Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК министри Нурлан Акматов жана Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун генералдык катчысы Кунио Микурия эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты
03 Июль 2019 | Бажы кызматташтыгы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын бажы кызматташтыгы боюнча мүчөсү (министр) Нурлан Акматов жана Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун (ББажУ) генералдык катчысы Кунио Микурия Брюсселде (Бельгия) бажылык жөнгө салуу жол-жоболорун мыктылоо, соода жүргүзүү жол-жоболорун эл аралык стандарттарга жана бажылык тескөө-башкаруунун алдыңкы иш-тажрыйбаларына ылайык жеңилдетүү, ошондой эле Евразиялык интеграциянын бажы тармагындагы перспективалары маселелерин талкуулашты.

ЕЭКте бажы кызматташтыгы боюнча министр дайындалды
07 Июнь 2019 | Бажы кызматташтыгы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Кыргыз Республикасынан жаңы мүчөсү (Министр) болуп Нурлан Акматов дайындалды. Анын компетенциясына Евразия экономикалык бирлигиндеги бажылык жөнгө салуу маселелери кирет

ЕАЭБ жана Кытай бажылык маалыматтар менен алмашуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту
06 Июнь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы

6-июнда Санкт-Петербургда Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Кытай Эл Республикасынын (КЭР) бажы чек аралары аркылуу өткөрүлүүчү товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтар менен алмашуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

ЕАЭБдин мамлекет башчылары: Бирлик калыптанды жана ийгиликтүү иштөөдө
29 Май 2019 | Интеграция жана макроэкономика | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Бажы кызматташтыгы | Соода | Экономика жана каржы саясаты | Энергетика жана инфраструктура | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) 29-майда Нур-Султанда (Казакстан) болуп өткөн мааракелүү отурумунда интеграция, макроэкономика, соода, электр энергетикасы, бажы кызматташтыгы, каржылык саясат, кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногу, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптештирүү, өнөр жай кызматташтыгы, атаандаштык чөйрөлөрүндөгү жана башка бир катар чөйрөлөрдөгү маанилүү чечимдер кабыл алынды. Иш чара эки мааракелүү күнгө туш келди – Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) жөнүндө келишимдин түзүлгөндүгүнүн 5-жылдыгына жана Евразиялык интеграция идеясынын 25-жылдыгына.

ЕЭК Кеңеши килем жасоо үчүн бир катар пропилен жиптерге карата алып келүү бажы алымдарынын коюмун нөлгө түшүрдү
22 Февраль 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы | Соода | Техникалык жөнгө салуу

22-февралда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин отуруму болуп өтүп, анда интеграция, соода, бажылык жана техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу маселелери каралды.


Евразия экономикалык бирлигинин тажрыйбасы ББУнун эң маанилүү документтеринде орун алды
13 Сентябрь 2018 | Бажы кызматташтыгы

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) иштелмелери жана Бүткүл дүйнөлүк бажы уюму (ББУ) тарабынан жарыяланган ага кирген айрым документтер биринчи жолу Коопсуздуктун алкактык стандарттарынын жана эл аралык соода-сатыкты жөнөкөйлөтүүнүн жаңы редакциясына киргизилди. Алкактык стандарттар – бул бажы иши жаатындагы маанилүү эл аралык, дүйнөлүк бажы администрациялары үчүн жалпы таанылган багыттагы документ.

ЕЭК айыл чарба продукциясына тарифтик квоталарды белгиледи жана экспресс-жүктөр үчүн товарларга декларациянын формасын бекитти
29 Август 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода | Бажы кызматташтыгы

Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Коллегиясынын 28-августтагы жыйналышында соода жана бажы кызматташтыгы чөйрөсүндөгү маселелер каралды. Атап айтканда, ЕЭК Коллегиясы үчүнчү өлкөлөрдөн алып келинүүчү айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнө 2019-жылга тарифтик квоталарды белгиледи, экспресс-жүктөр үчүн товарларга декларациянын формасын жана аны толтуруу тартибин бекитти, евразиялык интеграцияны тереңдетүү боюнча башка бир катар чечимдерди кабыл алды.

ЕЭК курама командасы XX жайкы Дипломатиялык оюндарда жети медалдын ээси болуп калды
28 Август 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Соода | Экономика жана каржы саясаты | Энергетика жана инфраструктура | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

25-августта Тверь областындагы «Завидово» комплексинде өткөн XX жайкы Дипломатиялык оюндарда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) курама командасы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медалды утуп алды. ЕЭКтин спортсмендери эркектер арасында чоң теннис жана аялдар арасында 200 метрге кросс боюнча мелдештерде мыкты болуп калды. Табактарды атууда, баскетбол жана бильярд боюнча турнирлерде байгелүү орундарды ээледи.

Кыргызстанда ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларга карата контролдук баалардын эң төмөнкү деңгээлин колдонуу түрүндөгү тоскоолдук четтетилет
10 Июль 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Бажы кызматташтыгы | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) ички рынокторун бажылык жөнгө салуу, алардын атаандаштыгынын жана иштешинин маселелери Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын отурумунда каралды. ЕЭК Кыргыз Республикасынын өз ара соодадагы тоскоолдукту четтетүүгө даяр экендигин белгиледи, ак ниет эмес атаандаштыктын белгилери жөнүндө ишти кароо токтотулду, көпүрө краны классификацияланып, Комиссиянын ырастоочу борбору жөнүндө жобо бекитилди.​

ЕЭК товарлардын жүгүрүүсүнө мамлекеттик контроль органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууну сунуштайт
20 Июнь 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу

Бажы кызматташтыгынын, ички рынокту техникалык жөнгө салуунун жана анын иштешинин маселелери 19-июнда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын отурумунда талкууланды. Мамлекеттик контроль органдарынын өз ара аракеттенүүсү боюнча Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнө сунуштама кабыл алынып, товарлардын бажылык наркын кийинкиге калтырылган аныктоонун тартиби бекитилди.​