Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК кешью жаңгагына жана өнөр жайлык майлуу спирттерге алып келүү бажы алымдарын нөлгө түшүрдү
13 Июнь 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Бажы кызматташтыгы

Соода, ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, ошондой эле бажылык жөнгө салуу маселелери 13-июнда Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) отурумунда каралды. Бир катар товарларга алып келүү бажы алымынын коюмдары нөлгө түшүрүлдү, продукциянын айрым түрлөрү квалификацияланды, евразиялык интеграцияны тереңдетүү боюнча башка чечимдер кабыл алынды.

ЕЭК баалуу металлдарды камтыган айрым товарларга бажы алымдарын нөлгө түшүрдү
22 Май 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода | Бажы кызматташтыгы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Соода, интеграция, бажылык кызматташуу жана агроөнөр жай комплекси маселелери Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын 22-майдагы отурумунда каралды. Евразиялык экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) Бирдиктүү бажы тарифинин алып келүү бажы алымынын товарлардын баалуу металлдары бар айрым түрлөрүнө коюмдары нөлгө түшүрүлдү; айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторунун бирдиктүү реестрин түзүүдө, жүргүзүүдө жана пайдаланууда Бирликтин ыйгарым укуктуу органдары менен ЕЭКтин маалыматтык өз ара аракеттенүүсү боюнча документтердин пакети бекитилди, евразиялык интеграцияны тереңдетүүгө багытталган бир катар башка чечимдер кабыл алынды.

ЕЭК сааттар үчүн айрым себилдегичтерге бажы алымдарын төмөндөтүп жана дем алуу жолдорунун ооруларын дарылоо үчүн препараттарды классификациялады
24 Апрель 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Соода

Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Коллегиясынын 24-апрелдеги отурумунда соода, бажы кызматташтыгы жана техникалык жөнгө салуу маселелери каралды. Товарлардын айрым түрлөрүнө кириш бажы алымдарын төмөндөтүү жөнүндө чечимдер кабыл алынып, дем алуу жолдорунун ооруларын дарылоо үчүн препараттар Евразиялык экономикалык биримдиктин Тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн товардык номенклатурасына (ЕАЭБ ТЭИ ТН) ылайык классификацияланды, аттракциондордун айрым кооптуу бөлүктөрүн сыноо жөнүндө Биримдиктин күбөлүгүнүн формасы бекитилди.​

ЕЭК Беларуста ак кантка болгон бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтүн узартууну макулдашты, алдын ала маалымдоо институтунун өнүгүүсүнө чечим чыгарды, аттракциондорго карата стандарттарды бекитти
10 Апрель 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Коллегиясынын 10-апрелде болуп өткөн отурумунда Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндөгү бажылык кызматташтык, атаандаштык, монополияга каршы жана техникалык жөнгө салуу маселелери каралды. Беларусь Республикасында ак кантка болгон бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтүн узартуу макулдашылды, Биримдикке суу транспорту менен алып келинүүчү товарлар жөнүндө маалыматты берүүнүн тартиби аныкталды, аттракциондордун коопсуздугу жөнүндө техникалык регламентке стандарттардын тизмеги белгиленди, парфюмердик жана косметикалык продукция жөнүндө техникалык регламентке стандарттардын тизмеги актуалдаштырылды, евразиялык интеграцияны тереңдетүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.​​

ЕЭК Коллегиясы Кытайдан жана Малайзиядан алып келинүүчү түтүктөргө болгон демпингге каршы алымдардын аракетин узартты, газ турбиналарына бажы алымдарын жогорулатты
03 Апрель 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Коллегиясынын 3-апрелде болуп өткөн отурумунда Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн соода, бажы кызматташтыгы жана техникалык жөнгө салуу маселелери талкууланды. Кытайдан жана Малайзиядан алып келинүүчү муздак деформацияланган, бириктирилген жерлери жок, дат баспас болоттон жасалган түтүктөргө демпингге каршы алымдардын аракети узартылды, газ турбиналарынын кээ бир түрлөрүнө бажы алымдары алардын бажылык наркынын 3-5 % на чейин жогорулатылды.​

