Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Тигран Саркисян: "Бүгүнкү күндө бардык өлкөлөр биргеликте татаалдыктарды жеңүү жана жарандар жана бизнес үчүн жайлуу шарттарды түзүү оңоюраак болушун түшүнүшүүдө"
12 Ноябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Бажы кызматташтыгы | Соода | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

11-ноябрда Москвада "Евразиялык интеграциянын жаңы өлчөмү: Евразия экономикалык бирлигинин беш жылдыгынын жыйынтыктары" деп аталган илимий-тажрыйбалык конференцияда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) Сотунун Төрагасы Жолымбет Баишев, Россия жана Белоруссия Бирликтик мамлекетинин мамлекеттик катчысы Григорий Рапота, Аткаруучу комитеттин Төрагасы – Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруучу катчысы Сергей Лебедев, ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү (министрлер) жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн илимий-эксперттик коомдоштугунун өкүлдөрү евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн натыйжаларын талкуулашты. Пленардык сессиянын модератору ЖЭМ ИИУнун дүйнөлүк экономика жана дүйнөлүк саясат факультетинин деканы Сергей Караганов болду.

ЕЭКте ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы роумингдеги уюлдук байланыш кызматтарына тарифтерди төмөндөтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты
08 Ноябрь 2019 | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

5-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) штаб-квартирасында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин аймактарында роумингде уюлдук байланыш кызматтары үчүн төлөмдү азайтуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо боюнча кеӊешме болуп өттү. Иш-чарага «бешилтиктин» өлкөлөрүнүн уюлдук операторлорунун, байланыш жана маалыматтык технологиялар маселелерин жетектеген министрликтеринин жана ведомстволорунун, ошондой эле мүчө мамлекеттердин монополияга каршы органдарынын өкүлдөрү катышышты.

​Серик Жумангарин: «ЕЭКтин приоритеттүү милдети – бизнеске Евразия экономикалык бирлигинин бардык пайдаларынан жана артыкчылыктарынан пайдаланууга жардам берүү»​
23 Октябрь 2019 | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

4 жана 5-сентябрда Актөбө жана Уральск шаарларында (Казакстан Республикасы) Коллегиянын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Серик Жумангарин баш болгон ЕЭК делегациясы республиканын бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушту. Аталган иш-чаралар Комиссиянын Коомдук кабылдамасынын жана монополияга каршы блогунун ушул жылдын сентябрына пландаштырылган көчмө отурумдарынын сериясындагы алгачкы отурумдар болду.

Евразия интеграциясы жөнүндө мааракелүү китептин презентациясы: ЕАЭБ калыптанды
15 Октябрь 2019 | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Экономика жана каржы саясаты

«Евразия экономикалык бирлиги – 25: горизонттон горизонтко чейин» китеби акыркы чейрек кылым ичинде Евразия идеясынын өнүгүшүнө, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) түзүлүшүнө арналган. Аталган китептин презентациясы Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) пресс-борборунда болуп өттү. Китеп Москвадагы «Восточный экспресс» басмасында ЕЭКтин жана Казакстан Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин жардамы менен чыгарылды.

ЕАЭБ өлкөлөрү мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө позицияларды жакындатышууда
15 Октябрь 2019 | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Улуттук режимден кайталанган алып коюуларды орнотуу механизмин талкуулоодо Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин өкүлдөрү билдирүүнү кароонун жана ага каршылыктарды билдирүүнүн жалпы мөөнөттөрүн макулдашышты. Ушул жана бир катар башка маселелер Москвада ЕЭКтин штаб-квартирасында мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Серик Жумангариндин төрагалыгы астында өткөрүлгөн отурумунда каралды.

Коомдук кабылдаманын катышуучулары Смоленскте ЕАЭБдин чек ара аралык рынокторунда соода жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды талкуулашты
04 Октябрь 2019 | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) эксперттери жана Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) бизнесинин өкүлдөрү 3-октябрда Смоленскте ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу блогунун Коомдук кабылдамасынын алкагында чек ара аралык рыноктордо иштөөдө соодадагы тоскоолдуктарды жана ишкерлердин башка кыйынчылыктарын талкуулашты.

ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча блогунун эксперттери Брянсктын ишкерлери менен жолугушту
04 Октябрь 2019 | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Брянскта Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу блогунун Коомдук кабылдамасынын октябрь айында Россияда өткөрүү пландаштырылган жети көчмө отурумунун биринчиси башталды. Жакынкы убакытта Комиссиянын эксперттери Смоленск, Омск, Новосибирск, Екатеринбург, Оренбург жана Самара шаарларындагы россиялык бизнесмендер менен жолугушмакчы.

ЕЭК министри Серик Жумангарин: «Ийгиликтүү дүйнөлүк иш-тажрыйбаларды апробациялоо бизге ЕАЭБдин чек ара аралык рынокторунда ак ниет атаандаштыкты сактоо боюнча иштин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет»
30 Сентябрь 2019 | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Серик Жумангарин Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Москвадагы штаб-квартирасында Анд коомдоштугунун (АК) генералдык катчысы Хорхе Эрнандо Педрас Гутьеррес менен жолугушту.

Серик Жумангарин: «Атаандаштык маселелери боюнча ЕАЭБ укугун мыктылоодо эл аралык тажрыйбанын мааниси абдан чоң»
19 Сентябрь 2019 | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Серик Жумангарин 18-сентябрда БРИКСтин атаандаштык ведомстволорунун кызматташтыгы маселелери боюнча пленардык отурумунда эл аралык уюмдар менен кызматташтык жана Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) укугун мыктылоо жөнүндө айтып берди. Ал, улуттар аралык ири компанияларга карата иликтөөлөрдү жүргүзүүдө Комиссиянын экстра-аймактык ыйгарым укуктарынын жоктугуна байланыштуу, үчүнчү өлкөлөрдүн атаандаштык ведомстволорунун жардамы керек деп белгиледи.

ЕЭК жана РФ СӨП Россиянын бизнесинин өкүлдөрүнүн катышуусунда биргелешкен отурумдарды өткөрүшмөкчү
19 Сентябрь 2019 | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Бул тууралуу 16-сентябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Серик Жумангарин жана Россия Федерациясынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Сергей Катырин келишишти.