Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБ жана Вьетнам бажы маалыматтары менен алмашуу боюнча принципиалдуу макулдашууларга жетишти
29 Август 2017 | Бажы кызматташтыгы

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн жана Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосунда сүйлөшүүлөрдүн экинчи раундунун жүрүшүндө бажы маалыматы менен алмашуунун маселелери талкууланды.​

Балдар аянтчалары үчүн жабдууларды өндүрүүчүлөр өткөөл мезгил алышат
11 Июль 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу | Бажы кызматташтыгы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын отурумунда 11-июлда 2025-жылга чейин Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Интеграцияланган маалыматтык системасын өнүктүрүү стратегиясынын долбоору жактырылган. Ошондой эле техникалык жөнгө салуу жана бажылык башкаруу чөйрөсүндө чечимдер бир катар чечимдер кабыл алынган. Атап айтканда, “Балдар оюн аянтчалары үчүн жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентинин өткөөл жоболору макулдашылды жана Бажы биримдигинин Комиссиясынын чечимине өзгөртүү киргизилди, ал Карачаганак кен жатагынан чыгарылган жана үчүнчү өлкөлөргө Россиянын аймагы аркылуу экспорттолгон казакстандык мунайдын экспортун жөнөкөйлөтөт. Коллегиянын мүчөлөрү макулдашылган (координацияланган) агроөнөр жай саясатын жүзөгө ашыруунун алкагында ЕАЭБ өлкөлөрүндө жүргүзүлгөн, айыл чарбасын мамлекеттик колдоонун түрлөрүнүн жана ыкмаларынын серебин талкуулашты.

ЕЭК Министри Мукай Кадыркулов: “Бирдиктүү терезе” - бул биринчи кезекте бизнес үчүн сервис”
05 Июнь 2017 | Бажы кызматташтыгы

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө “бирдиктүү терезе” механизмдеринин өз ара аракеттешүүсүн өнүктүрүү темасы 31-майдан 1-июнга чейин Кыргызстанда өткөн эл аралык семинарда талкууланды.​

ЕАЭБте Конфедерациялар кубогу 2017 жана футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2018 үчүн товарларды киргизүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн эрежелери иштей баштайт
02 Июнь 2017 | Бажы кызматташтыгы

3-июндан баштап, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө 2017-жылдын FIFA Конфедерациялар кубогун жана 2018-жылдын FIFA футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатын уюштуруу үчүн арналган товарларды киргизүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн эрежелери иштей баштайт. Футбол командаларынын, судьялык коллегиянын, уюштуруучулардын, чагылдыруучу компаниялардын жана прессанын ишин камсыздоо үчүн спорт инвентарларын жана техникалык жабдууларды жөнөкөйлөтүлгөн эрежелер боюнча спорт иш-чаралары өткөрүлгөн мезгилде гана алып кирүүгө болот, андан кийин товарлар ЕАЭБ бажы аймагынан чыгарылышы керек.

ЕАЭБда “бирдиктүү терезени” ишке киргизүү боюнча иштер активдештирилет
26 Май 2017 | Бажы кызматташтыгы

Евразия Өкмөт аралык кеңештин Казанда өткөн отурумунда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Бажы кызматташтыгы боюнча Коллегия мүчөсү (Министр) Мукай Кадыркулов ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер- министрлерине “бирдиктүү терезе” механизмин өнүктүрүү долбоору боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады.

Экономиканын санариптик трансформациясы, инновацияларды жайылтуу жана тоскоолдуктарды четтетүү Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун негизги темалары болду
26 Май 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Экономика жана каржы саясаты | Бажы кызматташтыгы

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму 26-майда Казанда өттү (Россия Федерациясы). Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) беш өлкөсүнүн премьер-министрлери интеграциялык процесстерди тереңдетүү, анын ичинде товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана эмгек ресурстарынын эркин кыймылы үчүн тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү четтетүү үчүн маанилүү бир катар маселелерди, Биримдиктин санариптик күн тартибин жана өзөктүү тармактарда илимий изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди колдоо аркылуу инновацияларды жайылтуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты. ​

ЕАЭБ жана Кытайдын бажы кызматташтыгында жаңы сүртүмдөр пайда болууда
18 Май 2017 | Бажы кызматташтыгы

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жана Кытай Эл Республикасынын (КЭР) бажылык башкаруу жаатында өз ара аракеттешүүсүнүн негизги маселелерин жана мындан аркы кызматташуусунун перспективаларын Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Мукай Кадыркулов жана КЭР Башкы бажылык башкармалыгынын жетекчиси Юй Гуанчжоу талкуулашты. Жолугушуу Пекинде “Бир алкак, бир жол” эл аралык форумунун алкагында өттү. ​

ЕАЭБ мамлекеттеринин бажы органдары Биримдиктин каалаган мамлекетинде берилген, техрегламенттердин талаптарына шайкеш келүүнү баалоо жөнүндө документтерди кабыл алышы керек
18 Май 2017 | Техникалык жөнгө салуу | Бажы кызматташтыгы

17-майда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин отурумунда Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн бажы органдары ЕАЭБ каалаган өлкөсүндө берилген, шайкештикти баалоо жөнүндө бирдиктүү документтердин кабыл алынышын, жана үчүнчү мамлекеттердин мындай документтери бар товарлары Биримдиктин аймагында жүгүртүмгө чыгарылышын камсыздашы керектиги туурасында чечим кабыл алынды.

ЕЭК Коллегиясынын отурумунда антидемпингдик чараларды колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынды жана техрегламенттин долбоору жактырылды
11 Май 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы | Соода | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы 11-майдагы отурумунда кытайлык жана украиналык металлургиялык ишканалар тарабынан өндүрүлгөн металлпродукциясынын кээ бир түрлөрүнө карата антидемпингдик чараларды колдонуу жөнүндө чечим кабыл алды, өрт коопсуздугун камсыздоо жана өрт өчүрүү каражаттарына техрегламенттин долбоорун жактырды, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн профессионалдуу спортчуларын үчүнчү өлкөлөрдүн спорттук легионерлерине теңдеген чектөөлөрдү четтетүүнү сунуштады, товарлардын классификациясы боюнча чечим кабыл алды.