Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Кытай "Евразия континентинин болот караванын" курууну сунуш кылууда
05 Декабрь 2020 | Соода

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) жана Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) Биринчи Евразиялык конгресстин алкагында биргелешип өткөргөн "Мамлекеттердин, бизнестин жана адамдардын байланышы аркылуу Чоң Евразияга карай" деп аталган атайын панелдик талкуунун катышуучулары "Евразия континентинин болот караванын" жана Чоң Евразиянын бизнесинин Ассоциациясын түзүүнү сунуш кылышты. Талкуунун модератору ЕЭК Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Андрей Слепнёв болду.

Андрей Слепнёв: "Чоң Евразия үчүн негизги маселе – биз экономикадагы трансформациядан натыйжалуу өтүү үчүн бириге алабызбы же жокпу"
04 Декабрь 2020 | Соода

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) жана Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) 4-декабрда Биринчи Евразиялык Конгресстин алкагында "Мамлекеттердин, бизнестин жана адамдардын байланышы аркылуу Чоң Евразияга карай" деп аталган темадагы биргелешкен панелдик талкууну өткөрүштү. Талкуунун модератору ЕЭК Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Андрей Слепнёв болду, ал сессиянын катышуучуларына кириш сөзү менен кайрылды.

ЕЭК Коллегиясы КЭРден алып келинген ашкана жана дасторкон приборлоруна карата демпингге каршы алымдын аракетин 5 жылга узартты
01 Декабрь 2020 | Соода

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы Кытайдан алып келинген коррозияга туруктуу болоттон жасалган ашкана жана дасторкон приборлоруна карата демпингге каршы чаранын аракетин 2025-жылга чейин узартты. Атап айтканда, кеп ашканада колдонулуучу бычактар, кашыктар, айрылар, сузгулар, кепкирлер, торттор үчүн күрөкчөлөр, балык жана май үчүн бычактар, кант үчүн кыпчуурлар, ошондой эле аталган товарлардын топтомдору жөнүндө болууда.

Андрей Слепнёв Сингапурдун ЕАЭБдин регионго чыгуусу үчүн хаб катары потенциалынын толук ачылышына ишенет
01 Декабрь 2020 | Соода

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Андрей Слепнёвдун Сингапур Республикасынын Премьер-министринин канцеляриясына караштуу министри, эмгек ресурстары боюнча экинчи министри, соода жана өнөр жай боюнча экинчи министри доктор Тан Си Ленг менен маеги болуп өтүп, анын алкагында ЕАЭБдин жана Сингапурдун ортосундагы баарын камтуучу эркин соода аймагын түзүүнү аяктоо маселелери талкууланды.

ЕЭК жана Еврокомиссия декабрда Европанын "жашыл бүтүмүнүн" дүйнөлүк соодага таасирин талкуулашмакчы
27 Ноябрь 2020 | Соода

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү Андрей Слепнёв Кызматташтык жана инвестициялар боюнча эл аралык кеңештин (КИЭК) "жашыл бүтүмдүн" ЕБнын Россия жана Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгынын перспективаларына таасирине арналган отурумунда катышты.

ЕЭК Бирликтин өлкөлөрүнүн полиграфия тармагын колдомокчу
24 Ноябрь 2020 | Соода

24-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы фотопластинкалардын жана фотоплёнкалардын айрым түрлөрүнө карата алып келүү бажы алымынын коюмун үч жылдык мөөнөткө нөлгө түшүрдү. Учурда коюмдун өлчөмү 5% түзөт.

Товарлардын айрым топторун идентификациялоо каражаттары менен маркалоону киргизүү жөнүндө
19 Ноябрь 2020 | Соода

Евразия экономикалык комиссиясы ЕЭК Кеңешинин 2019-жылдын 18-ноябрындагы №№ 127, 128, 129 жана 130 чечимдерине ылайык ЕАЭБ мамлекеттеринде атырларга жана атыр сууга; фотокамераларга (кинокамералардан сырткары), фотожарыктарга жана лампа-жарыктарга; шиналарга жана дөңгөлөк алкактарына; жеңил өнөр жай товарларына карата алардын даярдыгына жараша маркалоонун киргизилиши мүмкүн экендигине көңүл бурат.

ЕЭК КЭРден келген жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүнө карата демпингге каршы алдымдын колдонулушун кайрадан иликтөө аяктаганга чейин узартты
13 Ноябрь 2020 | Соода

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы КЭРден келген жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүнө каршы демпингге каршы чараны 2021-жылдын августуна чейин узартуу чечимин кабыл алды.

ЕЭКтин семинарында БСУнун Соода жол-жоболорун жеңилдетүү боюнча макулдашуусун ЕАЭБ өлкөлөрүндө имплементациялоого карата мамилелер талкууланды
06 Ноябрь 2020 | Соода | Бажы кызматташтыгы

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) 6-ноябрда соода жол-жоболорун жеңилдетүү боюнча регионалдык семинарды өткөрдү. Семинарда ЕЭК, ЕККУ, ЭСБ, БСУ жана ББУнун, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин, Түркмөнстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышышты.

ЕЭК Бирлик өлкөлөрүнүн булгаары-бут кийим өнөр жайына колдоо көрсөтөт
05 Ноябрь 2020 | Соода

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңеши булгаары-бут кийим өндүрүшүндө жасалга материалдар катары колдонулган бир катар химиялык товарларга алып келүү бажы алымынын коюмдарын нөлгө түшүрүү чечимин кабыл алды. Тиешелүү демилгени РФ көтөрүп чыккан. 0% өлчөмүндөгү алым үч жылдык мөөнөткө белгиленет.