Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Өкмөттөр аралык кеңешке Мамлекеттик сатып алуулар максатында айрым товарлардын чыгарылган өлкөсүн аныктоо эрежелеринин бекитилгендиги тууралуу билдирилди
04 Декабрь 2020 | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери менен биргеликте http://docs.eaeunion.org/docs/ru-ru/01427821/err_04122020_105">ушул жылдын 23-ноябрында Комиссиянын Кеңеши тарабынан бекитилген Мамлекеттик сатып алуулар максатында айрым товарлардын чыгарылган өлкөсүн аныктоо эрежелерин иштеп чыкты. Бул тууралуу Евразия өкмөттөр аралык кеңешине атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министр Арман Шаккалиев 4-декабрдагы отурумда билдирди.

Россиянын жана Беларустун кычкыл сүт суусундуктарынын өндүрүүчүлөрү талаш маселени ЕЭКтин сунушунун негизинде жөнгө салуу жөнүндө келишишти
02 Декабрь 2020 | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

1-декабрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Монополияга каршы жөнгө салуу департаменти Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн монополияга каршы ведомстволорунун өкүлдөрүнүн катышуусунда кычкыл сүт суусундуктарынын чек ара аралык рыногундагы атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууларды жоюу боюнча сунушун жиберди.

Арман Шаккалиев: "Бизнес менен тике диалог ишкерлерде атаандаштык сезимин калыптандырууга жардам берет"
27 Ноябрь 2020 | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Арман Шаккалиев 27-ноябрда ЕАЭБ Сотунун эл аралык конференциясынын сессияларынын биринде Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык бирлигинин монополияга каршы органдары менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө ишке ашырууну көздөп жаткан, атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүүнүн актуалдуу аспектилери тууралуу айтып берди.

ЕЭКтин монополияга каршы блогу товарлардын айрым топторуна бааларга мониторингдин натыйжаларын көрсөттү
25 Ноябрь 2020 | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясы Украинада чыгарылган жана ЕАЭБге алып келинген металл өткөрүүчү стандар үчүн болоттон жасалган согулган валдарга, болоттон жасалган ысык чоюлган бурчтарга, ошондой эле болоттон жасалган бүтүн чоюлган дөңгөлөктөргө бааларга мониторингди аталган товарлардын рынокторунда демпингге каршы чаранын аракеттенишине байланыштуу ишке ашырууда. Анын максаты – тартыштыктын пайда болуу мүмкүнчүлүгүн жана рыноктогу айрым оюнчулардын рыноктук бийлигинин күчөө мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу.

Комиссиянын чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыкты бузууларды токтотуу боюнча ыйгарым укуктарына баалоо жүргүзүлдү
23 Ноябрь 2020 | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 23-ноябрда болуа өткөн отурумунда ЕЭКтин монополияга каршы блогу тарабынан даярдалган, товар рыногун чек ара аралык рынок деп таануунун Критерийлерин колдонуу жөнүндө баяндаманы жактырды.

ЕЭК Кеңеши Атаандаштык эрежелерин бузгандык үчүн жазапулдарды эсептөө усулуна жана салуу тартибине өзгөртүүлөрдү макулдашты
23 Ноябрь 2020 | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Кабыл алынган түзөтүүлөр ЕАЭБдин атаандаштык чөйрөсүндөгү мыйзамдарын өркүндөтүүгө, ошондой эле Усул менен каралган айрым түшүнүктөрдү жана механизмдерди тактоого багытталган.

Талаштарды алдын ала жөнгө салуу процедурасы Беларусь менен Россиянын компанияларына макулдашууга жардам берди
11 Ноябрь 2020 | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Россиянын "Меркор-ПРУФ" компаниясы жана беларуссиялык "М8 Сити" компаниясы чатыр чырактардын чек ара аралык рыногундагы атаандаштыктын бузулушуна алып келген пикир келишпестиктерди четтетүү жөнүндө макулдашышты.

Арман Шаккалиев ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри болуп дайындалды
06 Ноябрь 2020 | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 6-ноябрдагы чечими менен Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын жаңы мүчөсү (министр) болуп Казакстан Республикасынан Арман Шаккалиев дайындалды. Анын компетенциясына Евразия экономикалык бирлигинин чек ара аралык рынокторундагы монополияга каршы жөнгө салуу жана атаандаштык маселелери кирмекчи.

ЕЭК КЭРден келген бульдозерлерге карата демпингге каршы алдымдын колдонулушун кайрадан иликтөө аяктаганга чейин узартты
03 Ноябрь 2020 | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Кытай Эл Республикасынан кубаттуулугу 250 а.к. чейин жеткен чынжырлуу бульдозерлерге карата демпингге каршы чараны 2021-жылдын июлуна чейин узартты.