Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭКте Монголиянын Өкмөтү менен эксперттик консультациялар өткөрүлдү
03 Ноябрь 2016 | Интеграция жана макроэкономика

1-2-ноябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовая жана Монголиянын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик катчысы Дамдинсурэн Даваасурэн Евразия экономикалык биримдигинин Ишкер кеңешинин жана Монголиянын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен бизнес-форум өткөрүү жөнүндө макулдашышты.​

Евразия биримдигинин мамлекеттеринин эксперттери өлкөлөр аралык импорт матрицаларын түзүүнү талкуулашты
02 Ноябрь 2016 | Интеграция жана макроэкономика

1 ноябрда Алматыда Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн импорттук продукцияны пайдалануу матрицасын түзүү боюнча методологиясы жана тажрыйбасы, өлкөлөр аралык “чыгымдар-чыгаруу” системасында товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту жана импорту боюнча төлөм баланстарынын дайындарын эсепке алуу методологиясын макулдашуу боюнча эл аралык семинар болуп өттү. Ошондой эле кеп тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн товардык номенклатурасынын классификаторунан жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык соодасынын классификаторунан өнүмдөрдүн классификаторуна өтүү ачкычтарын пайдалануу жөнүндө жүрдү.​

ЕЭК эксперттери Евразия биримдигинин интеграциялык потенциалын изилдешүүдө
02 Ноябрь 2016 | Интеграция жана макроэкономика

31-октябрда Алматыда Евразия экономикалык комиссиясынын Евразия экономикалык биримдигинин интеграциялык потенциалын түзүү жана баалоо үчүн өлкөлүк жана өлкөлөр аралык “чыгымдар-чыгаруу” таблицаларын колдонуу боюнча эксперттик топтун отуруму болуп өттү.

Россия-Норвегиялык ишкердик форумунда евразиялык интеграциянын перспективалары талкууланды
28 Октябрь 2016 | Интеграция жана макроэкономика

26-октябрда Осло шаарында (Норвегия) Евразия экономикалык комиссиясынын Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Сергей Шухно Норвегиялык өнөр жайчылар конфедерациясынын эгидасы алдында өткөн бешинчи Россия-Норвегиялык ишкер форумунун ишине катышты. ЕЭК өкүлү евразия экономикалык интеграциясынын азыркы абалы жана өнүгүү перспективалары жөнүндө өзөктүү презентация менен чыгып сүйлөдү.​

ЕЭК министри Татьяна Валовая: “ЕАЭБ жана ЕБ диалогу туура жана аны баштоого убакыт келди”
28 Октябрь 2016 | Интеграция жана макроэкономика

27-октябрда Минскте Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү Татьяна Валовая “Жалпы интеграциялык процесстер: трансчек аралык стратегия аркылуу жалпы пикирге” конференциясына катышты. Иш чара “Минск диалогу” эксперттик демилгеси жана Конрад Аденауэр фондунун (Германия) жана Европада элдешүү Австрия-Француз борборунун колдоосу менен уюштурулган.

Минскте Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимди өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү
27 Октябрь 2016 | Интеграция жана макроэкономика

26-октябрда Минскте Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валоваянын жетекчилиги алдында Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимдин жоболорун өркүндөтүү боюнча курама жумушчу топтун экинчи отуруму болуп өттү. Отурумдун жүрүшүндө жумушчу топтун ишинин алгоритми иштелип чыгарылып, анын ишинин регламентинин долбоору макулдашылды. СФС-жөнгө салуулар, кызмат көрсөтүүлөр жана инвестициялар, салык саясаты жана башка чөйрөлөрдө Биримдик жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдүн долбоорлору талкууланды. Отурумдун жыйынтыгы боюнча маселелердин бөлүгү тармактык кеңешмелердин алкагында андан ары иштеп чыгууга багытталды.

Минскте БУУ ЕЭК аймагында экономикалык интеграциянын жана туруктуу өнүгүүнүн өз ара байланышын талкуулашты
27 Октябрь 2016 | Интеграция жана макроэкономика

26-октябрда Минскте Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовая БУУ Европа экономикалык комиссиясы жана Беларусь Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан уюштурулган “БУУ ЕЭК аймагында 2030-жылга чейин экономикалык интеграциянын жана туруктуу өнүгүүнүн негиздери” эл аралык конференциясында чыгып сүйлөдү. Конференцияга Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков, Беларусь Республикасынын тышкы иштер министри Владимир Макей, Россия Федерациясынын тышкы иштер министиринин орун басары Василий Небензя, Казакстан Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Галымжан Койшибаев жана башкалар катышты.

ЕЭК министри Татьяна Валовая: “Биз ЕАЭБ алкагында биздин өлкөлөрдүн экономикаларына тышкы шоктордун терс таасирин азайтууга мүмкүндүк берген макроэкономикалык саясат жаатында иштердин координациясын жогорулатууга умтулабыз”
27 Октябрь 2016 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясында ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валоваянын ЭВФтин Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча башкармалыгынын директорунун орун басары Юха Кэхонен жана ЭВФтин Россиядагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн Башчысы Габриэль Ди Белла менен жолугушуусу болуп өттү.​

“Евразия жумалыгында” ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө интеграциялык процесстердин тийгизген таасири талкууланды
27 Октябрь 2016 | Интеграция жана макроэкономика

26-октябрда Евразия жумалыгынын алкагында “ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин экономикаларынын туруктуу өнүгүүсүндө жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүндө интеграциялык процесстердин ролу” тегерек столу болуп өттү. Иш чаранын күн тартиби актуалдуу болгондуктан, ага Биримдиктин мүчө мамлекеттеринен жана үчүнчү өлкөлөрдөн алдыңкы эксперттер, окумуштуулар, бизнестин жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрү келишкен.​

ЕЭК жана Сингапур Өкмөтү кызматташтыктын перспективаларын талкуулашты
26 Октябрь 2016 | Интеграция жана макроэкономика

25-октябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовая менен Сингапур Республикасынын өнөр жай жана соода министри Ко По Кундун жолугушуусу болуп өттү.​