Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК министри Карине Минасян: “Өнөктөштүктү кеңейтүү, компетенцияларды топтоо жана бириктирүү- ЕККУ жана ЕАЭБ мамлекеттеринин өз ара пайдалуу кызматташтыгынын ачкычы”
25 Январь 2018 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Өнөр жай кооперациясы, транспорттук коридорлор, өндүрүмдөрдүн, жүктөрдүн, товарлардын санариптик көзөмөлдөнүлүшү сыяктуу чөйрөлөрдө, ошондой эле санариптик инфраструктуралардын байланышын жогорулатуу жана ишеним мейкиндигинин өнүктүрүү чөйрөсүндө биргелешкен санариптик долбоорлор, жогорку технологиялар тармагында Европадагы кызматташтык жана коопсуздук боюнча уюмунун (ЕККУ) жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өз ара аракеттенүүсү үчүн база болуп калат.​

ЕЭК бажылык башкаруу чөйрөсүндө өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип жана интеграцияланган маалыматтык системаны өнүктүрүүдө
24 Январь 2018 | Техникалык жөнгө салуу | Соода | Бажы кызматташтыгы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

ЕЭК Коллегиясы 23-январда бажылык башкаруу, техникалык жөнгө салуу, соода саясаты жана ЕАЭБтин интеграцияланган маалыматтык системасын өнүктүрүү тармагында бир катар чечимдерди кабыл алды. Атап айтканда, Кытайда өндүрүлгөн полимердик каптоосу менен металлопрокатка демпингге каршы алымдын колдонулушу узартылды. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестри түзүлөт, ошондой эле эмгекчилерге же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө пенсияларды дайындоо жана төлөө үчүн керек болгон маалымат алмашуу жолго коюлат. Бирдиктүү санитардык талаптардын ичинен тартылуучу тамеки буюмдарга карата талаптар алынып салынган, ошондой эле тартылбаган тамеки буюмдарын өндүрүүдө пайдаланууга жол берилбеген жыпар жыттуу жана даам бергич заттардын тизмеги толукталды.​

ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикасы 2017-жылда жакшы өнүгүп жатат: көрсөткүчтөрдүн көпчүлүгү боюнча өсүү белгиленди
15 Декабрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Энергетика жана инфраструктура | Экономика жана каржы саясаты

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин ИДӨ өсүшү, улуттук деңгээлде санариптештирүүнүн маанилүүлүгү жана 2018-жылга пландар жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы, ЕЭК министрлери журналисттерге жана Евразия экономикалык комиссиясынын ачык эшик күндөрүнүн алкагында журналисттер менен жолугушууларда айтышты. ​

Санариптик технологиялар тышкы соода процедураларын бир кыйла жөнөкөйлөткөнгө жардам берет
14 Декабрь 2017 | Бажы кызматташтыгы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

«Жаңы технологиялык түзүлүштүн жалындагы бирдиктүү терезе» трансчегаралык кагазсыз соода боюнча эл аралык конференциясында, Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) бажы кызматташтыгы боюнча Коллегиясынын мүчөсү (министр) Мукай Кадыркулов Улуттук механизмдерде соңку жаңы маалымат технологиялардын, анын ичинде Big data, берилмелердин булуттук чечимдерин жана өтмө иштетүүлөрүнүн «бирдиктүү терезесин» колдонуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө билдирди. ​

«ТАЗА КООМ» ЕАЭБдин санариптик күн тартиби менен айкалышкан
12 Декабрь 2017 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Кыргыз Республикасынын «Таза Коом» санариптик трансформациялоо программасынын алкагындагы иш-чараларды жана 2025-жылга чейин Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) санариптик күн тартибинин иш-чараларын синхрондоштуруу зарылдыгын Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Карине Минасян 11-декабрда Бишкекте «Таза Коом санариптик коом: Кыргыз Республикасында электрондук өкмөт, электрондук саламаттыкты сактоо жана электрондук билим берүүнүн келечеги» Эл аралык конференциясында баса көрсөттү.​

ЕАЭБтин биринчи санариптик демилгелери ишке киргизилмекчи
11 Декабрь 2017 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

“Жакынкы убакытта Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) санариптик көзөмөлдөөгө байланыштуу, санариптик күн тартипти жүзөгө ашыруунун алкагындагы биринчи долбоор ишке киргизилет. Ал баарыдан мурда соода чөйрөсүндө жана албетте, маморгандар үчүн өз ара санариптик алмашууга жана өз ара иштешүүгө шарттарды түзөт”, - бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Коллегия мүчөсү Карине Минасян IV Евразия экономикалык конгрессинде билдирди.​

Бизнес ЕЭК демилгелерин колдоду
14 Ноябрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Экономика жана каржы саясаты | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын жетекчилиги алдындагы Санариптик демилгелерди жүзөгө ашыруу боюнча долбоордук кеңсе быйылкы жылдын аягыда ишин баштайт. Бул туурасында ЕЭКтин жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Ишкер кеңешинин Өз ара иштешүү боюнча консультативдик кеңешинин отурумунда билдирүү жасалды. Кеңештин ишине ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян, ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү, ЕАЭБ Ишкер кеңешинин президенти Виктор Христенко жана Биримдик өлкөлөрүнүн бизнес-ассоциацияларынын башчылары, ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин ири жана чакан бизнесинин өкүлдөрү катышышты.​

ЕЭК Министри Карине Минасян: “Келечек - санариптик кооперацияны, санариптик биримдиктерди жана өнөктөштүктөрдү түзүү”
19 Октябрь 2017 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Санариптик трансформацияны илгерилетүү (санариптик “евангелизм”) - жөн гана технологиялык күн тартип эмес, бул өзгөрүүлөрдү жана санариптик өнүгүүнү башкаруу күн тартиби. Мындай пикирди Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) ички рыноктор, маалыматташтыруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Карине Минасян 17-октябрда Сколководо өткөн “Ачык инновациялар” эл аралык форумунун алкагындагы “Санарип министрлери. Мамлекеттин технологиялык күн тартибинин евангелисттери” дискуссиясынын жүрүшүндө билдирди.​

Электр энергиясы менен көмүрдү эми Россиядан ЕАЭБ өлкөлөрүнө чыгарууда декларациялоонун зарылчылыгы жок.
13 Октябрь 2017 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Россия Федерациясы тарабынан электр энергиясынын, көмүрдүн, минерал момунун жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасынын (ТЭИ ТН) 27 товардык тобундагы башка позицияларга бажы декларациясынын алынып салынышы Евразия экономикалык комиссиясынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен биргелешке ишинин натыйжасы болгон.​

ЖЕЭС корутундулары: евразия интеграциясынын санарип этабы башталды
12 Октябрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Бажы кызматташтыгы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) кооперациялык жана эл аралык кызматташтыктын жаңы форматтарын, анын ичинде космосто ишке ашырууга, Биримдик өлкөлөрүн санарип трансформациялоо жагында биринчи биргелешкен долбоорлорду баштоого, евразия эономикалык мейкиндигинде бардык өндүрүүчүлөр үчүн эркин атаандаштыкты жана барабар укуктарды коргоого даяр. Бул тууралуу Евразия экономиалык комиссиясынын (ЕЭК) Төрагасы Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2017-жылдын 11-октябрындагы жыйынтыктарында билдирди.​