Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК жана Израиль кызматташтыкты активдештирүү жөнүндө келишишти
10 Март 2020 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Артак Камалян жана Израиль Мамлекетинин Элчилигинин Израилдин Россиядагы иштер боюнча Убактылуу ишенимдүү өкүлү Яков Ливне башында турган делегациясы ЕЭКтин штаб-квартирасында Евразия экономикалык бирлигинин жана Израиль Мамлекетинин өнөр жайдагы жана агроөнөр жай комплексиндеги тармактык кызматташтыгын өнүктүрүүнү талкуулашты. Яков Ливне израилдик тарап жакынкы келечекте ЕАЭБ өлкөлөрүнөн уй этинин жана жумурткалардын импортун өстүрүүгө даяр экендигин билдирди.

ЕЭК Европа комиссиясы менен кызматташтыктын жаңы баскычын баштоодо
05 Март 2020 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Бул тууралуу ЕЭК Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Артак Камалян Москвада РФ СӨП тарабынан уюштурулган "ЕАЭБ – ЕБ – 2020-жылга көз чаптыруу" деп аталган конференцияда билдирди.

Волгоград областы евразия өнөр жай кооперациясына кирди
27 Февраль 2020 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

ЕЭКтин өнөр жай блогунун делегациясы 27-февралда Волгоград областынын губернатору Андрей Бочаров менен жолугушуп, Волга түтүк заводуна барышты.

ЕЭК Казакстандын рыногунда айыл чарба техникасынын өндүрүүчүлөрүн басмырлоо маселесин чечти
25 Февраль 2020 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Казакстан Республикасынын Өкмөтүнө 2020-жылдын 7-майына чейин ЕАЭБ өлкөлөрүнүн айыл чарба техникасын өндүрүүчүлөрүн басмырлоочу ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү тапшырды.

ЕЭК АӨКтүн өнүгүүсүн узак мөөнөттүү мезгилге болжолдоого өтүүдө
20 Февраль 2020 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

ЕЭКтин агроөнөр жай комплекси боюнча Консультативдик комитети Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин агроөнөр жай комплекстеринин өнүгүүсүн болжолдоо методологиясынын долбоорун жактырды. Бул тууралуу ЕЭК Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Артак Камалян талкуунун жыйынтыктары боюнча билдирди.

ЕЭК Бирликте балык чарба тармагын өнүктүрүүнү пландаштырууда
20 Февраль 2020 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБ өлкөлөрүнө балык өстүрүүчү уюмдардын потенциалын жогорулатууда, жемдерди, дары-дармек каражаттарын, балык себүүчү материалды өндүрүүнүн көлөмдөрүн кеңейтүүдө, балык чарба продукциясын өндүрүүдө жана кайра иштетүүдө инновациялык технологияларды колдонууда көмөк көрсөтмөкчү. Ушул жана бир катар башка маселелер 19-февралда Комиссиянын штаб-квартирасында ЕЭК Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Артак Камаляндын төрагалыгы астында болуп өткөн, агроөнөр жай комплекси боюнча Консультативдик комитеттин отурумунда талкууланды.

Калдыктарды кайра иштетүү маселесин ЕАЭБ мамлекеттеринин заводдорунун ортосундагы өнөр жай кооперациясы аркылуу чечүү зарыл
20 Февраль 2020 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясы өнөр жай кооперациясынын алкагында өз ара аракеттенүүнү түзүү процессинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн катуу коммуналдык калдыктарды (ККК) кайра иштетүү боюнча алдыңкы компанияларын колдоого даяр. Бул тууралуу Комиссиянын Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Дина Акпанбаева электрондук жана электротехникалык жабуудалардын корпустарынын пластиктерин кайра иштетүү боюнча россиялык жогорку технологиялык ишкана болуп саналган, "Технополис "Москва" Өзгөчө экономикалык аймагында жайгашкан "Экопласт" заводуна сапарынын жүрүшүндө билдирди.

ЕЭК Евразия жаштары менен ишти активдештирүүдө
19 Февраль 2020 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында ЕЭК Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Артак Камалян ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын студенттери жана аспиранттары – А.А. Громыко атындагы жаш эл аралык мамилелер кызматкерлери конкурсунун жеңүүчүлөрү менен жолугушту.

ЕЭКте жетишилген келишкендиктер ЕАЭБ рыногуна улуттук ишканалар тарабынан өндүрүлгөн айыл чарба техникасын жеткирүүлөрдүн өсүшүн камсыз кылмакчы
13 Февраль 2020 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинде Казакстан Республикасында айыл чарба техникасына карата утилдештирүү алымын киргизүү боюнча консультациялардын алкагында тийиштүү ченемдик-укуктук актыны түзөтүү жөнүндө келишкендикке жетишүүгө мүмкүн болду.

ЕАЭБде евразиялык компаниялардын перспективалары чоң
04 Февраль 2020 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясында ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаменти Евразия экономикалык бирлигинин Ишкердик кеңеши жана Евразия интеграциялык изилдөөлөр жана коммуникациялар борбору менен биргеликте уюштурган долбоордук-талдамалык сессиянын жүрүшүндө евразиялык компанияларды түзүү боюнча жалпы мамилелер жана компаниялардын азык-түлүк рыногундагы ишинин өзгөчөлүктөрү талкууланды.​