Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБдин санариптик транспорт коридорлорунун экотутумун түзүү үчүн сервистердин тизмегин бекитти
24 Ноябрь 2020 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

ЕЭК Кеңеши Евразия "бешилтигинин" өлкөлөрүндө санариптик транспорт коридорлорунун экотутумун (СТКЭ) түзүү жана ишке салуу үчүн ишке ашыруу зарыл болгон сервистердин жана санариптик инфраструктуранын тизмегин бекитти. Экотутумду 2025-жылга чейин түзүү пландаштырылууда.

ЕЭК министри Гегам Варданян: "ЕАЭБдин санариптик транспорт коридорлорунун экотутуму үчүн приоритеттүү сервистердин тизмеси макулдашуунун аяккы баскычына чыгууда"
20 Ноябрь 2020 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча мүчөсү (министр) Гегам Варданян бул тууралуу Москвада өткөрүлгөн "Транспорт жумалыгы – 2020" алкагындагы ХIV Эл аралык форумдун "Санариптик транспорт коридорлору" деп аталган пленардык дискуссияда сөз сүйлөп жатып билдирди. Иш-чаранын уюштуруучусу Россия Федерациясынын Транспорт министрлиги болду.

ЕЭК Бирликтин интеграцияланган маалымат тутумунун экспертизасын өткөрүүгө конкурсту баштайт
05 Ноябрь 2020 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалымат тутумунун (ИМТ) комплекстүү техникалык экспертизасын жүргүзүү үчүн аткаруучуну аныктоого өтүнмөлөрдү кабыл ала баштады. Буга чейин ЕЭК Кеңеши мындай экспертизаны өткөрүү жөнүндө тескеме кабыл алган.

ЕАЭБде тез өнүгүү стратегиясын жүзөгө ашыруу сунушталды
28 Октябрь 2020 | Интеграция жана макроэкономика | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу

Пандемиянын кесепеттерин жоюу жана Евразия экономикалык бирлигин тез өсүү траекториясына чыгаруу боюнча сунуштар 28-октябрда Москвадагы Президент-мейманканасында өткөн "Интеграция: тез өнүгүү стратегиясы" ЕАЭБ бизнес форумунун катышуучулары тарабынан айтылды.

ЕЭК тоскоолдукту жоюуга - Казакстан Республикасынан мүчө мамлекеттерге кара жана түстүү металлдардын сыныктарын жана калдыктарын экспорттоого чектөөнү алып салууга чакырды
15 Октябрь 2020 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

13-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин укуктарын ишке ашыруу зарылдыгы жөнүндө Казакстан Республикасын кабарлоо жөнүндө чечим кабыл алды.

ЕАЭБ 2021-2022-жылдар мезгилинде тоскоолдуктарды четтетүү боюнча жаңы "жол картасын" түзө баштады
13 Октябрь 2020 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тапшырмасы боюнча, өлкөлөр 2021–2022-жылдары четтетүүнү пландаштырган алып коюулардын жана чектөөлөрдүн тизмесин түзөт.

ЕЭК министрлери Армениянын бизнес-коомдоштугу менен жолугушуу өткөрүштү
08 Октябрь 2020 | Соода | Экономика жана каржы саясаты | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Техникалык жөнгө салуу

8-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) министрлери Андрей Слепнев, Тимур Жаксылыков, Артак Камалян, Гегам Варданян жана Виктор Назаренко, ошондой эле Армения Республикасынын экономика министринин орун басары Варос Симонян Армениянын Экономика министрлигинин чоң залында Армениянын бизнес-коомдоштугунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Бирлик өлкөлөрүнүн IT-министрлери ЕАЭБдин санариптик платформасын түзүү зарылдыгы жөнүндө билдиришти
07 Октябрь 2020 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык бирлигинин интеграциялык долбоор катары ийгилиги жана өнүгүүсү, олуттуу деңгээлде мамлекеттик маалыматтык тутумдардын натыйжалуу интеграцияланышына жана санариптик технологияларды колдонуу тажрыйбасын кеңейтүүгө көзкаранды. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар министри Гегам Варданян “ЕАЭБдин санарип платформасы - өлкөлөрдүн кооперациясы” аттуу панелдик талкууда билдирди, ага Бирликтин мүчө мамлекеттеринин санариптик трансформацияга жооптуу аткаруучу бийлик органдарынын жетекчилери катышкан. Иш чара "Өнөр жайлык Россиянын санариптик индустриясы" (ӨРСИ) конференциясынын алкагында өттү.

ЕЭК Бирликтин өлкөлөрүнүн ортосунда санарип кол тамганы колдонуу менен документ жүгүртүүнү уюштуруу программасын бекитти
02 Октябрь 2020 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы 29-сентябрда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) интеграцияланган маалымат тутумунун ишенимдүү үчүнчү жак кызматынын тастыктоо борборун сынамык иштетүү программасын бекитти.