Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Айыл чарба продукциясын темир жол менен Кытайга жеткирүү түйүнү бүткүл ЕАЭБге кеңейтилиши мүмкүн
22 Июнь 2020 | Соода

Айыл чарба продукциясын темир жол менен КЭРге жеткирүү түйүнү бүткүл Евразия экономикалык бирлигине кеңейтилиши мүмкүн. Мүчө мамлекеттер менен бул мүмкүнчүлүктү иштеп чыгуу Евразия экономикалык комиссиясынын «Россия темир жолдору» ААК (РЖД) менен өз ара аракеттенүүсүнүн "жол картасына" киргизилген. Аталган документ ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнёвдун "РЖДнын" башкы директору – башкармасынын төрагасы Олег Белозёров менен жолугушуусунун жүрүшүндө бекитилди.

ЕЭКтин бажылык-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору болуп Ваагн Казарян дайындалды
19 Июнь 2020 | Соода

Ваагн Рудольфович Казарян 1973-жылдын 11-февралында Москвада төрөлгөн. 1994-жылы Ереван мамлекеттик университетин "Радиофизика" адистиги боюнча бүтүргөн.

ЕЭК Бирликтин компанияларына чет элдик долбоорлорду илгерилетүүгө жардам берүүдө
18 Июнь 2020 | Соода

Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнёв жана "Росгеология" АКнын башкы директору – Башкармасынын Төрагасы Сергей Горьков эркин соода аймактары жөнүндө макулдашууларды түзүү боюнча сүйлөшүүлөр процессинин алкагында өз ара аракеттенүү боюнча "жол картасына" кол коюшту.

ЕЭК Коллегиясы жай мезгилинин аягына чейин ЕАЭБден күн карама үрөнүн алып чыгуунун өзгөчө режимин белгиледи
16 Июнь 2020 | Соода

Евразия экономикалык комиссиясы жай мезгилинин аягына чейин Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан күн карама үрөнүн алып чыгуунун өзгөчө режимин белгилөө жөнүндө чечим кабыл алды. Учурда аталган продукциянын экспортуна тыюу салынган. Аталган тыюу салуу 2020-жылдын 30-июнунда аяктайт. Андан кийин 31-августка чейин экспорт боюнча уруксат берүү тартиби аракеттенмекчи.

ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнёв: "Бүгүнкү кризистен негизги соода өнөктөштөрүбүз болуп саналган Кытай жана Европа менен биргеликте чыгуу зарыл"
05 Июнь 2020 | Соода

Дүйнөлүк сооданын кулашына, суроо-талаптын начарлашына, тобокелдиктердин өсүшүнө, ошондой эле протекционизмдин күчөшүнө карабастан, Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнёв 5-июнда "Глобалдык белгисиздик шарттарында Россиянын экспорттук стратегиясы: ишмердик бирикмелердин, өнүгүү институттарынын жана бийлик органдарынын ролу" деп аталган эл аралык форумда сөз сүйлөп жатып билдирди. Аталган форум "Россия бизнес жумалыгы – 2020" алкагында видеоконференция форматында өткөрүлдү. Иш-чара Россия өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин (РӨИБ) тарабынан Экспортту колдоо боюнча координациялык кеңештин колдоосунда уюштурулду.

ЕЭКтин соода саясаты департаментинин директорунун орун басары болуп Михаил Черекаев дайындалды
04 Июнь 2020 | Соода

Михаил Васильевич Черекаев 1981-жылдын 20-октябрында төрөлгөн. Россия Федерациясынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин Бүткүл Россиялык тышкы соода академиясын "Чет тилин билген экономист" адистиги боюнча бүтүргөн.

ЕЭК Кеңеши коронавирустук инфекция менен күрөшүү максатында ЕАЭБге алымсыз алып келинип жаткан товарлардын тизмегин толуктады жана бир катар материалдардын жана буюмдардын экспортуна тыюу салунун жоюлушун жактырды
03 Июнь 2020 | Соода

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 3-июнда өткөрүлгөн отурумдун жүрүшүндө бир жолу колдонулуучу жеке коргонуу каражаттарына жана дары-дармек жана дезинфекциялоо каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүү үчүн колдонулган товарлардын айрым түрлөрүнө карата импорттук алымдарды убактылуу негизде нөлгө түшүрүү жөнүндө чечим кабыл алды. Аталган продукциянын тизмесине ортофосфор кислотасы, суутек кычкылы, полимердик плёнка, бир жолу кийилүүчү баш кийимдер жана башкалар кирди. Аталган чечим ал расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 10 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирмекчи.​

ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнёв жана Египеттин соода жана өнөр жай министри Невин Гамеа Эркин соода жөнүндө макулдашуунун үстүнөн ишти активдештирүү жөнүндө келишишти
02 Июнь 2020 | Соода

Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнёвдун Египеттин соода жана өнөр жай министри Невин Гамеа менен телефондук сүйлөшүүсү болуп өттү. ЕЭК министри кесиптешин анын кызматка киришкендиги менен куттуктады жана Евразия экономикалык бирлигинин жана Египет Араб Республикасынын соода-экономикалык мамилелерин өнүктүрүү боюнча тараптардын натыйжалуу ишинин улантылышына ишеничин билдирди.

ЕЭКтин ички рынокту коргоо департаментинин директору болуп Андрей Захаров дайындалды
01 Июнь 2020 | Соода

Андрей Владимирович Захаров 1976-жылдын 16-майында төрөлгөн. Москва мамлекеттик ачык университетин "Экономика" адистиги боюнча (1998-жыл), Россия Федерациясынын Президентинин алдындагы Россия мамлекеттик кызмат академиясын (2010-жыл), Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун (2011) бүтүргөн.