Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Артак Камалян: "Мамлекеттер аралык программалар – өнөр жай кооперациясынын эң натыйжалуу аспабы"
21 Май | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

ЕЭКтин өнөр жай боюнча Консультативдик комитетинин отурумунун катышуучулары жаңы экономикалык шарттардагы программалык-максаттуу башкаруунун заманбап мамилелерин карап чыгышты жана Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттер аралык программаларын иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн айыл чарба министрлери коронавирустук инфекция пандемиясынын учурундагы азык-түлүк коопсуздугун талкуулашты
19 Май | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин айыл чарба министрлери жана Евразия экономикалык комиссиясынын профилдик министрлери – ЕАЭБдин агроөнөр жай саясаты боюнча Кеңешинин мүчөлөрү 18-майда видеоконференция режиминде өткөрүлгөн шашылыш жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жалпы принциптерди жана мамилелерди талкуулашты. Бирликтин өлкөлөрүндө COVID-19 пандемиясынын күчөшүнүн шарттарында азык-түлүк товарларына баалардын өсүшүн кармап туруу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар каралды.​

ЕЭК жана ЕАЭБдин каржы институттары евразиялык бизнес-демилгелердин конкурсун баштоодо
14 Май | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай блогунун колдоосунда мындай макулдашууга Евразия өнүктүрүү банкы, "Россия экспорт борбору" АК жана курамына "Сбербанк" КАК жана "Россельхозбанк" АК кирген "Региондор – туруктуу өнүгүү" конкурсунун уюштуруучу комитети кол коюшту. "Интеграция" евразиялык конкурсунун алкагында инвестициялык долбоорлордун (бизнес-демилгелердин) эл аралык тандоосун өткөрүү каралган.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалянды мааракеси менен куттуктады
12 Май | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын башчысы министрдин терең илимий билимин, жогорку деңгээлдеги башкаруучулук тажрыйбасын жана өнөр жай жана айыл чарба жаатындагы чындыгында профессордук билимин белгилеп, алар ага улуттан жогорку деңгээлдеги татаал маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берет деп белгиледи.

Комиссия ЕАЭБдин агроиндустриясынын өнүгүү картасын иштеп чыкмакчы
29 Апрель | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык бирлигинин агроөнөр жай комплексинин өнүгүшү үчүн маанилүү болуп саналган ири инвестициялык жана инновациялык долбоорлор жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматтык ресурсту түзмөкчү. ЕЭК Кеңеши тийиштүү чечимди 29-апрелде кабыл алды. Ал Бирликтин өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын деңгээлиндеги Өкмөттөр аралык кеңештин жакынкы отурумдарынын биринде колдоого алынат деп күтүлүүдө.

Бирликте дагы төрт мамлекеттер аралык долбоор санариптештирилди
28 Апрель | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

ЕЭК Коллегиясынын тескемеси менен бажы чөйрөсүндөгү мамлекеттер аралык (чек ара аралык) электрондук өз ара аракеттенүүнүн дагы үч процесси, ошондой эле бажылык-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу жаатындагы бир процесс "санариптештирилди" жана аракетке киргизилди. Аталган процесстер боюнча маалыматтар Бирликтин интеграцияланган маалыматтык тутумунун (ИМТ) каражаттары аркылуу берилмекчи жана иштетилмекчи.

ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрүнө балык чарба жаатындагы кызматташтыкты активдүү өнүктүрүүнү сунуштады
22 Апрель | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 21-апрелдеги отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнө балык чарбасы тармагында кызматташууну сунуштады жана бул үчүн тийиштүү чаралардын тизмегин сунуш кылды. Документтин негизин Комиссия тарабынан даярдалган, Бирликтин өлкөлөрүнүн балык чарба рыногун талдоонун натыйжалары түздү.

Евразия экономикалык бирлиги иштетүү өнөр жайынын өсүү темптери боюнча дүйнөлүк лидерлердин катарына кирди
25 Март | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

2019-жылда Евразия экономикалык бирлигинде өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 2,5% түздү. Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө байкалган. Евразия экономикалык комиссиясы Бирликтин мамлекеттеринин өнөр жайынын өткөн жылдагы ишинин жыйынтыктарын чыгарды.

ЕЭКте Евразия экспорттук зер бюросунун концепциясын түзүүгө карата мамилелерди талкуулашты
20 Март | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясынын Москвадагы штаб-квартирасында ЕЭКтин өнөр жай блогу тарабынан уюштурулган кеңешменин жүрүшүндө Евразия экспорттук зер бюросун түзүүнүн перспективалары талкууланды. Ага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн зер тармагынын ыйгарым укуктуу органдары жана бизнеси катышты.