Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБде Казакстанда чыгарылган сериялуу продукциянын келип чыгышы жөнүндө сертификатты колдонуу механизми түзүлмөкчү
10 Апрель 2020 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши өз ара сооданы жеңилдетүү максатында Казакстан Республикасынын аймагында өндүрүлгөн сериялуу продукциянын келип чыгышы жөнүндө сертификатты колдонуу механизмин түзүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Өкмөттөр аралык кеңеш кризиске каршы ыкчам стабилдештирүүчү чараларды жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларын калыбына келтирүү жана андан ары өнүктүрүү боюнча чараларды бекитти
10 Апрель 2020 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Соода

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөлөрү 10-апрелде Евразия экономикалык бирлигинде COVID-19 пандемиясынын шарттарында калктын турмуштук маанилүү муктаждыктарын камсыз кылуу, өз ара сооданы, товарлардын эркин кыймылын колдоо жана кийинки экономикалык өсүш үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралардын пакетин кабыл алышты. ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович баса белгилеп өткөндөй, Комиссия иш-аракеттерин күнүмдүк пайда болуучу орчундуу маселелерди жөнгө салууга багыттоо менен, өзүнүн ишмердигинин тартибин өзгөрттү. Чаралардын комплекси мүчө мамлекеттердин өкмөттөрү менен биргеликте иштелип чыккан. ​

ЕАЭБ өлкөлөрү COVID-19 менен күрөшүү үчүн зарыл болгон каражаттарды алып чыгууну чектейт
26 Март 2020 | Соода

COVID-19 вирусунун (коронавирус) таралышына жана жеке коргонуу каражаттарынын жетишсиздигине байланыштуу жагдайды стабилдештирүү максатында ЕЭК Коллегиясы 2020-жылдын 24-мартында жеке коргонуу каражаттарын, коргоо жана дезинфекциялоо каражаттарын, медициналык багыттагы продукцияны жана материалдарды Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) бажы аймагынан сырткары алып чыгууга убактылуу тыюу киргизүү жөнүндө чечим кабыд алды.

ЕАЭБде коронавирустук инфекциянын таралышынын алдын алуу жана аны болтурбоо үчүн алып келинип жаткан товарларга карата алымдар нөлгө түшүрүлдү
25 Март 2020 | Соода

Евразия экономикалык бирлигинин аймагында коронавирустук инфекциянын таралышынын алдын алуу жана аны болтурбоо үчүн алып келинип жаткан товарларды алып келүү бажы алымынан бошотуу жөнүндө Комиссиянын Кеңешинин 16-мартта өткөрүлгөн кезексиз отурумунда кабыл алынган чечими жарыяланды.

Кезексиз ЕЭК Кеңеши коронавирустук инфекциянын пандемиясына таасирденүү чараларын талкуулады
25 Март 2020 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода

ЕЭК Кеңешинин 25-мартта өткөрүлгөн кезексиз отуруму Евразия экономикалык бирлигинин коронавирустук инфекциянын таралышына реакциясына жана биргелешкен таасирденүү чараларын иштеп чыгууга арналды.

ЕАЭБде электромобилдерге карата алымдар нөлгө түшүрүлмөкчү
16 Март 2020 | Соода

ЕЭК Кеңеши электр кыймылдаткычы бар мотордуу транспорт каражаттарынын айрым түрлөрүнө карата (ЕАЭБ ТЭИ ТНдин 8703 80 000 2 позициясы) Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинин алып келүү бажы алымынын коюмун нөлгө түшүрүүнү чечти.

Андрей Слепнёв ЕЭКтин соода блогун жетектеди
02 Март 2020 | Соода

2-мартта Андрей Слепнёв Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын соода боюнча мүчөсүнүн (министрдин) кызматына киришти. Мындай чечим Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин башчылары тарабынан кабыл алынды.

ЕЭК Кеңеши Бирликтин товарларына жана үчүнчү өлкөлөрдүн товарларына карата КНСти алууда бирдей шарттардын түзүлүшүн жактырды
21 Февраль 2020 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода

ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Россия Федерациясынын эркин экономикалык аймактарына (ЭСА) импорттолгон Бирликтин товарларына карата КНСти мөөнөтүн кийинкиге калтыруу менен төлөө мүмкүнчүлүгүн караштырган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жактырды. КНСти төлөө мөөнөтүн кийинкиге калтыруу 180 календардык күнгө берилет.

ЕЭК Кеңеши "Эттин жана эт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү иштеп чыгууну тапшырды
21 Февраль 2020 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода

"Эттин жана эт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине мал союу өнүмдөрүн жана эт продукциясын маркалоодо алардын азыктык баалуулугун көрсөтүү боюнча талаптарды киргизүү болжолдонууда. Бул өзгөртүүлөр үчүн жоопкерчиликтүү иштеп чыгуучу катары россиялык тарап аныкталды, ал эми мамлекеттик ички макулдашууларды аяктоо 2021-жылдын экинчи кварталына белгиленди.

Сүрөт түшүрүү үчүн фольгага карата алып келүү бажы алымынын нөлдүк коюму 2022-жылдын 31-августуна чейин сакталмакчы
21 Февраль 2020 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода

Аталган чараны узартуу боюнча чечим 2019-жылдын 1-сентябрынан тарта пайда болгон укук мамилелерине жайылтылат. Буга чейин бул чара 2016-жылдын 4-мартынан 2019-жылдын 31-августуна чейин колдонулуп келген. Аталган мезгилдин ичинде товардын импорту өскөн, ал эми фольганы колдонуу менен даярдалган басма продукциясынын импорту кыскарган.