Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК балык өстүрүүчүлүктү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт
16 Февраль | Соода

16-февралда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы лосось түркүмүндөгү балыктарды өстүрүү үчүн балык көлмөлөрүнө карата алып келүү бажы алымдарынын коюмдарын бир жылдык мөөнөткө 15%дан 0%га чейин төмөндөттү. Азыркы учурда Евразия экономикалык бирлигинде түндүк шарттарында балык өстүрүү үчүн талап кылынган технологиялык деңгээлдеги жабдуулар чыгарылбайт.

Алюминий өндүрүү үчүн көмүртек жана графит продукциясына алымдар төмөндөтүлдү
16 Февраль | Соода

16-февралда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы алюминий электролизи үчүн көмүртек-графит продукциясынын айрым түрлөрү үчүн бажы алымдарынын коюмдарын бир жылдык мөөнөткө нөлгө түшүрдү.

ЕЭК вебинарынын катышуучулары ЕАЭБ мейкиндигинде электрондук сооданы андан ары өнүктүрүү боюнча кадамдарды белгилешти
09 Февраль | Соода

Евразия экономикалык комиссиясы Россиянын Өнөр жайчылар жана Ишкерлер Союзу (РСПП), Россиянын экспорт борбору ("РЭЦ" АК) жана Евразия экономикалык бирлигинин Ишкер кеңеши менен биргеликте “Электрондук соода аянтчалары. Жеткирүүлөрдү онлайн режимине которуу” вебинарын өткөрүштү.​

ЕАЭБ КЭРден келген ширетилген түтүктөргө жана профилдерге карата демпингге каршы алымды киргизет
09 Февраль | Соода

9-февралда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Кытай Эл Республикасынан келген дат баспас болоттон жасалган түтүктөрдүн жана профилдердин бир катар түрлөрүнө демпингге каршы алымды киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды. Алым беш жылдык мөөнөткө киргизилип, чендин коюму өндүрүүчүгө жараша 14,62ден 17,28% га чейин болот.

ЕЭК Украинадан келген болот түтүктөрдүн бир катар түрлөрү боюнча демпингге каршы кайта иликтөөнү баштады
08 Февраль | Соода

Евразия экономикалык комиссиясынын Ички рынокту коргоо департаменти Украинадан келген болот түтүктөрдүн айрым түрлөрү боюнча чаранын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу демпингге каршы тергөө ишин баштоо жөнүндө чечим кабыл алды.

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши Бирликтин аймагында жооп иретиндеги чараларды колдонуу маселесин иштеп чыгууну баштоону тапшырды
06 Февраль | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши 5-февралда Алмата шаарында (Казакстан) болуп өткөн отурумдун жыйынтыктары боюнча Евразия экономикалык комиссиясына Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин өкмөттөрү менен биргеликте 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 40-беренесинин 1-пунктуна ылайык чараларды колдонуу механизми жөнүндө маселени иштеп чыгууну баштоону тапшырды.​

Сергей Глазьев: «Өзбекстан байкоочунун статусунда ЕАЭБ менен диалогго активдүү кошулду»
04 Февраль | Соода

Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев жана Өзбекстан Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ботиржон Асадов Евразия экономикалык бирлигинин жана ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекет катары Өзбекстан Республикасынын ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты. Жолугушуу 3-февралда ЕЭКтин штаб-квартирасында болуп өттү.​

ЕЭК Кеңеши алюминий фторидине жана плавик шпатына карата чечимдерди кабыл алды
01 Февраль | Соода

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 29-январда алюминийди өндүрүүдө электролиттин компоненти катары колдонулган алюминий фторидине карата нөлдүк импорттук алымдын аракеттенүү мөөнөтүн узартты. Аталган чара 2023-жылдын 31-декабрына чейин аракеттенмекчи.

ЕЭКте Бангладештин жана ЕАЭБдин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды
29 Январь | Соода

29-январда Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында ЕЭКтин соода саясаты департаментинин директору Игорь Назаруктун Бангладеш Эл Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Камрул Ахсан менен жолугушуусу болуп өттү.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Иран Ислам Республикасынын РФтеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Казем Джалали менен жолугушту
25 Январь | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович 25-январда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында Иран Ислам Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Казем Джалали менен жолугушту.