Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК Министри Татьяна Валовая Комиссиянын 2015-жылдагы иштеринин негизги жыйынтыктары жана евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн перспективалары жөнүндө айтып берди
25 Март 2016 | Интеграция жана макроэкономика

24-мартта Москвада, Евразия экономикалык комиссиясы жана АКШнын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү тарабынан уюштурулган “Евразия экономикалык интеграциясы: ички рынокту кеңейтүү” конференциясынын аянтчасында, ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Татьяна Валовая куттуктоо сөзү менен жана Комиссиянын 2015-жылдагы иштеринин негизги жыйынтыктары жана евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн жакынкы убакыттагы перспективдүү багыттары жөнүндө баяндама менен чыгып сүйлөдү. Конференция ЕЭК тарабынан Россиядагы Америкалык Соода Палатасы жана Америкалык-Россиялык Ишкер Кеңеши менен биргеликте уюштурулган үчүнчү иш чара болуп эсептелет.​

ЕЭК Министри Татьяна Валовая Бангладеш Эл Республикасынын Тышкы иштер боюнча Катчысы Шахидул Хак менен жолугушту
24 Март 2016 | Интеграция жана макроэкономика

22-мартта Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Татьяна Валовая Бангладеш Эл Республикасынын Тышкы иштер боюнча Катчысы (Тышкы иштер боюнча Министрдин Биринчи орун басары) Шахидул Хак баштаган делегациясын кабыл алды. Жолугушууга ошондой эле Россия Федерациясындагы Бангладеш Эл Республикасынын Элчиси Сайфул Хок жана ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Сергей Шухно катышышты.​

ЕЭК Министри Татьяна Валовая Европа комиссиясынын экс - президенти Романо Проди менен жолугушту
18 Март 2016 | Интеграция жана макроэкономика

18-мартта Евразия экономикалык комиссиясында ЕЭКтин Интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Татьяна Валовая менен Европа комиссиясынын мурунку президенти жана Италиянын мурунку премьер-министри Романо Продинин жолугушуусу болуп өттү, ал Россияга жеке сапар менен келген.​

ЕЭК делегациясы БУУнун Статистикалык Комиссиясынын ар жылдык сессиясынын ишине катышты
14 Март 2016 | Интеграция жана макроэкономика

8-11-мартта ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Татьяна Валовая баштаган Евразия экономикалык комиссиясынын делегациясы Бириккен Улуттар Уюмунун Статистикалык Комиссиясынын 47-сессиясынын ишине катышты. Бул иш чара БУУ штаб-квартирасында болуп өттү.​

Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн каржы ведомстволорунун өкүлдөрү менен кызматташуу планын талкуулады
01 Март 2016 | Интеграция жана макроэкономика

29-февралда Москвада өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясына караштуу Макроэкономикалык саясат боюнча консультативдик комитеттин 7-отуруму болуп өттү. ЕЭКтин интеграциянын негизги багыттары жана макроэкономика боюнча Коллегия Мүчөсү (Министри) Татьяна Валоваянын төрагалыгы алдында өткөн бул отурумда Комиссиянын макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуунун аймактык механизмдери боюнча сунуштары каралды.​

ЕЭК Министри Татьяна Валовая: “Аймактык экономикалык интеграция - дүйнөлүк экономиканын өсүшүнүн негизги кыймылдаткыч күчтөрүнүн бири”
29 Февраль 2016 | Интеграция жана макроэкономика

26-28-февралда Шанхайда (КЭР) Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Татьяна Валовая “Эл аралык финансылык архитектурага кайра баа берүү” жана “Туруктуу глобалдуу экономикалык өсүш: стратегиялар, күчтөр жана институттар” деген эл аралык форумдарга катышып келди, мында ал евразия интеграциясынын дүйнөлүк экономикадагы ролу тууралуу айтты.​

ЕЭК Коллегиясы Макроэкономикалык саясат боюнча консультативдик комитеттин курамына өзгөртүүлөр киргизди
27 Январь 2016 | Интеграция жана макроэкономика

26-январда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы кезектеги отурумунда Макроэкономикалык саясат боюнча Консультативдик комитеттин курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү менен Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жаңы катышуучуларынын эсебинен анын санын кеңейтти.​

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБтин статистика чөйрөсүндө интеграцияны өнүктүрүүнүн 2016-2020-жылдарга каралган программасын жактырды
29 Декабрь 2015 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика

29-декабрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык биримдигинин статистика чөйрөсүндө интеграцияны өнүктүрүүнүн 2016-2020-жылдарга каралган программасын жактырды. Мындан ары документ долбоору кароо үчүн ЕЭК Кеңешине сунушталат.​

ЕЭК Министри Татьяна Валовая: "Жалпы каржы рыногун түзүү боюнча чет элдик тажрыйбаны изилдөө ЕАЭБ үчүн өтө маанилүү"
14 Декабрь 2015 | Интеграция жана макроэкономика

11-декабрда ЕЭКтин интеграциянын негизги багыттары жана макроэкономика боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Татьяна Валовая, Россия Федерациясында Эл аралык каржы борборун түзүү боюнча россиялык-британиялык жумушчу топтун отурумунда евразиялык экономикалык интеграциянын өнүгүүсүнүн абалы жана перспективалары жөнүндө, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) эл аралык ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди.​