Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЖЕЭС корутундулары: евразия интеграциясынын санарип этабы башталды
12 Октябрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Бажы кызматташтыгы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) кооперациялык жана эл аралык кызматташтыктын жаңы форматтарын, анын ичинде космосто ишке ашырууга, Биримдик өлкөлөрүн санарип трансформациялоо жагында биринчи биргелешкен долбоорлорду баштоого, евразия эономикалык мейкиндигинде бардык өндүрүүчүлөр үчүн эркин атаандаштыкты жана барабар укуктарды коргоого даяр. Бул тууралуу Евразия экономиалык комиссиясынын (ЕЭК) Төрагасы Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2017-жылдын 11-октябрындагы жыйынтыктарында билдирди.​

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кемелерине биримдиктин деңиз жолдорун колдонуу оңоюраак болот
03 Октябрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Энергетика жана инфраструктура | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Кеме жүргүзүү жөнүндө макулдашуу 2-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинде жактырылган. Мындан тышкары, ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү, вице-премьерлер Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын жана өкмөт башчыларынын кароосуна киргизиле турган бир катар документтерди макулдашты.​

ЕАЭБдин ИДӨсүнүн 2,63%ын 2025-жылга карата Биримдиктин санариптик күн тартибин жүзөгө ашыруу процессинде укуктук тоскоолдуктарды четтетүүнүн эсебинен үнөмдөөгө болот
20 Сентябрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, ЕАЭБтин санариптик күн тартибин жүзөгө ашыруу процессинде укуктук тоскоолдуктарды четтетүүнүн эсебинен гана экономиканын деңгээли 2025-жылга карата ИДӨнүн 2,63%на жетиши мүмкүн. 2025-жылга чейин Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) санариптик күн тартибин жүзөгө ашыруунун алкагында кандай сынамык демилгелерди иштеп чыгуу болору Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын жетекчилиги алдында, ЕЭКтин Москвадагы штаб-квартирасында өткөн жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун отурумунда талкууланды.​

Биримдик өлкөлөрүнүн кемелери ички суу жолдоруна эркин жеткилик алышат, ал эми Марокко жана Бангладеш менен соода мамилелерине жаңы импульс берилет
19 Сентябрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Энергетика жана инфраструктура | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

19 сентября прошла Коллегия Евразийской экономической комиссии (ЕЭК). Обсуждались вопросы развития интегрированной информационной системы ЕАЭС, углубления интеграции и таможенного сотрудничества стран Евразийского экономического союза (ЕАЭС).19-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы болуп өттү. ЕАЭБтин интеграцияланган маалыматтык системасын өнүктүрүү, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн интеграциясын жана бажы кызматташтыгын тереңдетүү маселелери талкууланды. ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБ өлкөлөрүндө Кеме жүргүзүү жөнүндө долбоорду жактырды.​

ЕЭК Коллегиясынын жыйынтыктары: импорттолуучу товарларды эркин айланымга чыгаруунун мөөнөттөрү кыскарат
04 Сентябрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Соода | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Техникалык жөнгө салуунун, ветеринардык көзөмөлдүн, ошондой эле бажылык башкаруунун маселелери 4-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) отурумунда талкууланды. Атап айтканда, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) 2018-жылдын башынан тарта күчүнө кире турган Бажы кодексинин ченемдерин жүзөгө ашыруу боюнча чечимдер кабыл алынды.​

Армениянын ЕАЭБде мүчөлүгүнүн биринчи эки жылынын жыйынтыктары чыгарылды
06 Июль 2017 | Интеграция жана макроэкономика | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Армения Республикасы Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кошулуудан кандай оң жана терс жыйынтыктарды алды, интеграциянын алкагында анын перспективалары жана мүмкүнчүлүктөрү кандай, ошондой эле өлкөдө санариптик маселелерди өнүктүрүү сыяктуу маселелер 6-июлда Ереванда өткөн “Армения Республикасы: Евразия экономикалык биримдигиндеги эки жыл. Биринчи жыйынтыктар” тегерек столунун алкагында талкууланды.

ЕЭК мамлекет аралык электрондук документ жүгүртүү системасын ишке киргизет.
30 Май 2017 | Интеграция жана макроэкономика | Соода | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы (ЕЭК) бир катар товарларга бажы алымдарын белгилеп, репродуктивдүү материалга карата ветеринардык талаптарга өзгөртүүлөрдү киргизди, ЕЭК менен Азия жана Тынч океан үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун (ЭСКАТО ООН) Экономикалык жана социалдык комиссиясынын ортосунда кызматташуу программасынын долбоорун жактырды, Комиссиянын тастыктоочу борборун түзүүгө жана электрондук кол тамганы өз ара таануу менен мамлекет аралык электрондук документ жүгүртүү системасын ишке киргизүүнү баштоого өбөлгө түзгөн маалымат коопсуздугуна коркунуч моделин тастыктады.​

Экономиканын санариптик трансформациясы, инновацияларды жайылтуу жана тоскоолдуктарды четтетүү Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун негизги темалары болду
26 Май 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Экономика жана каржы саясаты | Бажы кызматташтыгы

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму 26-майда Казанда өттү (Россия Федерациясы). Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) беш өлкөсүнүн премьер-министрлери интеграциялык процесстерди тереңдетүү, анын ичинде товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана эмгек ресурстарынын эркин кыймылы үчүн тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү четтетүү үчүн маанилүү бир катар маселелерди, Биримдиктин санариптик күн тартибин жана өзөктүү тармактарда илимий изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди колдоо аркылуу инновацияларды жайылтуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты. ​

Биргелешкен санариптик долбоорлор - ЕАЭБ санариптик күн тартибинин базиси
26 Май 2017 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) санариптик күн тартибин жүзөгө ашыруунун алкагындагы демилгелер жана долбоорлор 25 майда Казань шаарында ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин байланыш жана коммуникациялар жаатында министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин кезектеги отурумунда талкууланды.

ЕЭК Министри Карине Минасян: “Санариптик экономикада негизги аракеттеги жактар керектөөчүлөр жана инновациялык стартаптар болууда”
25 Май 2017 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) санариптик экономиканы өнүктүрүүнүн багыттары туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Карине Минасян Иннополисте (Россия) өткөн “Өнөр жайлык Россиянын санариптик индустриясы - 2017” бүткүл россиялык конференциясынын алкагында “Санариптик экономика - жаңы технологиялык ыңгайга өтүү” пленардык сессиясында айтып берди. ​