Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК Балкан жарым аралынын өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтыкты диверсификациялайт
19 Май 2017 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жана Босния жана Герцеговина Республикасынын ортосунда эки тараптуу өз ара иштешүүнүн жана соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүнүн маселелерин Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Гоар Барсегян жана республиканын эл аралык соода мамилелери боюнча министринин жардамчысы Мидхат Салич талкуулашты.​

ЕАЭБтин эл аралык ишмердүүлүгү - жаштардын көңүл борборунда
16 Май 2017 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин өндүрүүчүлөрүнүн жаңы рынокторго жеткилиги боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөр туурасында жаш эксперттерге, окумуштууларга жана журналисттерге Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Сергей Шухно айтып берди. ЕЭК өкүлү 16-майда Беларусь Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде “ЕАЭБтин эл аралык кызматташтыгы” мектебинин алкагында чыгып сүйлөгөн, иш-чара Евразия экономикалык комиссиясы жана Эл аралык иштер боюнча россиялык кеңеш тарабынан уюштурулган.​

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБтин таңгакталган ичүүчү сууга карата талаптарын аныктаган техрегламентинин долбоорун жактырды
16 Май 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Техникалык жөнгө салуу | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

16-майда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын отуруму болуп өттү. Күн тартибине техникалык жөнгө салуу маселелери кирди. Атап айтканда, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) “Таңгакталган ичүүчү суунун, анын ичинде табигый минералдык суунун коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентинин долбоору жактырылды. Мындан тышкары, ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү (министрлер) Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин 2020-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүндө калкты улуттук кайра каттоону даярдоону жана өткөрүүнү камсыздоого байланыштуу тескемелеринин долбоорун карап чыгышты.​

Татьяна Валовая: “ЕАЭБ менен кызматташуу люксембургдук бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат”
20 Апрель 2017 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) бирдиктүү рыногунун өзгөчөлүктөрү жана ЕАЭБ жана Ес өнүгүүсүндөгү параллелдер Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валоваянын жана Люксембург Улуу Герцогствосунун Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жан-Клод Кнебелердин жолугушуусунун жүрүшүндө талкууланган негизги тема болду. Жолугушуу 20-апрелде Москвада ЕЭКтин штаб квартирасында болуп өттү. ​

Чехияда ЕАЭБге жана чехиялык бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө кызыгуу өсүүдө
20 Апрель 2017 | Интеграция жана макроэкономика

Прагада (Чехия) Россия Федерациясынын Чехия Республикасындагы Соода өкүлчүлүгүнүн демилгеси боюнча “Европа союзунун Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрү менен тышкы экономикалык байланыштары” конференциясы болуп өттү.​

Кыргызстандын ЕАЭБке кирүүсү өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө оң таасирин тийгизди
18 Апрель 2017 | Интеграция жана макроэкономика

Москва шаарында болуп өткөн Россия Федерациясынын Федералдык Чогулушунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ортосунда Кызматташтык боюнча парламенттер аралык комиссиясынын отурумунун катышуучулары Кыргызстандын экономикасына евразиялык интеграциянын оң таасирин белгилешти. Отурумга ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) өкүлдөрү катышышты.​

Эл аралык рейтингдерде позициялардын жакшыруусу - Биримдик өлкөлөрүнүн экономикасындагы түзүмдүк өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгы
18 Апрель 2017 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мамлекеттери абройлуу эл аралык рейтингдерде катышуусу Евразия экономикалык комиссиясында (ЕЭК) өткөн биримдик өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрүнүн кеңешмесинде талкууланды. Жолугушуу белоруссиялык тараптын демилгеси боюнча уюштурулган.​

Сергей Шухно: “Биримдиктин бирдиктүү рыногун өнүктүрүү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Куба менен соодасынын көлөмдөрүнүн көбөйүүсүнө өбөлгө түзөт”
17 Апрель 2017 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Куба менен соода-экономикалык мамилелеринин азыркы абалын жана аларды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Сергей Шухно жана Кубанын Россия Федерациясындагы Ыйгарым укуктуу элчиси Эмилио Ратмир Лосада Гарсия талкуулашты.​

Жогорку Евразия экономикалык кеңеши ЕЭКке бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндө жаңы ыйгарым укуктарды берди
14 Апрель 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Экономика жана каржы саясаты | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Интеграция жана макроэкономика | Бажы кызматташтыгы

14-апрелде Бишкекте (Кыргыз Республикасы) Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттеринин катышуусу менен Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) отуруму болуп өттү. ЖЕЭК отурумунда Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон катышты.​

Тажикстанда ЕАЭБ менен кызматташуунун перспективалары талкууланууда
12 Апрель 2017 | Интеграция жана макроэкономика

“Биз каалагандай форматта кызматташууга даярбыз, Тажикстан биргелешкен ишке канчалык даяр болсо, биз да ошончолук даярбыз”, - деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Интеграцияны өнүктүрүү боюнча департаментинин директору Сергей Шухно Курган-Тюбеде (Тажикстан Республикасы) өткөн, Тажикстандын Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) менен кызматташуу маселелерине арналган тегерек столдо. ​