Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭКтин сайтында ЕАЭБдеги атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу жөнүндө электрондук журналдын алгачкы номери жарык көрдү
20 Январь | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Атаандаштык чөйрөсүндөгү новациялар жана негизги окуялар жөнүндө эми "Евразия экономикалык бирлигиндеги атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу" деп аталган электрондук журналдын барактарынан билүүгө болот. Евразия экономикалык комиссиясынын монополияга каршы блогунун бул журналы квартал сайын жарык көрөт деп пландаштырылууда.

Арман Шаккалиев: "Коомдук кабылдама "ачык эшик" принциби боюнча иштеши зарыл"
22 Декабрь 2020 | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык боюнча блогунун коомдук кабылдамасы Евразия экономикалык бирлигинин чек ара аралык рынокторундагы ак ниет атаандаштыктын эрежелерин сактоого багытталган регулятордук демилгелерди талкуулоо үчүн ачык аянтчага айланууда.

Арман Шаккалиев: "Мүчө мамлекеттердин монополияга каршы органдары ЕАЭБде атаандаштыкты коргошууда"
21 Декабрь 2020 | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Арман Шаккалиев Россиянын Федералдык монополияга каршы кызматы жана "Сколково" фонду тарабынан уюштурулган "Монополияга каршы саясат: илим, иш-тажрыйба, билим берүү" деп аталган эл аралык илимий-тажрыйбалык конференцияда чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыкты коргоо жаатындагы приоритеттерди белгилеп өттү.

Россиядагы алдыңкы батыш компанияларына ЕАЭБдин чек ара аралык рынокторундагы "оюндун шарттары" тууралуу айтып беришти
17 Декабрь 2020 | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

ЕЭК мүчөлөрү Россиядагы Америкалык соода палатасы тарабынан уюштурулган иш-чарада атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү укуктук негиздер, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча блогунун ишиндеги приоритеттүү милдеттер тууралуу айтып беришти.

ЕЭК Коллегиясы алгачкы жолу атаандаштык эрежелерин бузуу жөнүндө иш боюнча маалыматтарды бербегендик үчүн жазапулдарды белгиледи
16 Декабрь 2020 | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын чечимине ылайык, атаандаштык эрежелерин бузуу жөнүндө иштин фигуранттары (эки чарба жүргүзүүчү субъект жана алардын кызмат адамдары) белгиленген тартипте жазапулдарды төлөөгө, ошондой эле аталган иш боюнча Комиссия тарабынан буга чейин суралган маалыматтарды берүүгө тийиш.

ЮНКТАДдын укуктук серептери ЕАЭБдин атаандаштык укугун өркүндөтүүгө жардам берүүдө
15 Декабрь 2020 | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Арман Шаккалиев БУУнун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (ЮНКТАД) атаандаштык жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча бөлүмчөсү тарабынан жүргүзүлгөн, Беларустун атаандаштык мыйзамдарына серептин онлайн-презентациясында катышты.

ЕЭК Кеңешинин Мамлекеттик сатып алуулар максатында товарлардын чыгарылган өлкөсүн аныктоо эрежелерин бекитүү жөнүндө чечими күчүнө кирди.
11 Декабрь 2020 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Жогорку Евразия экономикалык кеңеши 11-декабрда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешине Мамлекеттик сатып алуулар максатында товарлардын айрым түрлөрүнүн чыгарылган өлкөсүн аныктоо эрежелерин бекитүү боюнча ыйгарым укуктарды берди. Евразия экономикалык комиссиянын Иш регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тиешелүү мындай чечим ЖЕЭКтин отурумунда кабыл алынды.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынтыктары
11 Декабрь 2020 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Соода | Экономика жана каржы саясаты | Энергетика жана инфраструктура | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Бүгүн Жогорку Евразия кеңешинин Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчыларынын, ЖЕЭКтин Ардактуу Төрагасы, Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаевдин, Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додондун, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин, Куба Республикасынын Президенти Мигель Диас-Канель Бермудестин, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин катышуусунда видеоконференция режиминдеги отуруму болуп өттү.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун жыйынтыктары
04 Декабрь 2020 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Техникалык жөнгө салуу | Экономика жана каржы саясаты | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Өкмөттөр аралык кеңештин 4-декабрда видеоконференция форматында өткөрүлгөн отурумунда 9 маселени карап чыгышты.