Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭКтин өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары болуп Николай Рогожник дайындалды
23 Ноябрь 2020 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Николай Николаевич Рогожник 1983-жылы Гомелде (Беларусь Республикасы) төрөлгөн. 2006-жылы Белорус мамлекеттик экономикалык университетин, 2011-жылы – Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын бүтүргөн.

Санкт-Петербургда ЕАЭБдин алкагында кеме куруу тармагында кооперацияны өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды
13 Ноябрь 2020 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

12-13-ноябрда Санкт-Петербург шаарында өткөн "Россиялык кеме куруу" эл аралык конференциясынын алкагында, Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаменти тарабынан уюштурулган тегерек столдо Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн кеме куруу тармагында кооперацияны өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

"Продэкспо-2020" иш-чараларынын алкагында ЕАЭБдин агрардык азык-түлүк рыногун өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды
10 Ноябрь 2020 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

“Евразия экономикалык комиссиясынын жана Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин коронавирус пандемиясынын учурундагы биргелешкен иш-аракеттери, бир жагынан керектөөчүлөрдү бардык керектүү продукциялар менен камсыздоого, экинчи жагынан, агроөнөр жай комплексинин туруктуу өнүгүүсүнө шарт түздү"- деп билдирди Комиссиянын Агроөнөр жай саясаты департаментинин директору Армен Арутюнян 10-ноябрда “Беларуссиянын тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүүнүн стратегиялык перспективалары” ишкердик форумунун пленардык жыйынында.

ЕЭК 2019-жылга ЕАЭБ алкагында Өнөр жай кызматташтыгынын Негизги багыттарын ишке ашыруунун мониторингинин жана талдоонун жыйынтыктары жөнүндө отчетту жактырды
06 Ноябрь 2020 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы өткөн жылга Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Өнөр жай кызматташтыгынын Негизги багыттарын жүзөгө ашыруунун жылдык мониторингинин жана талдоонун жыйынтыктары жөнүндө баяндаманы жактырды.

ЕЭК мунайды кайра иштетүү жана мунай өндүрүү жаатында кооперацияга даяр ишканалардын бирдиктүү маалымат базасын түзөт
03 Ноябрь 2020 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн ишканалары соода мамилелерин жигердүү тереңдетүүгө жана өнүктүрүүгө, кооперациялык чынжырчаларды түзүүгө, импортту алмаштыруу программаларына катышууга жана өндүрүш технологияларын өркүндөтүү ыкмаларын биргелешип иштеп чыгууга даяр. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясында өткөн, Бирликте мунайды кайра иштетүү жана мунай өнөр жайы үчүн жабдууларды өндүрүү боюнча кооперацияны өнүктүрүү боюнча биринчи кеңешменин катышуучулары талкуулашты.

ЕАЭБте айыл чарба продукциясын жүгүртүү жагында талаптарды унификациялоо жана илимий-инновациялык кызматташтыкты өнүктүрүү пландаштырууда
22 Октябрь 2020 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Агроөнөр жай комплекси боюнча консультативдик комитеттин катышуучулары мал чарбачылыгынын жана үрөнчүлүктүн жүгүртүлүшү чөйрөсүндө унификациялоо маселелерин, Евразия экономикалык бирлигинде биргелешкен илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди (ИИТКИ) жүргүзүүнүн артыкчылыктарын, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жаңы багыттарын талкуулашты. Отурум 21-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси министри Артак Камаляндын төрагалыгы астында өттү.

ЕЭК ЕАЭБ алкагында өнөр жай курулуш чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүүдө
22 Октябрь 2020 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы эл аралык кызматташтык - өнөр жай курулуш чөйрөсүндө ички рынок үчүн да, тышкы рынокторго чыгуу үчүн да эң келечектүү багыттардын бири болуп саналат. Бул туурасында ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Тигран Арутюнян "Өнөр жай курулушу экономикалык өсүштүн драйвери" панелдик талкуусунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

ЕАЭБте айыл чарба продукциясына кампа күбөлүктөрү менен электрондук соода үчүн шарттар түзүлөт
21 Октябрь 2020 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 20-октябрда Евразия экономикалык бирлигинин алкагында айыл чарба продукциясына кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү), жүгүртүү жана төлөө эрежелери жөнүндө макулдашууну жактырды. Документ мамлекет ичиндеги макулдашууларды жүргүзүү үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнө жөнөтүлөт.

ЕАЭБте органикалык продукциянын бирдиктүү рыногу түзүлөт
21 Октябрь 2020 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

20-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында органикалык айыл чарба продукциясынын жалпы рыногун түзүү боюнча "жол картасынын" долбоорун жактырды.