусь Республикасынын Мамлекеттик контролдоо комитетинин төрагасы Василий Герасимовдун жетекчилиги астында видео-конференция форматында өткөрүлдү.

2021-2023-жылдарга транспорт саясатын жүзөгө ашыруу боюнча "жол картасы" макулдашылды
19 Февраль | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык бирлигинин транспорт ведомстволорунун жетекчилеринин орун басарлары 2021-2023-жылдарга транспорт саясатын жүзөгө ашыруу боюнча "жол картасы" макулдашты. Бул туурасында алар Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында ЕЭК Коллегиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча мүчөсү (министр) Эмиль Кайкиевдин төрагалыгы астында өткөн жыйында билдиришти.

ЕЭК Бирлик өлкөлөрүнүн курулуш-жол жана айыл чарба машиналарын куруу тармагында кооперациясын колдойт
19 Февраль | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

18-19-февраль күндөрү Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Артак Камалян жумушчу сапарынын учурунда Санкт-Петербург шаарындагы жана Ленинград облусундагы "Коминвест-АКМТ" АКнын жана "Петербург трактор заводу" АКнын өндүрүш аянтчаларында болду.

ЕЭКтин бажылык-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары болуп Уасиля Байкадамова дайындалды
19 Февраль | Соода

Уасиля Тулеуовна Байкадамова 1972-жылы 21-декабрда Караганда (Казакстан) шаарында туулган. 1993-жылы Казакстан керектөөчүлүк кооперациясы институтун, 1999-жылы Заманбап гуманитардык институтун, 2018-жылы Каржы академиясын аяктаган.

ЕЭК стандартташтыруу тутумунун негизинде монополияга каршы комплаенс боюнча жаңы ыкмаларды иштеп чыгат
19 Февраль | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Арман Шаккалиев Россиянын ФМА (Федералдык монополияга каршы агенттиги) Монополияга каршы эксперттер ассоциациясы менен биргеликте уюштурган жыл сайын өткөрүлүүчү Монополияга каршы форумдун пленардык жыйынында билдирди.

ЕАЭБ өлкөлөрү авиация тармагында кызматташууну тереңдетишет
18 Февраль

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү авиациялык өнөр жай тармагында кызматташууну өнүктүрүшөт. Мындай чечим Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай боюнча консультативдик комитетинин отурумунда кабыл алынды. Бул маселени иштеп чыгуу зарылдыгы туурасында 2020-жылдын декабрь айында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында айткан.

ЕЭКте академиялык мобилдүүлүк жаатында аянтча түзүү сунушталды
18 Февраль

Мындай демилгени Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Артак Камалян жана Россиянын ректорлор союзунун вице-президенти, Воронеж мамлекеттик университетинин ректору Дмитрий Ендовицкий 17-февралда ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын алдындагы Илимий-техникалык кеңештин Президиумунун экинчи отурумунда көтөрүп чыгышты.

ЕАЭБде илимий-техникалык кызматташуу боюнча эл аралык келишимди иштеп чыгуун сунушталды
17 Февраль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Бул демилгени Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасына караштуу Илимий-техникалык кеңештин президиумунун 17-февралда ЕЭКтин штаб-квартирасында өткөн экинчи отурумунун катышуучулары билдиришти.

ЕЭК жана КМШнын Аткаруу комитети 2021-жылы биргелешип иштөө пландарын талкуулашты
17 Февраль

Евразия экономикалык комиссиясы менен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетинин өз ара аракеттенүү маселелерин ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев жана КМШ Аткаруу Комитетинин Төрагасынын орун басары Денис Трефилов талкуулашты. Жолугушуу 16-февралда ЕЭКтин штаб-квартирасында болуп өттү.

ЕАЭБде табигый монополиялар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча иштер уланууда
17 Февраль | Энергетика жана инфраструктура

Табигый монополиялар боюнча консультативдик комитеттин отурумунда Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык бирлигинин ыйгарым укуктуу органдары менен биргеликте табигый монополиялар чөйрөсүндө "жол картасынын" экинчи этабын ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды аныктады. Бул иштин натыйжасында табигый монополияларды жөнгө салуу чөйрөсүндө мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүүгө багытталган макулдашылган ыкмаларды иштеп чыгарылат.