Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБ жана ЖЖЭА айкалышуусунда реалдуу алдыга жылуулар бар: инфраструктуралык долбоорлордун тизмелери макулдашылды
01 Март 2017 | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрү жүзөгө ашыра турган жана Жибек жолунун Экономикалык алкагын (ЖЖЭА) түзүүнү колдогон артыкчылыктуу долбоорлордун тизмесин түздү. Алардын 39 жаңы жолдордун курулушуна жана эски жолдорду модернизациялоого, транспорттук-логистикалык борборлорду түзүүгө, негизги транспорттук түйүндөрдү өнүктүрүү байланыштуу. Бул туурасында Женевада БУУ Европа экономикалык комиссиясынын Ички транспорт боюнча комитетинин (БУУ ЕЭК ИТК) 70 жылдыгына арналган мааракелик иш чаралардын алкагында ЕЭКтин Транспорт жана инфраструктура департаментинин директору Ержан Нурахметов билдирди.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ички суу жолдоруна жеткилик жеңилдетилиши керек
28 Февраль 2017 | Энергетика жана инфраструктура

Кеме жүргүзүү жөнүндө макулдашуу Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ички суу жолдоруна жеткиликти жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Транспорт жана инфраструктура департаментинин директорунун орун басары Максим Асаул Женевада өткөн БУУ Европа экономикалык комиссиясынын Ички суу транспорту боюнча жогорку деңгээлдеги конференциясында билдирди.

ЕЭК ЕАЭБтин жалпы газ рыногун түзүү программасынын долбоорун даярдады
26 Январь 2017 | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык биримдигинин жалпы газ рыногунун программасын түзүүгө ык-амалдарды Венада (Австрия Республикасы) өткөн онунчу Европалык газ конференциясында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Адамкул Жунусов презентациялады.​

ЕЭК жана «Сибирь аркылуу ташуулар боюнча координациялык кеңеш» эл аралык асооциациясы Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту.
18 Январь 2017 | Энергетика жана инфраструктура

18-январда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (Министр) Адамкул Жунусов жана «Сибирь аркылуу ташуулар боюнча координациялык кеңеш» (СТКК) эл аралык асооциациясынын башкы катчысы Геннадий Бессонов Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту

ЕЭК Коллегиясы үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соодада техникалык тоскоолдуктарды четтетүү тартиби жана шарттары тууралуу келишимди жактырды
20 Декабрь 2016 | Техникалык жөнгө салуу | Энергетика жана инфраструктура

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын мүчөлөрү ЕЭК Кеңешинин үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соодада техникалык тоскоолдуктарды четтетүү тартиби жана шарттары тууралуу келишимди мамлекеттерине ага кол коюу үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол жоболорду жүргүзүү үчүн жөнөтүү тууралуу тескемесинин долбоорун жактырды.​

ЕЭК табигый монополиялар чөйрөсүндө энергонатыйжалуулук маселелерин талкуулоодо
20 Декабрь 2016 | Энергетика жана инфраструктура

ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Адамкул Жунусовдун жетекчилиги алдында, Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) аянтчасында табигый монополиялар чөйрөсүндө энергонатыйжалуулук маселелери боюнча тегерек столдун экинчи отуруму болуп өттү. Тегерек столдун модератору ЕЭКтин Транспорт жана инфраструктура департаментинин директору Ержан Нурахметов болду.​

Адамкул Жунусов: “ЕАЭБ мамлекеттери тарабынан демонополизация боюнча кабыл алынган чаралар атаандаштыктын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт”
13 Декабрь 2016 | Энергетика жана инфраструктура

12-декабрда Евразия экономикалык комиссиясында энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Адамкул Жунусовдун төрагалыгы алдында Табигый монополиялар боюнча консультативдик комитеттин 9-отуруму болуп өттү.​

Венгриялык жөнгө салуучу ЕЭК менен кызматташтыкты жигердештирүүгө кызыкдар
12 Декабрь 2016 | Энергетика жана инфраструктура

2016-жылдын 9-декабрында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Адамкул Жунусов Будапештте Венгриянын Энергетиканы жана коомдук кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуу боюнча башкармалыктын вице-президенти Атилла Никош менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.​

ЕЭК министри Адамкул Жунусов жана Монголиянын жолдорду жана транспортту өнүктүрүү министри Дангаа Ганбат транспорт чөйрөсүндөгү перспективаларды жана кызматташтыктын багыттарын талкуулашты
08 Декабрь 2016 | Энергетика жана инфраструктура

7-декабрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Адамкул Жунусовдун жана Монголиянын жолдорду жана транспортту өнүктүрүү министри Дангаа Ганбаттын жолугушуусу болуп өттү.​

Евразия комиссиясында транспорт жана инфраструктура чөйрөсүндө стратегиялык документтер макулдашылды
08 Декабрь 2016 | Энергетика жана инфраструктура

7-декабрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Адамкул Жунусовдун төрагалыгы алдында Евразия экономикалык биримдигинин мамлекеттеринин транспорт жаатында ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин бешинчи кеңешмеси болуп өттү.​