Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

«ЕАЭБ – Камбоджа» бизнес-форуму ЕАЭБ жана Камбоджанын ортосундагы кызматташууга жаңы түрткү берет
18 Декабрь 2017 | Интеграция жана макроэкономика

Биринчи «ЕАЭБ – Камбоджа 2017» бизнес-форумун ЕАЭБ жана Камбоджа мамлекеттеринин кызматташуусунун жаңы этабынын негизги башталышы деп эсептөөгө болот деп ишенет, Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовая. Россия-Сингапур ишкер кеңештин соода үйүнүн колдоосунда Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) жана Камбоджа өкмөтүнүн демилгеси менен уюштурулган иш-чара, биринчи жолу алты мамлекеттин бизнесинин өкүлдөрүн чогултту. Форумдун жүрүшүндө кызматташтыктын тутумдук маселелери жана өз ара инвестициялардын өсүү мүмкүнчүлүктөр талкууланды.​

ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикасы 2017-жылда жакшы өнүгүп жатат: көрсөткүчтөрдүн көпчүлүгү боюнча өсүү белгиленди
15 Декабрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Энергетика жана инфраструктура | Экономика жана каржы саясаты

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин ИДӨ өсүшү, улуттук деңгээлде санариптештирүүнүн маанилүүлүгү жана 2018-жылга пландар жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы, ЕЭК министрлери журналисттерге жана Евразия экономикалык комиссиясынын ачык эшик күндөрүнүн алкагында журналисттер менен жолугушууларда айтышты. ​

ЕЭК министри Татьяна Валовая Евразиядагы экономикалык байланыштуулукту жана туруктуулукту камсыздоого ЕАЭБтин салымы жөнүндө
11 Декабрь 2017 | Интеграция жана макроэкономика

“ЕАЭБ Евразиядагы экономикалык байланыштуулукту жана туруктуулукту өнүктүрүүгө өз салымын кошо баштады”, - деп ишенет Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовая. Министрдин пикири боюнча, бул чөйрөдө Биримдиктин потенциалы бийик жана негизги эл аралык уюмдар, анын ичинде БУУ системасынын түзүмү тарабынан жогору бааланат. Бул туурасында Татьяна Валовая 8-декабрда Вена шаарында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун (ЕККУ) мүчө өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин 24-отурумунун алкагында өткөн “Чоң Европа аймагындагы жана евразия мейкиндигиндеги экономикалык байланыштуулук, соода-экономикалык мамилелер” атайын эксперттик дискуссиясында билдирди.​

Молдова ЕАЭБ менен кызматташууну пландаштырууда
30 Ноябрь 2017 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн жана Молдова Республикасынын ортосундагы толук кандуу соода-экономикалык байланыштарды калыбына келтирүүнүн жана андан ары өнүктүрүүнүн перспективалары Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Молдованын ортосунда өз ара иштешүү боюнча биргелешкен жумушчу топтун экинчи отурумунун негизги темасы болду.​

ЕЭК Коллегиясы авиакуруучуларды жана балыкты кайра иштетүүчүлөрдү колдоду
27 Ноябрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Интеграция жана макроэкономика

Биримдик өлкөлөрүнө киргизилген товарлардын ар кандай түрлөрүнө кириш бажы алымдарынын чендерин өзгөртүү, жана ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү агроөнөр жай комплексиндеги жагдайды талкуулоо 27-ноябрда өткөн ЕЭК Коллегиясынын отурумунун негизги темалары болду.​

ЕЭК министри Татьяна Валовая: “Биз дүйнөгө жар салып жаткан эң башкы билдирүү - ЕАЭБ ишке ашты”
16 Октябрь 2017 | Интеграция жана макроэкономика

Алдын ала баа берүүлөр боюнча 2017-жылдын жети айы ичинде Евразия экономикалык биримдигинин ИДӨсүнүн көбөйүүсү 1,8%. түзгөн. Биримдикке мүчө мамлекеттерин экономикасы - жогорулоодо, жана бул интеграциялык процесстердин өнүгүүсү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү Татьяна Валовая Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Сочиде өткөн пресс - конференциясында билдирди.​

ЕЭК жана Марокко ортосунда меморандум - экономикалык кызматташтыктын жаңы деңгээли
02 Октябрь 2017 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясы жана Марокко Королдугунун өкмөтүнүн ортосунда Кызматташтык жөнүндө меморандумга ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валоваянын 28-29-сентябрда Марокко Королдугуна болгон жумушчу сапарынын жүрүндө кол коюлду. Биргелешкен жумушчу топ түзүлүп, анын негизги негизги максаты - Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү менен Марокконун соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо, соода байланыштарын өстүрүү жана диверсификациялоо, бири-биринин рынокторуна өз ара жеткиликти жеңилдетүү үчүн биргелешкен иш-чараларды өткөрүү болмокчу. Жумушчу топко ЕЭК өкүлдөрү, Биримдиктин өлкөлөрүнүн жана Марокконун улуттук өкмөттөрүнүн, ошондой эле алты мамлекеттин бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү киришет. Биринчи отурум 2018-жылдын март айында өткөрүлмөкчү.

ЕЭК Коллегиясынын жыйынтыктары: ыйгарым укуктуу экономикалык оператор түшүнүгү жаңы мазмунга ээ болот, ЕАЭБте бажылык жөнгө салуу жана атаандаштыкты коргоо чөйрөсүндө чечимдер кабыл алынды
27 Сентябрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Техникалык жөнгө салуу | Бажы кызматташтыгы

Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) атаандаштыктын эрежелерин бузуу жөнүндө маселе Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын 26-сентябрындагы отурумунда каралды. 2015-жылдын январынан 2016-жылдын 30-июнуна чейинки мезгил аралыгында "Новолипецк металлургиялык комбинаты" (НЛМК) жана "ВИЗ-Сталь" ЖЧКсы Биримдик өлкөлөрүнүн сатып алуучуларга бирдей эмес шарттарды түзүү менен, электротехникалык анизатроптук болот сегментинде үстөмдүк кылуучу абалын кыянаттык менен колдонушкан. Ишканаларга жана эки жетекчиге айып коюлган. Бул ЕАЭБте керектөөчүлөрдүн укуктарын жана атаандаштыктын эркиндигин коргоо боюнча, ЕЭКтин тажрыйбасындагы биринчи чечими болду.​

Биримдик өлкөлөрүнүн кемелери ички суу жолдоруна эркин жеткилик алышат, ал эми Марокко жана Бангладеш менен соода мамилелерине жаңы импульс берилет
19 Сентябрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Энергетика жана инфраструктура | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

19 сентября прошла Коллегия Евразийской экономической комиссии (ЕЭК). Обсуждались вопросы развития интегрированной информационной системы ЕАЭС, углубления интеграции и таможенного сотрудничества стран Евразийского экономического союза (ЕАЭС).19-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы болуп өттү. ЕАЭБтин интеграцияланган маалыматтык системасын өнүктүрүү, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн интеграциясын жана бажы кызматташтыгын тереңдетүү маселелери талкууланды. ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБ өлкөлөрүндө Кеме жүргүзүү жөнүндө долбоорду жактырды.​

“ЕАЭБ - Монголия” биргелешкен бизнес-форуму ЕАЭБ мамлекеттеринин жана Монголиянын кызматташтыгын бекемдөөгө жана кеңейтүүгө жаңы импульс берет
31 Август 2017 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттеринин жана Монголиянын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине арналган бизнес-форум ушул жылдын октябрь айынын башында Улан-Батордо өткөрүлөт.​