Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБ өлкөлөрү Бажы кодексинин ратификациясын аяктоодо
08 Декабрь 2017 | Бажы кызматташтыгы

“Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодекси уникалдуу документ болуп эсептелет, - деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) бажы кызматташтыгы боюнча министри Мукай Кадыркулов IV Евразия экономикалык конгрессинин жүрүшүндө. - Бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тарыхында бизнестин катышуусу менен иштелип чыгарылган биричи мыйзам акты. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишкерлери бажы органдары менен бирге жаңы Кодекстин концепциясын аныкташты жана ченемдер жана эрежелер боюнча да, тексттеги конкреттүү формулировкалар боюнча да сунуштарды киргизишти. Бизнес өзүнүн позицияларын сабаттуу далилдеп жатты. Натыйжада ЕАЭБтин ишкердик коомчулугунун сунуштарынын 70% ашыгы жаңы Бажы кодексине киргизилди”.​

ЕЭК Коллегиясынын жыйынтыктары: керектөөчүлөр укугун коргоо, Биримдик өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүн коргоо жана ТЭИ катышуучуларын идентификациялоонун бирдиктүү системасын түзүү чечимдерин кабыл алды.
21 Ноябрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу

Онлайн – соодада керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча сунуш – көрсөтмөлөр Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясында 21-ноябрда кабыл алынды. Мындан тышкары, «Балдар жана өспүрүмдөр үчүн арналган, продукциялардын коопсуздугу тууралуу» техникалык регламентине карата оңдоо иштеринин башталгандыгын аныктаган, өтмө жоболор белгиленди.​

ЕАЭБ жаңы Бажы кодекси 2018-жылдын 1-январында күчүнө кирет
14 Ноябрь 2017 | Бажы кызматташтыгы

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлмөкчү. 2017-жылдын 11-октябрында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынтыктары боюнча даярдалган биргелешкен билдирүүнүн алдына кол коюу менен Биримдик өлкөлөрүнүн президенттери документке жакын арада кол коюлушуна көмөктөшүүгө даярдыктарын билдиришти.​

ЖЕЭС корутундулары: евразия интеграциясынын санарип этабы башталды
12 Октябрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Бажы кызматташтыгы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) кооперациялык жана эл аралык кызматташтыктын жаңы форматтарын, анын ичинде космосто ишке ашырууга, Биримдик өлкөлөрүн санарип трансформациялоо жагында биринчи биргелешкен долбоорлорду баштоого, евразия эономикалык мейкиндигинде бардык өндүрүүчүлөр үчүн эркин атаандаштыкты жана барабар укуктарды коргоого даяр. Бул тууралуу Евразия экономиалык комиссиясынын (ЕЭК) Төрагасы Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2017-жылдын 11-октябрындагы жыйынтыктарында билдирди.​

ЕАЭБ жана Вьетнам өлкөлөрүнүн бажы кызматтары которулуштурулуучу товарлар тууралуу маалымат алмашууну 2018-жылдын октябрында башташат
10 Октябрь 2017 | Бажы кызматташтыгы

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) өлкөлөрү менен Вьетнам Социалисттик Республикасынын бажы кызматтарынын ортосунда Ханоеде өткөн сүйл2016-жылы Евразия кономикалыкбиримдигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринде цемент өндүрүү боюнча ашыкча кубаттуулук 69,5 млн тоннаны түзгөн, булл Биримдик рыногунун цементке муктаждыгынан дээрлик эки эсеге ашкан. өшүүлөрүнүн үчүнчү раунду Биримдик менен Вьетнам ортосунда электрондук маалымат алмашуу үчүн маалыматтардын курамы боюнча айрым позицияларды макулдашуу менен аяктады. Макулдашууларга ылайык Тараптар ЕАЭБ менен Вьетнам ортосундагы Эркин сода тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып эки жылдан кийин эксперименталдык негизде маалымат алмашууну башташат.​

Вьетнам менен ЕАЭБ ортосунда эркин соода келишиминин биринчи жылыныны жыйынтыгы чыгарылды
10 Октябрь 2017 | Бажы кызматташтыгы

Евразия экономикалык биримдиги менен Вьетнамдын ортосундагы Эркин сода жөнүндө келишимдин (ЭСК) алгачкы 10 ай ичиндеги иши Биримдик өлкөлөрүнөн Вьетнамга товарлардын экспорту 2015-2016-жылдардын тиешелүү мезгилине салыштырганда, 32% көбөйдү. Вьетнам продукцияларынын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рынокторуна чыгарылышы28 % өстү. Бул тууралуу ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Мукай Кадыркулов аталган келишимдин күчүнө киришинин бир жылдыгынаа арналган, Ханоедеги пресс-конференцияда билдирди.​

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн металл продукциясын өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоду
03 Октябрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода | Бажы кызматташтыгы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы украинанын ишканаларында өндүрүлгөн, ысык басылган бурч чектерге антидемпингдик алымды аныктады. Мындан тышкары, бажылык жөнгө салуу жаатындагы бир катар чечимдер кабыл алынган.

ЕЭК Коллегиясынын жыйынтыктары: ыйгарым укуктуу экономикалык оператор түшүнүгү жаңы мазмунга ээ болот, ЕАЭБте бажылык жөнгө салуу жана атаандаштыкты коргоо чөйрөсүндө чечимдер кабыл алынды
27 Сентябрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Техникалык жөнгө салуу | Бажы кызматташтыгы

Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) атаандаштыктын эрежелерин бузуу жөнүндө маселе Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын 26-сентябрындагы отурумунда каралды. 2015-жылдын январынан 2016-жылдын 30-июнуна чейинки мезгил аралыгында "Новолипецк металлургиялык комбинаты" (НЛМК) жана "ВИЗ-Сталь" ЖЧКсы Биримдик өлкөлөрүнүн сатып алуучуларга бирдей эмес шарттарды түзүү менен, электротехникалык анизатроптук болот сегментинде үстөмдүк кылуучу абалын кыянаттык менен колдонушкан. Ишканаларга жана эки жетекчиге айып коюлган. Бул ЕАЭБте керектөөчүлөрдүн укуктарын жана атаандаштыктын эркиндигин коргоо боюнча, ЕЭКтин тажрыйбасындагы биринчи чечими болду.​

ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрүнүн айыл чарба машиналарын куруудагы кооперациясын колдойт жана Монголиянын ветеринардык кызматы менен кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коет
12 Сентябрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Соода, өнөр жай саясаты, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн бажы кызматташтыгынын маселелери Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын 12-сентябрда өткөн отурумунда талкууланды.​

ЕЭК Коллегиясынын жыйынтыктары: импорттолуучу товарларды эркин айланымга чыгаруунун мөөнөттөрү кыскарат
04 Сентябрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Соода | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Техникалык жөнгө салуунун, ветеринардык көзөмөлдүн, ошондой эле бажылык башкаруунун маселелери 4-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) отурумунда талкууланды. Атап айтканда, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) 2018-жылдын башынан тарта күчүнө кире турган Бажы кодексинин ченемдерин жүзөгө ашыруу боюнча чечимдер кабыл алынды.​