Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭКтин соода саясаты департаментинин директорунун орун басары болуп Нургүл Айтбаева дайындалды
25 Январь | Соода

Нургүл Талгатовна Айтбаева 1988-жылы 5-августта Казакстан Республикасынын Акмола облусунда төрөлгөн.​ 2010-жылы Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетин "Эл аралык укук" адистиги боюнча аяктаган, 2019-жылы Барселона Университетинде "Эл аралык экономикалык укук жана саясат" адистиги боюнча (IELPO) магистр даражасын алган.

Украинадан алып келинген темир жол дөңгөлөктөрүнө карата демпингге каршы алымдын аракети токтотулат
21 Январь | Соода

Украинадан алып келинген темир жол дөңгөлөктөрүнө карата демпингге каршы чара 2021-жылдын 22-январынан тарта өзүнүн аракетин токтотмокчу. Демпингге каршы алым түрүндөгү бул чара Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 22-декабрындагы № 170 чечимине ылайык беш жылдык мөөнөткө киргизилген эле.

Андрей Слепнев: "ЕАЭБ Индияда ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жана демилгелердин алкагында аталган өлкөгө жаңы товарларды жеткирүү мүмкүнчүлүгүн алышы мүмкүн"
22 Декабрь 2020 | Соода

Евразия экономикалык комиссиясынын соода блогу Индия менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн перспективаларына арналган https://is.gd/92qivz">конференцияны өткөрүп, анын жүрүшүндө бизнеске эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүлгөн учурда ачылган мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтылды.

ЕЭК жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнеси Монголия менен эркин соода жөнүндө макулдашууну түзүүнүн перспективаларын талкуулашты
18 Декабрь 2020 | Соода

"Евразия экономикалык комиссиясынын соода блогунун 2020-жылдагы приоритеттүү милдеттеринин бири үчүнчү өлкөлөр менен сүйлөшүү процесстерин тездетүү болду. Аталган иш бир нече өлкөлөрдүн треги боюнча, анын ичинде ЕАЭБ үчүн салттуу жакын өнөктөш болуп саналган Монголия боюнча жүргүзүлдү", – деп Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Андрей Слепнёв Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн ишкердик коомдоштугунун өкүлдөрү менен Бизнес-диалогдун 28-чи отурумунда белгиледи.

ЕЭК жана Европа комиссиясы техникалык регламенттердин колдонулушун талкуулашты жана Европанын "жашыл" бүтүмүнүн маселелерин карап чыгышты
16 Декабрь 2020 | Соода | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын жана Европа комиссиясынын техникалык диалогунун кезектеги раунду болуп өттү. Видеоконференцияда ЕЭКтин соода саясаты, техникалык жөнгө салуу жана аккредиттөө, өнөр жай саясаты жана агроөнөр жай саясаты департаменттеринин өкүлдөрү катышышты. Европа комиссиясынын делегаттарынын катарына соода, айыл чарба, айлана-чөйрө, климат, энергетика, саламаттыкты сактоо жана салык салуу боюнча башкы директораттардын өкүлдөрү, ошондой эле Европа бирлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн мүчөлөрү кирди.

ЕЭКтин бажылык-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары болуп Андрей Шашков дайындалды
16 Декабрь 2020 | Соода

Андрей Борисович Шашков 1977-жылдын 28-августунда Новополоцк шаарында (Беларусь Республикасы) төрөлгөн.

ЕЭК: Бирликтин эркин соода жөнүндө макулдашуулары боюнча иштин перспективалары алардан күтүлгөн натыйжалардан көз каранды
14 Декабрь 2020 | Соода

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын соода боюнча мүчөсүнүн (министринин) жардамчысы Сергей Чернышев "Валдай" эл аралык клубу тарабынан Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жыйынтыктары боюнча өткөрүлгөн "ЕАЭБ: мындан ары эмне болот?" деп аталган талкууда катышты. Жолугушууда евразиялык интеграциянын актуалдуу маселелери талкууланды. Талкуунун катышуучулары өз ара соодадагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча ишти, ЕЭКтин компетенцияларын кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле Бирликтин катышуучу өлкөлөрүнүн экономикаларынын көлөмүндөгү жана түзүмүндөгү айырмачылыктарга байланыштуу меселелерди талкуулашты. Буга чейин белгиленгендей, ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары 11-декабрда кабыл алган евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиясы бир катар маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берет.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынтыктары
11 Декабрь 2020 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Соода | Экономика жана каржы саясаты | Энергетика жана инфраструктура | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Бүгүн Жогорку Евразия кеңешинин Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчыларынын, ЖЕЭКтин Ардактуу Төрагасы, Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаевдин, Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додондун, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин, Куба Республикасынын Президенти Мигель Диас-Канель Бермудестин, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин катышуусунда видеоконференция режиминдеги отуруму болуп өттү.

Жогорку Евразия экономикалык кеңеши ЕАЭБдин тышкы соода күн тартибинин маселелерин карап чыкты
11 Декабрь 2020 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 11-декабрда болуп өткөн отурумунун жыйынтыктары боюнча Евразия экономикалык бирлигинин тышкы соода күн тартибин түзгөн бир катар принципиалдуу чечимдер кабыл алынды.