Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Керектөөчүлөрдүн укуктарын темир жол транспорту боюнча уюмдар бузгандыгы жөнүндө арыздарды Евразия экономикалык комиссиясы карап чыгуусунун эрежелери ЕЭК Кеңешинин чечими менен кабыл алынышы мүмкүн
03 Май 2017 | Энергетика жана инфраструктура

“Темир жол ташуучуларынын жана инфраструктуралык ишканалардын кызмат көрсөтүүлөрүнө адилеттүү жана экономикалык негизделген тарифтерди аныктоо маселеси Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) темир жол ташуулары чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун түзүүдө өзгөчө мааниге ээ. Биз керектөөчүлөр үчүн өз укуктарын коргоо боюнча ылайыктуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жана бардык кызыкдар тараптар үчүн кызыкчылыктардын балансына жетишибиз керек”, - деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Транспорт жана инфраструктура департаментинин директору Ержан Нурахметов Темир жол транспорту боюнча уюмдардын темир жол транспортунун ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтердин деңгээлин өзгөртүү боюнча иш-аракеттери менен керектөөчүлөрдүн укуктары жана кызыкчылыктары бузулгандыгы туурасында арыздарды ЕЭК карап чыгуусунун эрежелери жөнүндө Макулдашуунун долбоорун карап чыгууга арналган кеңешмеде.​

ЕАЭБтин көмүрсуутектер жалпы рыногунун программасын түзүүгө чыгымдар Биримдиктин жана катышуучу-өлкөлөрдүн бюджеттеринин ортосунда бөлүштүрүлөт
28 Апрель 2017 | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык комиссиясында (ЕЭК) өткөрүлгөн, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн каржы министрликтеринин өкүлдөрүнүн отурумунда ЕАЭБ газ, мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рынокторун түзүү программаларын каржылоо механизмдери жана булактары макулдашылды. Каражаттар Биримдиктин бюджетинен да, катышуучу-өлкөлөрдүн бюджетинен да алынат.​

Авиатранспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун түзүү боюнча “жол картасы” макулашылды
28 Апрель 2017 | Энергетика жана инфраструктура

Аба транспортунун маселелери боюнча “жол картасынын” долбоорун даярдоо боюнча жумушчу топтун отуруму Евразия экономикалык комиссиясында (ЕЭК) өттү. 2018-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде жүзөгө ашырылышы керек болгон иш-чаралар талкууланды.​

Казакстандын Эл аралык автомобилдик ташуучулар союзу ЕЭК менен өз ара иштешүүнү активдештирүүнү каалайт
25 Апрель 2017 | Энергетика жана инфраструктура

Бизнес-коомчулугунун жана жүк ташуучулардын улуттук ассоциацияларынын өкүлдөрүн Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) менен жигердүү өз ара иштешүүгө ЕЭКтин Транспорт жана инфраструктура департаментинин автомобилдик транспорт бөлүмүнүн башчысы Думан Дуйсенбай Казакстан Республикасынын Эл аралык автомобилдик ташуучулар союзунун (КазАТО) чогулушундагы сүйлөгөн сөзүндө чакырды.​

ЕЭКтин Мунай жана газ боюнча консультативдик комитети ЕАЭБтин жалпы газ рыногун түзүү программасын жактырды
24 Апрель 2017 | Энергетика жана инфраструктура

“Программада Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин экономикалык кызыкчылыктары эске алынды, анын ичинде, алардын газ рынокторунун иштөөсүнүн жана өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрү, улуттук мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү. Ошол эле учурда жалпы газ рыногун түзүү интеграциялык кызматташтыктын маанилүү артыкчылыктарынын бири болуп эсептелет”, - деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Адамкул Жунусов.​

Автотранспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун өнүктүрүү - ЕЭКтин ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктарынын бири
24 Апрель 2017 | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) автотранспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун түзүүнүн негизги маселелери туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Транспорт жана инфраструктура департаментинин автомобилдик транспорт бөлүмүнүн башчысы Думан Дуйсенбай жүк ээлери, логисттер жана ташуучулар үчүн “ТрансРоссия” 22-эл аралык конференциясында айтып берди.​

Аба транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн жалпы рыногун түзүү маселеси Минскте талкууланды
20 Апрель 2017 | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) аба транспортун өнүктүрүү маселелери Транспорт жана инфраструктура боюнча консультативдик комитеттин жарандык авиация боюнча комитетчесинин жана ЕАЭБте Транспорт саясатынын негизги багыттарын жүзөгө ашыруу боюнча “жол картасынын” долбоорун даярдоо боюнча жумушчу топтун отурумдарында талкууланды. Иш-чаралар Минскте Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Транспорт жана инфраструктура департаментинин директору Ержан Нурахметовдун төрагалыгы алдында өттү. ​

ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрүндө темир жол транспортун өнүктүрүүнүн перспективаларын талкуулайт
14 Апрель 2017 | Энергетика жана инфраструктура

ЕАЭБ жөнүндө келишимдин темир жол транспорту чөйрөсүндө жоболорун жүзөгө ашыруунун жүрүшү жана башка бир катар маселелер 12- жана 13-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Транспорт жана инфраструктура боюнча консультативдик комитетинин темир жол транспорту боюнча комитетчесинин тогузунчу отурумунда каралды. ​

ЕЭК ЕАЭБтин мунай жана мунай өнүмдөрү боюнча жалпы рынокту түзүү программасын иштеп чыгууну улантат
14 Апрель 2017 | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) ЕЭКтин Мунай жана газ боюнча консультативдик комитетине караштуу жумушчу топтун алкагында Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мунай жана мунай өнүмдөрү боюнча жалпы рынокту иштеп чыгуу программасын иштеп чыгууну улантты. ​

ЕЭК транспорт коопсуздугунун маселелери боюнча эл аралык күн тартипти түзүүгө катышат
07 Апрель 2017 | Энергетика жана инфраструктура

Транспорт комплекстеринин коопсуздук чөйрөсүн мыйзамдык жөнгө салуунун, мыйзамсыз кийлигишүү актыларынан коргоонун актуалдуу маселелерин, транспорт коопсуздугун камсыздоодогу көйгөйлөр жана аларды чечүү механизмдерин 6-7-апрелде Санкт-Петербургда өткөн, транспорт коопсуздугун камсыздоо маселелерине арналган Эл аралык форумдун катышуучулары талкуулашты.​