Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Европа бирлигинен алып келинген гербициддерге карата демпингге каршы алымды Улуу Британиянын продукциялары үчүн колдонуу улантылат
26 Май | Соода

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинде аларга карата демпингге каршы алым колдонулган гербициддердин келип чыккан жерлеринин тизмегине Улуу Британияны кошуу жөнүндө чечим кабыл алды. Документтин буга чейинки редакциясынын ченемдери Европа бирлигинин өлкөлөрүнө гана тиешелүү болчу.

ЕЭК Кытайдан алып келинген мунай жана газ түтүктөрү боюнча демпингге каршы кайта иликтөөнү баштады
14 Май | Соода

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Ички рынокту коргоо департаменти мунай жана газ чөнөктөрүн бургулоо жана эксплуатациялоо үчүн колдонулган, КЭРден алып келинген тигишсиз болот түтүктөргө карата чаранын аракеттенүү мөөнөтүнүн аягына чыгышына байланыштуу демпингге каршы кайта иликтөөнү баштоо жөнүндө чечим кабыл алды.

ЕЭК КЭРден алып келинген ашкана жана дасторкон приборлоруна карата демпингге каршы чараны узартты
12 Май | Соода

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Кытайдан алып келинген коррозияга туруктуу болоттон жасалган ашкана жана дасторкон приборлоруна карата демпингге каршы чараны 2021-жылдын 15-январына чейин узартты.

ЕЭК Департаменти Украинадан алып келинген темир жол дөңгөлөктөрүнүн импортуна карата демпингге каршы алымды жокко чыгаруу үчүн негиз жок деп эсептейт
12 Май | Соода

Евразия экономикалык комиссиясынын Ички рынокту коргоо департаменти Украинадан алып келинген бүтүн чоюлган болот дөңгөлөктөргө карата демпингге каршы алымды жокко чыгаруу үчүн негиз жок деп эсептейт. Бул тууралуу корутундулар демпингге каршы кайта иликтөөнү жүргүзгөн органдын баяндамасында келтирилет.

10-майда ЕАЭБде коронавирустук инфекциянын таралышына байланыштуу товарларды экспорттоого карата киргизилген чектөөлөрдү жеңилдетүү жөнүндө чечимдер күчүнө кирмекчи
08 Май | Соода

10-майда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын буга чейин Евразия экономикалык бирлигинде коронавирустук инфекциянын таралышына байланыштуу товарлардын экспортуна карата киргизилген чектөөлөрдү жеңилдетүү жөнүндө чечимдери күчүнө кирмекчи. Аталган жеңилдетүү кездемелердин айрым түрлөрүн жана дезинфекциялоочу каражаттарды үчүнчү өлкөлөргө алып чыгууга тиешелүү болду (ЕЭК Коллегиясынын тийиштүү № 59 жана № 60 чечимдери 2020-жылдын 30-апрелинде ЕАЭБдин расмий укуктук порталында жарыяланган).

Армения жана Кыргызстан алымдардын ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифинен айырмаланган коюмдары боюнча алып келген товарлардын тизмектеринин жаңы редакциялары бекитилди
28 Апрель | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода

28-апрелде ЕЭК Коллегиясы Армения жана Кыргызстан аларга карата алып келүү бажы алымдарынын Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинен айырмаланган коюмдарын колдонгон товарлардын тизмектеринин жаңы редакцияларын бекитти. Буга чейин тийиштүү принципиалдуу чечимдер 2019-жылдын декабрында жана 2020-жылдын январында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жана ЕЭК Кеңешинин отурумдарында кабыл алынган эле. Бул тууралуу эл аралык келишимдерге 14-апрелде кол коюлду.

ЕӨАК жыйынтыктары
10 Апрель | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Соода

10-апрелде Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин видеоконференция форматындагы отуруму болуп өттү.

ЕАЭБ өлкөлөрү чек ара аралык интернет-сооданы комплекстүү жөнгө салуунун эрежелерин даярдашууда
10 Апрель | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода

Өкмөттөр аралык кеңеш 10-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясына Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөттөрү менен биргеликте ЕАЭБдин эл аралык электрондук соода жаатындагы укугуна өзгөртүүлөр жөнүндө актыны даярдоону тапшырды. Мааниси боюнча, алдыда бул чөйрөдөгү комплекстүү укуктук жөнгө салуунун натыйжалуу механизмдерин түзүү милдети турат.

ЕАЭБде Казакстанда чыгарылган сериялуу продукциянын келип чыгышы жөнүндө сертификатты колдонуу механизми түзүлмөкчү
10 Апрель | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши өз ара сооданы жеңилдетүү максатында Казакстан Республикасынын аймагында өндүрүлгөн сериялуу продукциянын келип чыгышы жөнүндө сертификатты колдонуу механизмин түзүү жөнүндө чечим кабыл алды.