Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБ өлкөлөрү импорттолуп жаткан асыл тукум продукцияга талаптарды бир түргө келтиришмекчи
23 Декабрь 2020 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 22-декабрда "Айыл чарба жаныбарларын жана алардан алынган продукцияны (материалды) асыл тукум продукция деп таанууга карата бир түргө келтирилген мамилелер жөнүндө" деп аталган сунуштаманы бекитти.

ЕЭК жана ЕАӨБ өнөр жай жаатындагы кызматташтыктын негизги багыттарын аныкташты
21 Декабрь 2020 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын өнөр жай жана АӨК боюнча мүчөсү (министр) Артак Камалян жана Евразия өнүктүрүү банкынын Башкармасынын Төрагасы Николай Подгузов ЕЭКтин штаб-квартирасында ЕЭКтин жана ЕАӨБдүн ортосундагы өнөр жай жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты. Атап айтканда, алар импортту алмаштыруу чөйрөсүндөгү долбоорлорду, евразиялык мамлекеттер аралык программаларды каржылоону жана Евразия экономикалык бирлигинде өнөр жай ишканаларын колдоо чараларынын колдонулушун талкуулашты.

ЕЭК мүчө мамлекеттердин агрардык илим чөйрөсүндөгү кызматташтыгынын перспективдүү багыттарын бекитти
16 Декабрь 2020 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 15-декабрда Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин агроөнөр жай комплекси (АӨК) чөйрөсүндөгү биргелешкен илимий-изилдөөчүлүк жана тажрыйбалык-конструктордук иштеринин (ИИТКИ) 2021–2025-жыдарга карата тизмегин бекитти.

ЕЭК бизнес менен биргеликте өнөр жай компанияларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн өсүшү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүдө
16 Декабрь 2020 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай блогунун колдоосу астында ЕАЭБдин Соода-өнөр жай палаталарынын башчылары экспорттук кредиттер боюнча пайыздык коюмдун бир бөлүгүн компенсациялоо, үчүнчү өлкөлөрдө биргелешип өндүрүлгөн продукциянын көргөзмөлөрүндө катышуу боюнча чыгымдарды кошо каржылоо, Евразия экономикалык бирлигинин ишканаларынын катышуусу менен инвестициялык долбоорлорду жеңилдик берүү менен каржылоо сыяктуу өнөр жайды өнүктүрүүнүн механизмдерин киргизүү маселелерин талкуулашты.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынтыктары
11 Декабрь 2020 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Соода | Экономика жана каржы саясаты | Энергетика жана инфраструктура | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Бүгүн Жогорку Евразия кеңешинин Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчыларынын, ЖЕЭКтин Ардактуу Төрагасы, Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаевдин, Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додондун, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин, Куба Республикасынын Президенти Мигель Диас-Канель Бермудестин, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин катышуусунда видеоконференция режиминдеги отуруму болуп өттү.

ЕАЭБ мамлекеттери ири мүйүздүү асыл тукум малды жана чочколорду жаңы усулдар боюнча баалашмакчы
25 Ноябрь 2020 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

24-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө айыл чарба жаныбарларынын асыл тукумдук баалуулугун баалоонун усулдарын бекитти.

ЕАЭБ өлкөлөрү Бирликтин индустриалдаштыруу картасын жактырышты
25 Ноябрь 2020 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

ЕЭК Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тескемесин аткаруу иретинде картанын үч бөлүмүнүн аяккы редакциясын макулдашты, Евразия экономикалык бирлигинин расмий сайтында карта жөнүндө интерактивдүү бөлүмдүн долбоорун даярдады. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин директору Николай Кушнарёв өнөр жайдын приоритеттүү тармактарындагы кооперациядагы жана импортту алмаштыруудагы интеграциялык өз ара аракеттенүү маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги Жумушчу топтун 25-ноябрда ЕЭКте өткөрүлгөн отурумунда билдирди.

ЕЭК Кеңеши органикалык продукциянын бирдиктүү рыногун түзүү боюнча жол картасын жактырды
24 Ноябрь 2020 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин алкагында органикалык айыл чарба продукциясынын жалпы рыногун түзүү боюнча жол картасынын долбоорун жактырды.

ЕАЭБ өлкөлөрү тарабынан биргелешип өндүрүлгөн деп таанылган өнөр жай товарларын колдоо боюнча өзгөчөлүү субсидиянын уруксат берилгендигинин критерийин колдонуу шарты узартылды
23 Ноябрь 2020 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү тарабынан биргелешип өндүрүлгөн деп таанылган өнөр жай товарларын колдоого багытталган өзгөчөлүү субсидиянын уруксат берилгендигинин критерийин колдонуу шартын эки жылга узартты.