Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК Министри Татьяна Валовая: “Жибек жолунун Экономикалык алкагын ЕАЭБ менен айкалыштыруу континентте бардыгын камтыган евразиялык экономикалык өнөктөштүктүн түзүлүшүнө кызмат кыла алат”
26 Июнь 2016 | Интеграция жана макроэкономика

26-27-июнда Тяньцзинде (КЭР) ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (Министр) Татьяна Валовая Дүйнөлүк экономикалык форум (ДЭФ) тарабынан өткөрүлгөн “Жайкы Давоско” катышты.​

ЕЭК Министри Татьяна Валовая Берлинде ОБСЕ конференциясында чыгып сүйлөдү
24 Июнь 2016 | Интеграция жана макроэкономика

23-24-июнда ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (Министр) Татьяна Валовая “Конфронтациядан кызматташтыкка: Европада коопсуздукту калыбына келтирүү” эл аралык конференциясына катышты. Иш чара Германиянын ОБСЕдеги төрагалыгынын алкагында, германиялык таасирдүү саясий борборлор - Конрад Аденауэр фонду жана Фридрих Эберт фонду менен биргеликте Европада кызматташтык жана коопсуздук боюнча уюм (ОБСЕ) тарабынан уюштурулган.​

ЕЭК Министри Татьяна Валовая герман Бундестагынын депутаты Гернот Эрлер менен ЕАЭБ жана ЕС кызматташтыгын талкуулады
23 Июнь 2016 | Интеграция жана макроэкономика

23-июнда Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (Министр) Татьяна Валовая германиялык тараптын демилгеси боюнча ГФР Федералдык өкмөтүнүн ОБСЕде төрагалык маселелери боюнча Атайын ыйгарым укуктуу өкүлү, герман Будестагынын депутаты, Россия, Борбордук Азия жана Чыгыш өнөктөштүк өлкөлөрү менен коомдор аралык кызматташтыктын Координатору Гернот Эрлер менен жолугушту.​

ЕЭК Министри Татьяна Валовая Чили Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчиси Хуан Эдуардо Эгигурен менен жолугушту
08 Июнь 2016 | Интеграция жана макроэкономика

8-июнда Евразия экономикалык комиссиясында ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (Министри) Татьяна Валовая менен Чили Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчиси Хуан Эдуардо Эгигурен менен жолугушуусу болуп өттү.​

ЕЭК Министри Татьяна Валовая ЕАЭБ алкагында аймактар аралык кызматташтыктын перспективалары жөнүндө билдирди
08 Июнь 2016 | Интеграция жана макроэкономика

7-июнда Россиянын Тышкы иштер министрлигине караштуу Россия Федерациясынын субъекттеринин башчыларынын кеңешинде Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (Министри) Татьяна Валовая Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аймактык өнүгүү жөнүндө, ошондой эле Биримдик алкагында аймактар аралык кызматташтыктын көйгөйлөрү жана перспективалары туурасында айтып берди.​

ЕЭК жана Кыргызстандын ыйгарым укуктуу органдары 2015-жылдын экинчи жарым жылдыгында республикада мамлекеттик башкаруу секторунун карызы мүмкүн болгон деңгээлден ашып кеткенине байланыштуу консультацияларды өткөрүштү
07 Июнь 2016 | Интеграция жана макроэкономика

6-июнда Евразия экономикалык комиссиясынын жана Кыргызстандын ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү эки тараптуу консультацияларды өткөрүшүп, анда Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) жөнүндө келишим менен аныкталган, мамлекеттик башкаруу секторунун карызы мүмкүн болгон деңгээлден ашып кетүүсүн четтетүүгө багытталган сунуш-көрсөтмөлөрдү даярдоо жөнүндө чечим кабыл алынды.​

ЕАЭБ үчүнчү өлкөлөр менен экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча иштерин күчөтөт
31 Май 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода | Интеграция жана макроэкономика | Энергетика жана инфраструктура | Техникалык жөнгө салуу

31-майда Астанада өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда (ЖЕЭК) мүчө мамлекеттердин Башчылары Биримдикти өнүктүрүүнүн эң актуалдуу маселелерин жана перспективаларын талкуулашты.​

ЕЭК Министри Татьяна Валовая Перу Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчиси Карлос Веласко Мендиола менен жолугушту
27 Май 2016 | Интеграция жана макроэкономика

27-майда Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (Министри) Татьяна Валовая менен Перу Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчиси Карлос Веласко Мендиола менен жолугушуусу болуп өттү. Карлос Веласко Мендиола элчилик кызматка ушул жылдын май айында дайындалган.​

ЕЭК Министри Татьяна Валовая ЕАЭБ менен Жибек жолунун Экономикалык алкагын айкалыштыруу долбоорунун өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи
26 Май 2016 | Интеграция жана макроэкономика

25-майда Астана экономикалык форумунун алкагында (АЭФ) Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (Министри) Татьяна Валовая Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) менен Жибек жолунун Экономикалык алкагын (ЖЖЭА) айкалыштыруу айкалыштыруу долбоорунун өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.​

ЕЭК Министри Татьяна Валовая Россия-АСЕАН саммитинин лидерлерине ЕАЭБти презентациялады
20 Май 2016 | Интеграция жана макроэкономика

20-майда Сочиде (Россия) Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (Министр) Татьяна Валовая Россия – АСЕАН саммитинин алкагында жумушчу таңкы тамактануунун жүрүшүндө Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин жана АСЕАН мамлекет жана өкмөт башчыларынын алдында Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) бет ачары менен чыгып сүйлөдү.​