ЕЭК ЕАЭБке киргизилүүчү товарларды бажылык контролдоонун өзгөчөлүктөрүн аныктады
28 Март 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Бажы кызматташтыгы

Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Коллегиясынын мүчөлөрү 27-мартта болуп өткөн отурумда Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) бажылык тескөө-башкаруусу жана өнөр жай саясаты жаатындагы чечимдерди кабыл алышты.​

ЕЭК жана ЕБА жаңы Бажы кодекси боюнча иштердин биринчи кварталынын жыйынтыктарын чыгарышты
19 Март 2018 | Бажы кызматташтыгы

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Бажы кодексинин бардык новеллаларын ишке ашыруу үчүн ченемдик-укуктук базаны иштеп чыгуу 2019-жылга чейин уланат, деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын бажы кызматташтыгы боюнча мүчөсү (министр) Мукай Кадыркулов, Комиссиянын делегациясынын Европалык бизнес ассоциациясынын (ЕБА) мүчө компанияларынын өкүлдөрү жана ассоциациянын генералдык директору Франк Шауфф менен болгон жолугушуусунун жүрүшүндө билдирди. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаңы бажылык мыйзам боюнча ишинин биринчи кварталынын жыйынтыктары боюнча пикир алмашуу орун алды.​

ЕАЭБ жана КЭР бажылык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоодо
19 Март 2018 | Бажы кызматташтыгы

Товарларды коопсуз жеткирүүнү камсыз кылуу, бажы администрацияларынын аймактык деңгээлде өз ара аракеттенүүсү, бажы контролунун жыйынтыктарын өз ара таануу, бажылык статистика маалыматтарын алмашуу, бажылык тескөө-башкарууну өркүндөтүү жана ТЭИнин катышуучулары үчүн соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жана Кытай Эл Республикасынын (КЭР) ортосундагы мындан аркы кызматташуунун багыттары болушу мүмкүн.​

ЕЭК бажылык башкаруу чөйрөсүндө өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип жана интеграцияланган маалыматтык системаны өнүктүрүүдө
24 Январь 2018 | Техникалык жөнгө салуу | Соода | Бажы кызматташтыгы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

ЕЭК Коллегиясы 23-январда бажылык башкаруу, техникалык жөнгө салуу, соода саясаты жана ЕАЭБтин интеграцияланган маалыматтык системасын өнүктүрүү тармагында бир катар чечимдерди кабыл алды. Атап айтканда, Кытайда өндүрүлгөн полимердик каптоосу менен металлопрокатка демпингге каршы алымдын колдонулушу узартылды. Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестри түзүлөт, ошондой эле эмгекчилерге же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө пенсияларды дайындоо жана төлөө үчүн керек болгон маалымат алмашуу жолго коюлат. Бирдиктүү санитардык талаптардын ичинен тартылуучу тамеки буюмдарга карата талаптар алынып салынган, ошондой эле тартылбаган тамеки буюмдарын өндүрүүдө пайдаланууга жол берилбеген жыпар жыттуу жана даам бергич заттардын тизмеги толукталды.​

Санариптик технологиялар тышкы соода процедураларын бир кыйла жөнөкөйлөткөнгө жардам берет
14 Декабрь 2017 | Бажы кызматташтыгы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

«Жаңы технологиялык түзүлүштүн жалындагы бирдиктүү терезе» трансчегаралык кагазсыз соода боюнча эл аралык конференциясында, Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) бажы кызматташтыгы боюнча Коллегиясынын мүчөсү (министр) Мукай Кадыркулов Улуттук механизмдерде соңку жаңы маалымат технологиялардын, анын ичинде Big data, берилмелердин булуттук чечимдерин жана өтмө иштетүүлөрүнүн «бирдиктүү терезесин» колдонуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө билдирди. ​