Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн айыл чарба министрлери коронавирустук инфекция пандемиясынын учурундагы азык-түлүк коопсуздугун талкуулашты
19 Май | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин айыл чарба министрлери жана Евразия экономикалык комиссиясынын профилдик министрлери – ЕАЭБдин агроөнөр жай саясаты боюнча Кеңешинин мүчөлөрү 18-майда видеоконференция режиминде өткөрүлгөн шашылыш жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жалпы принциптерди жана мамилелерди талкуулашты. Бирликтин өлкөлөрүндө COVID-19 пандемиясынын күчөшүнүн шарттарында азык-түлүк товарларына баалардын өсүшүн кармап туруу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар каралды.​

ЕАЭБге автоунааларды убактылуу алып келүү мөөнөттөрү узартылды
18 Май | Бажы кызматташтыгы

http://docs.eaeunion.org/docs/ru-ru/01425552/err_18052020_47">Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши жеке жактар үчүн автоунаалардын жана башка транспорт каражаттарынын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында убактылуу болуу мөөнөттөрүн ушул жылдын 30-сентябрына чейин узартты. ​

ЕАЭБде тамак-аш азыктарын жана азык-түлүк эмес товарларды ташуу эрежелери жеңилдетилди
18 Май | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык бирлигинде тамак-аш азыктарын жана азык-түлүк эмес товарларды ташуудагы талаптар жеңилдетилди. Россия Федерациясы Евразия "бешилтигинин" ички рыногунда мындай продукцияны өз-өзүнчө ташуу жөнүндө талаптарды жойду. Бул тууралуу ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Гегам Варданян билдирди.

Михаил Мясникович: "Атаандаштык психологиясынан кызматташтык психологиясына өтүү принципиалдуу мааниге ээ"
15 Май

Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери үчүн максималдуу экономикалык натыйжага жалпы иш-аракеттер аркылуу гана жетишүү мүмкүн. Бул тууралуу ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович 15-майда "Россия бизнес жумалыгы 2020" форумунун алкагында өткөрүлгөн "Евразиялык экономикалык интеграцияга өбөлгө түзүү: ишкердик кызматташтык фактору" деп аталган эл аралык форумда билдирди.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башкы санитардык дарыгерлери коронавируска каршы күрөшүүнүн бирдиктүү комплекстүү планын талкуулашты
14 Май | Техникалык жөнгө салуу

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн калктын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын Жетекчилер кеңешинин 12-майдагы отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө COVID-19дун жана башка массалык инфекциялык оорулардын таралышынын алдын алуу боюнча комплекстүү пландын долбоорун талкуулоого өзгөчө көңүл бөлүндү. Бул пандемия шарттарындагы сегизинчи отурум.

ЕЭК Кытайдан алып келинген мунай жана газ түтүктөрү боюнча демпингге каршы кайта иликтөөнү баштады
14 Май | Соода

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Ички рынокту коргоо департаменти мунай жана газ чөнөктөрүн бургулоо жана эксплуатациялоо үчүн колдонулган, КЭРден алып келинген тигишсиз болот түтүктөргө карата чаранын аракеттенүү мөөнөтүнүн аягына чыгышына байланыштуу демпингге каршы кайта иликтөөнү баштоо жөнүндө чечим кабыл алды.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отуруму
14 Май | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

19-майда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин видеоконференция режиминдеги отуруму болмокчу.

ЕЭК жана ЕАЭБдин каржы институттары евразиялык бизнес-демилгелердин конкурсун баштоодо
14 Май | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай блогунун колдоосунда мындай макулдашууга Евразия өнүктүрүү банкы, "Россия экспорт борбору" АК жана курамына "Сбербанк" КАК жана "Россельхозбанк" АК кирген "Региондор – туруктуу өнүгүү" конкурсунун уюштуруучу комитети кол коюшту. "Интеграция" евразиялык конкурсунун алкагында инвестициялык долбоорлордун (бизнес-демилгелердин) эл аралык тандоосун өткөрүү каралган.

ЕАЭБде бир катар товарларды бажылык декларациялоо жоюлду
13 Май | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Россия товарлардын айрым топторуна карата милдеттүү бажылык декларациялоону жойду, алардын катарында – көмүр, чым көң, спирттер, витаминдер жана башкалар, Россиядан Беларуска алынып чыгуучу чийки мунай жана мунай өнүмдөрүнөн сырткары.