Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБ өлкөлөрү электрондук документ айланымын жүзөгө ашыруу боюнча сынамык долбоорду ишке киргизүүдө, азырынча Россиянын катышуусуз
03 Ноябрь 2016 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

1-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин жана Евразия экономикалык комиссиясынын ортосунда электрондук документ айланымын жүзөгө ашыруу боюнча сынамык долбоорун уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алды, ага Армения, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстан катышмакчы. Россия азырынча долбоорго катышпайт.​

“Евразия жумалыгы” эл аралык жарманке форумунун иши аяктады.
31 Октябрь 2016 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

“Евразия жумалыгы” форумунун алкагында өткөн “Санарип демилгелер” деген тегерек стол маегинин жыйынтыктары чыгарылды, талкуунун катышуучулары бизнес демилгелерин, эң оболу санарип күн тартиби боюнча демилгелерди талкуу механизмдерин жаңыртуу зарылчылыгын белгиледи. ​

Сколководогу “Евразия жумалыгында” санарип декларациясы жөнүндө билдирүү жасалды
28 Октябрь 2016 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

27-октябрда “Евразия жумалыгы” эл аралык көргөзмө форумунун алкагында Сколководо өткөн “ЕАЭБте санарип күн тартиби” конференциясынын жыйынтыгы боюнча, иш чаранын катышуучулары Декларацияны кабыл алуу жөнүндө билдиришти. Анда санарип күн тартибин жүзөгө ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүн жана тобокелдерин эске алуу менен Биримдиктин санариптик мейкиндигин түзүүнүн маанилүүлүгү жазылган.​

Бизнес өз көйгөйлөрү менен ЕЭКке тике кайрылууга мүмкүнчүлүк алды
28 Октябрь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык биримдигинде “Евразия экономикалык биримдигинин ички рынокторунун иши” маалыматтык ресурсу иштей баштады. Анын негизги максаты - өз ара соодада тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү аныктоо.​

ЕЭК бизнести ички рыноктордо тоскоолдуктарды аныктоо иштерине жигердүү катышууга чакырат
27 Октябрь 2016 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

26-октябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын Ички рыноктордун иши боюнча департаментинин директорунун орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу Сергей Савостьян “Евразия экономикалык биримдиги: эл аралык бажы кызматташтыгын укуктук жөнгө салуу”. Ал Евразия экономикалык биримдигинде соода тоскоолдуктарын жеңип чыгуу маселелерине арналган баяндамасы менен чыгып сүйлөдү.​

Санариптик экономиканын эсебинен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ИДӨ 20% өсүшү керек
27 Октябрь 2016 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

27-октябрда жыл сайын өтүүчү “Ачык инновациялар” форумунун алкагында өткөн “Евразия экономикалык биримдигинде санарип күн тартиби” конференциясында 2025-жылга чейинки перспективада ЕАЭБтин санариптик мейкиндигин түзүү жана өнүктүрүү стратегиясынын долбоору макулдашылды. Мындан тышкары, Биримдиктин санариптик мейкиндигин ыкчам өнүктүрүү зарылчылыгы жөнүндө декларация жактырылды.​

ЕЭКте Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнөн Беларуска товарларды киргизүүдө КНС алуу жөнүндө консультациялар өткөрүлдү
25 Октябрь 2016 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

21-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Ички рыноктордун иши департаментинде Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнөн Беларусь Республикасына товарларды киргизүүдө кошумча нарк салыгын (КНС) алууга байланыштуу консультациялар өткөрүлдү. Консультациялар видеоконференция режиминде Биримдик өлкөлөрүнүн катышуусу менен өттү.​

ЕЭКте медициналык жардам алууга жеткилик маселелери боюнча консультациялар өткөрүлдү
21 Октябрь 2016 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

19-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Ички рыноктордун иштөөсү департаментинде Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн консультациясы өткөрүлдү.​

ЕЭК Министри Каринэ Минасян Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүн киберкоопсуздукту камсыз кылуу үчүн санарип платформаларды түзүүгө чакырды.
17 Октябрь 2016 | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

14-октябрда Ереванда Евразия экономикалык комиссиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Каринэ Минасян Евразия экономикалык биримдигинин ишканалары кайсы платформада иштеп, өз продукциясын сатып жана тышкы рынокко чыга тургандыгы тууралуу маселени көтөрүп чыкты.​

ЕЭК Евразия экономикалык биримдигинде салык салуулар чөйрөсүндө бирдей эмес шарттарды четтетүүгө багытталган чечим кабыл алды
06 Октябрь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

4-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын отурумунда Евразия экономикалык биримдигинин мүчө мамлекеттеринен келген товарларга аларга Кыргыз Республикасында салык салууда бирдей шарттарды берүүгө багытталган чечим кабыл алынды.​