Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК асыл металлдар жана таштар боюнча макулдашуунун долбоорун жактырды
03 Октябрь 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын 2-октябрдагы отурумунда Евразия экономикалык бирлик (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн соода жана экономикаларды санариптештирүү чөйрөлөрүндөгү маселелер каралды.

Карине Минасян: «ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктардын четтетилиши өз ара сооданын көлөмүн 2017-жылы 27%га көбөйтүүгө мүмкүндүк берди»
20 Сентябрь 2018 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин ортосундагы өз ара соодадагы кыйла көрүнүктүү тоскоолдуктарды жоюу, ошондой эле Кыргызстандын бизнеси менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү 20-сентябрда Бишкекте Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча мүчөсү (министр) Карине Минасян, Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратов жана Кыргызстандын бизнес-коомдоштуктарынын өкүлдөрү талкуулашты.

ЕЭК Бирлик өлкөлөрүнө май чыга турган өсүмдүктөрдү өндүрүүнү өнүктүрүү боюнча чараларды сунуштады
18 Сентябрь 2018 | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын 18-сентябрдагы отурумунда ички рыноктун жана агроөнөр жай комплексинин иштөө жаатындагы маселе каралды. Атап айтканда, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнө май чыга турган өсүмдүктөрдү жана суюк май-тоң май азыктарын өндүрүү жаатында өз ара аракеттенүү боюнча сунуштамалар берилип, дагы бир соода кедергисин четтетүү боюнча чечим кабыл алынды.

ЕЭК Кеңеши газдын коопсуздугу жөнүндө Бирликтин техрегламентин кабыл алды жана тамак-аш азыктарын маркалоого карата талаптарды тактады
17 Сентябрь 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин 14-сентябрындагы отурумунда соода, экономиканы санариптештирүү, өнөр жай, каржы саясаты жана техникалык жөнгө салуу жааттарында чечимдер кабыл ылынды.

ЕАЭБдин алкагында санариптик өнөр жай кооперациясы боюнча долбоор бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат
30 Август 2018 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Бирликтин алкагында санариптик өнөр жай кооперациясынын тармагын түзүү боюнча демилгенин алдын ала экспертизасы Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча мүчөсү (министр) Карине Минасяндын төрагалыгы астында, ЕЭКтин эксперттеринин, бизнестин жана Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттик бийлик органдарынын катышуусу менен санариптик өнөр жай кооперациясы боюнча эксперттик аянтчанын отурумунун жүрүшүндө өттү. Октябрда долбоордук документация мүчө мамлекеттердин талкуусуна коюлат, андан соң аны Комиссиянын Кеңеши карайт деп пландаштырылууда. Демилге 2019-жылы ишке ашырылышы мүмкүн.

ЕЭК курама командасы XX жайкы Дипломатиялык оюндарда жети медалдын ээси болуп калды
28 Август 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Соода | Экономика жана каржы саясаты | Энергетика жана инфраструктура | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

25-августта Тверь областындагы «Завидово» комплексинде өткөн XX жайкы Дипломатиялык оюндарда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) курама командасы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медалды утуп алды. ЕЭКтин спортсмендери эркектер арасында чоң теннис жана аялдар арасында 200 метрге кросс боюнча мелдештерде мыкты болуп калды. Табактарды атууда, баскетбол жана бильярд боюнча турнирлерде байгелүү орундарды ээледи.

ЕЭК кытай подшипниктерине демпингге каршы алымдын аракетин узартты жана ЕАЭБдин укугун сактоо зарылчылыгы жөнүндө Россияга кабарлады
22 Август 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода | Техникалык жөнгө салуу | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын 21-августтагы отурумунда соода, ички рыноктордун иштеши, техникалык жана бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү маселелер каралды. Атап айтканда, ЕЭК Коллегиясы Кытайдан келүүчү термелүү подшипниктерине карата демпингге каршы алымдын аракетин узартты, балык өстүрүү үчүн жабдуулардын айрым түрлөрүнө бажы алымдарын жойду, ЕЭКтин жана Медициналык буюмдардын глобалдык номенклатурасы агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоорун жактырды, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ортосундагы интеграцияны тереңдетүү боюнча башка бир катар чечимдерди кабыл алды.

Мүчө мамлекеттер ЕАЭБдин рыногундагы кезектеги алда канча опурталдуу тоскоолдуктарды аныктады, аларды ЕЭКтин Кеңешинде 24-августта каралат
13 Август 2018 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Айрым чөйрөлөрдө мамлекеттик муктаждыктар үчүн сатып алууларга жеткиликтүүлүктү, байланыш каражаттарынын, анын ичинде планшеттердин жана мобилдик телефондордун шайкештигин баалоо жөнүндө документтерди өз ара таанууну, мамлекеттик чек аранын россия-белорус участогун Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) башка мамлекеттеринин жарандары кесип өтүшүн чектөөнү, административдик укук бузуулары бар болгон учурда ЕАЭБ өлкөлөрүнө кирүүгө тыюу салууну, айдоочуларды даярдоого карата талаптарды шайкеш келтирүү зарылчылыгын жана ЕАЭБдин ички рыногунун башка маселелерин 8-августта Ички рыноктордун иштеши боюнча консультациялык комитетте талкуулашты.


Санариптик түгөйлөштөр миллиарддаган долларларды иштеп табууга жардам берет
10 Август 2018 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Эксперттердин болжолдору боюнча, беш жылдан кийин санариптик түгөйлөштөр сыяктуу өнүмдөрдүн рыногу 16 млрд АКШ долларына жетет. Глобалдык экономикада жана Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) күн тартибин ишке ашырууда санариптик түгөйлөштөрдүн ролу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) 9-августтагы семинарында талкууланды.


Сөздү ЕАЭБдин Соту айтат: спортсмен-легионерлер жөнүндө маселени кароо күнү дайындалды
07 Август 2018 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

12-ноябрда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) Сотунун жыйналышы өтөт, анда Бирликтин укугуна ылайык спортсмендердин улуттук спорттук иш-чараларга катышуусуна жарандыгына жараша сандык чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө маселе каралат. Арыз берүүчү Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) болду, ал ушул маселе боюнча консультативдик корутундуну сурап сотко кайрылды.