Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБде Бирликтин транспорттук-экономикалык балансын даярдоо боюнча консультациялар башталды
22 Ноябрь 2019 | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн транспорттук ведомстволорунун жетекчилери Бирликтин транспорттук-экономикалык балансын иштеп чыгуунун максатка ылайыктуулугун колдошту. Бул тууралуу алар ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын Жетекчилер кеңешинин 20-ноябрда "Транспорт жумалыгы – 2019" жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык форумунун жүрүшүндө болуп өткөн үчүнчү отурумунда билдиришти.

ЕЭК, ЭКА КМШ жана ЭСКАТО электр энергия тармагын өнүктүрүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгышмакчы
05 Ноябрь 2019 | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК), КМШнын Электр энергетикалык Кеңешинин Аткаруучу комитети жана Азия жана Тынч океан үчүн Экономикалык жана социалдык комиссия (ЭСКАТО) электр энергия тармагын өнүктүрүү, жаңыланма энергетиканын жана энергетиканын санариптик трансформациясын баалоо боюнча биргелешкен сунуштамаларды иштеп чыгышмакчы. Бул тууралуу "Жалпы энергия рынокторун түзүү жана энергиянын жаңыланма булактарынын (ЭЖБ) энергетикалык коопсуздукту жогорулатуудагы ролу" деп аталган биргелешкен эл аралык тегерек столдун катышуучулары келишишти. Аталган тегерек столду өткөрүү кызматташтыкты кеңейтүү боюнча иштин логикалык уландысы болуп калды.

ЕЭК жана ЕСТЕЛО эки тараптуу кызматташтыктын багыттарын такташты
21 Октябрь 2019 | Энергетика жана инфраструктура

Евразиялык транспорттук, экспедициялык жана логистикалык уюмдардын бирлиги (ЕСТЕЛО) бизнестин жана транспорттук уюмдардын кызыкчылыктарынын негизинде транспорт тармагындагы көйгөйлүү маселелерди жана тоскоолдуктарды аныктоо боюнча иште Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) транспорттук блогунун негизги өнөктөшү бойдон кала бермекчи. Мындай келишкендик ЕСТЭЛОнун Кеӊешинин Новороссийск шаарында (Россия Федерациясы) өткөрүлгөн отурумунда түзүлдү. Аталган отурумда ЕЭК өкүлдөрү катышышты.

ЕЭК Коллегиясы кагаз түрүндөгү ТКПларды жол-жоболоштуруу мүмкүнчүлүгүн 2020-жылдын 1-ноябрына чейин узартты
14 Октябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Техникалык жөнгө салуу | Бажы кызматташтыгы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Экономика жана каржы саясаты | Энергетика жана инфраструктура

14-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы өнөр жай кызматташтыгы, бирдиктүү кызмат көрсөтүүлөр рыногу, бажылык жана техникалык жөнгө салуу, транспорт жана инфраструктура, макроэкономика, ички рыноктун иши, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптештирүү чөйрөлөрүндөгү маселелерди карап чыгышты.

«Бешилтиктин» өлкөлөрүнүн транспорттук ведомстволорунун жетекчилери интеграцияны өнүктүрүү боюнча перспективаларды белгилешти
07 Октябрь 2019 | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин транспорт тармагындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңеши Ереванда «Евразия континентинин транзиттик потенциалы» эл аралык форумунун алкагында транспорттук саясатты ишке ашыруу боюнча 2018–2020-жылдарга карата «жол картасын» аткарууну жана 2023-жылга чейин евразиялык «бешилтиктин» өлкөлөрүндө аталган документти түзүү боюнча сунуштарды талкуулады.

ЕЭК транспорт тармагындагы уюмдар менен кызматташтыкты бекемдөөдө
07 Октябрь 2019 | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Евразия экономикалык комиссиясынын жана Транспорттук, экспедициялык жана логистикалык уюмдардын Евразия бирлигинин (ЕСТЭЛО) ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол койду. Эки уюм тең тоскоолдуктарды жоюу жана Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жалпы кызмат көрсөтүүлөр рыногун түзүү боюнча эң мыкты иш-тажрыйбаларды киргизүү боюнча чараларды иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бөлүү менен, өз ара аракеттенүүнү андан ары өнүктүрүүнү көздөшүүдө.

ЕЭК табигый монополиялар жаатындагы улуттук мыйзамдарды жакындатуу боюнча сунуштамаларды даярдамакчы
02 Октябрь 2019 | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин табигый монополиялар тармагындагы жөнгө салуучу иш-тажрыйбаларын жана ченемдик базасын талдады жана тутумдаштырды. Табигый монополиялар боюнча консультативдик комитеттин Бишкекте (Кыргызстан) өткөрүлгөн 16-отурумунда каралган изилдөөнүн натыйжалары Евразия «бешилтигинин» өлкөлөрүнүн мыйзамдарын шайкеш келтирүү жана мыктылоо боюнча масштабдуу иштин башаты болуп калмакчы.

ЕАЭБдин энергоресурстарынын жалпы рыноктору 2025-жылдын 1-январынан тарта иштей баштайт
26 Сентябрь 2019 | Энергетика жана инфраструктура

«Евразия жумалыгы» IV Эл аралык көргөзмө форумунун ишинин биринчи күнүнүн алкагында «Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) энергетикалык ресурстарынын жалпы рыноктору: энергокоопсуздукту жогорулатуу фактору жана бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр» деп аталган панелдик сессия болуп өттү.

ЕЭКтин Транспорт боюнча консультативдик комитети интеграциялык процесстердин биринчи жарым жылдыктагы жыйынтыктарын чыгарды
03 Сентябрь 2019 | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин аэропортторунун инфраструктурасынын, аэродромдук жабдууларынын, аба кемелеринин учууларынын аэронавигациялык жана радиотехникалык камсыздоосунун, ошондой эле Евразия «бешилтигинин» өлкөлөрүндөгү автомобилдик транспортто жана жол чарбачылыгында колдонулуучу учурдагы интеллектуалдык транспорттук тутумдарынынын абалын талдоону аяктады.

ЕЭК газ, мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рыногун ишке киргизүү үчүн ченемдик-укуктук базаны түзүүдө
03 Сентябрь 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Энергетика жана инфраструктура

2-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндөгү соода, макроэкономика, бажы кызматташтыгы, ишкердик ишмердикти өнүктүрүү, атаандаштык, санариптештирүү, каржы рыноктору, техникалык жөнгө салуу, дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү, электр энергиясынын, газдын, мунайдын жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рынокторун түзүү чөйрөлөрүндөгү маселелерди карап чыкты.