Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ПЭЭФ-2018: ЕАЭБ - АСЕАН форматында алгачкы бизнес-диалог болуп өттү
24 Май 2018 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) ишкерлер жана расмий чөйрөлөрүнүн, бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү Петербург эл аралык экономикалык форуму – 2018дин аянтчасында кызматташуунун перспективаларын талкуулоо үчүн алгачкы жолу чогулду. Пикир алышуу 23-майда «ЕАЭБ – АСЕАН соода-экономикалык кызматташуусу. Россиянын ролу» иш ланчы форматында болуп өттү.​

ЕАЭБ өлкөлөрү менен Сингапур кызматташууну өнүктүрүүдө
23 Май 2018 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү менен Сингапур Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү перспективалары Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) менен Сингапурдун өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча биргелешкен жумушчу топтун экинчи отурумунун көңүл борборунда болду. Тараптардын эксперттеринин ортосундагы түз диалогду жолго салуунун маанилүүлүгү баса белгиленди.​

ЖЕЭКтин жыйынтыктары: Молдовага ЕАЭБге караштуу байкоочу мамлекет статусу берилди, Бирликтин өлкөлөрү туруктуу экономикалык өнүгүү, үчүнчү өлкөлөр менен өз ара аракеттенүү үчүн негизди бекемдешүүдө, санариптик күн тартибин жүзөгө ашырууда, кызматтардын би
14 Май 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Экономика жана каржы саясаты | Соода | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Техникалык жөнгө салуу | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) 14-майда Сочиде (Россия) өткөн отурумунун жүрүшүндө интеграция, макроэкономика, соода, санариптештирүү, кызматтарды көрсөтүү рыногу, транспорт, агроөнөр жай комплекси, техникалык жөнгө салуу чөйрөлөрүндө бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынды.​

Татьяна Валовая: «ЕЭК эркин соода принциптерин жана ЕАЭБтин мүчө мамлекеттеринин соода-экономикалык ишмердигинин либералдаштыруусун жактайт»
10 Апрель 2018 | Интеграция жана макроэкономика

Бул жөнүндө Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Татьяна Валовая өз ишмердигин Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө алып барган чет элдик ишкердик топтордун өкүлдөрүнүн алдында салттуу түрдө жыл сайын сүйлөөчү сөзүнүн алкагында билдирди. 50 дөн ашуун чет элдик компаниялар жана бизнес-ассоциациялар, ошондой эле бир катар өлкөлөрдүн дипломатиялык миссиялары катышкан бул жолугушуу Америкалык соода палатасында болуп өттү.​

ЕАЭБтин санариптик трансформациясынын процесстеринин динамикасы статистикалык баалоо алыш керек
06 Апрель 2018 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) аянтчасында Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) санариптик күн тартибинин статистикалык көрсөткүчтөрүн түзүү маселелери талкууланды. ЕАЭБтин санариптик трансформациясынын процесстеринин динамикасы статистикалык баалоо алыш керек. Мындай чечим Комиссиянын Коллегиясына караштуу Статистика боюнча консультативдик комитеттин 5-апрелде, ЕЭК Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Татьяна Валоваянын жетекчилиги алдында болуп өткөн он экинчи отурумунда кабыл алынды.​

Татьяна Валовая: «ЕАЭБ криптовалюталар жана блокчейнге карата макулдашылган мамиле иштеп чыгышы зарыл»
30 Март 2018 | Интеграция жана макроэкономика

Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовая өзү модератор болгон «Криптовалюталар: акча жүгүртүү тутумундагы орду жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасына тийгизген таасири» деп аталган панелдик сессияда билдирди.

Евразия интеграциясы жаштар өлчөмүнө өтүүдө
20 Март 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) «Евразия интеграциясы: жаштар өлчөмү» деген темага эң мыкты илимий иш же долбоорго V Эл аралык сынактын башкы өнөктөшү болду. Сынактык иштерди кабыл алуу бир нече айдан кийин аяктайт.​

ЕАЭБ – ЕБ диалогу: Лиссабондон Владивостокко чейин бирдиктүү экономикалык мейкиндик европалык бизнестин көзү менен
19 Февраль 2018 | Интеграция жана макроэкономика

«ЕАЭБ жана ЕБ диалогунун зарылдыгы негизги эл аралык платформаларда улам-улам талкууланууда. Бул талкууга ишкердик жана эксперттик коомдоштуктардын, адистештирилген эл аралык ассоциациялардын жана структуралардын өкүлдөрү жана эки биримдиктин мүчө мамлекеттеринин расмий өкүлдөрү барган сайын көбүрөөк кошулууда», – деп Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовая «Лиссабондон Владивостокко чейин» деп аталган жумушчу топтун жыйынында билдирди. Жумушчу топ Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) жана Европа биримдигинин (ЕБ) өз ара аракеттенүүсүн жөнгө салууну колдогон ири европалык бизнестин демилгеси боюнча уюшулган. Иш чара 15-февралда Москвада Евразиялык экономикалык комиссиянын штаб-квартирасында өткөрүлдү.​

Татьяна Валовая: “Өз ара сооданын негизги кыймылдаткычынын бири болуп, макроэкономикалык кырдаалды жакшыртуу менен мажбурланган ички суроо-талап саналат”
06 Февраль 2018 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин ортосундагы 2017-жылдагы өз ара соода жогорку динамикасы менен мүнөздөлөт. Акыркы жылдардагы байкалган ЕАЭБдин ички товар айланымынын өз ара төмөндөөсү 2017-жылы олуттуу өсүү менен алмашты. Тогуз айдын жыйынтыгы менен Биримдиктин өз ара соодасынын көлөмү 26,9%га көбөйдү. ЕАЭБдин бардык негизги экономикалык көрсөктүчтөрү боюнча оң динамика байкалууда. 2017-жылы мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара сооданын абалы жөнүндөгү жана катышуучу өлкөлөрдүн макроэкономикалык кырдаалы боюнча мындай берилмелер, 2-февралда Алматыдагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда сунушталган Евразия экономикалык комиссиясынын докладында камтылган.​

Россия ЕАЭБде төрагалыгынын демилгелерин жүзөгө ашыруу механизмдери Минскте талкууланды
26 Январь 2018 | Интеграция жана макроэкономика

“2018-жылга Россиялык төрагалыктын демилгелери, ЕАЭБ өнүктүрүү логикасын улантып жана кеңири интеграциялык күн тартиптин маселелеринин жаңы тобун “бөлүп көрсөтөт” ,”- деп Евразия экономикалык комиссиясын (ЕЭК) Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Сергей Шухно, 25-январда Минскте Евразия экономикалык биримдигинде төрагалыкты Россия Федерациясына өткөрүүгө арналган тегерек столдо чыгып сүйлөгөн сөзүндө белгиледи.​