Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Биримдик өлкөлөрүнүн кемелери ички суу жолдоруна эркин жеткилик алышат, ал эми Марокко жана Бангладеш менен соода мамилелерине жаңы импульс берилет
19 Сентябрь 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Энергетика жана инфраструктура | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

19 сентября прошла Коллегия Евразийской экономической комиссии (ЕЭК). Обсуждались вопросы развития интегрированной информационной системы ЕАЭС, углубления интеграции и таможенного сотрудничества стран Евразийского экономического союза (ЕАЭС).19-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы болуп өттү. ЕАЭБтин интеграцияланган маалыматтык системасын өнүктүрүү, Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн интеграциясын жана бажы кызматташтыгын тереңдетүү маселелери талкууланды. ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБ өлкөлөрүндө Кеме жүргүзүү жөнүндө долбоорду жактырды.​

“ЕАЭБ - Монголия” биргелешкен бизнес-форуму ЕАЭБ мамлекеттеринин жана Монголиянын кызматташтыгын бекемдөөгө жана кеңейтүүгө жаңы импульс берет
31 Август 2017 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттеринин жана Монголиянын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине арналган бизнес-форум ушул жылдын октябрь айынын башында Улан-Батордо өткөрүлөт.​

ЕЭК министри Татьяна Валовая жакынкы келечекте ЕАЭБ жана Чилинин ортосунда кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын белгиледи
27 Июль 2017 | Интеграция жана макроэкономика

Бажы кызматташтыгы, санариптик күн тартип жана агрардык сектордогу кызматташуунун перспективалары 2018-жылы Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн жана Чилинин ортосунда өз ара иштешүүнүн артыкчылыктуу багыттары болмокчу. Бул туурасында 26-июлда Москвада өткөн жолугушууда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовая жана Чили Республикасынын тышкы иштер министринин соода боюнча орун басары Паулина Назаль макулдашышты.​

ЕАЭБ - ЕС: европалык жаш экономисттер жана саясат таануучулар кызматташтыкка чакырышат
25 Июль 2017 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жана Европа союзунун (ЕС) ортосунда расмий өнөктөштүк байланыштарды тезирээк орнотуу зарылчылыгы жөнүндө идея “Ири Европанын жолугушуулары” 5-эл аралык жаштар форумунун көңүл чордонунда болду. Аталган форум 24-25-июлда Парижде Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюмунун (ЮНЕСКО) жана А.М. Горчаков атындагы Ачык дипломатияны колдоо фондунун демилгеси жана бир катар ири француз ​компанияларынын колдоосу менен өткөрүлгөн. ​

БУУда ЕАЭБ аймагында Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү жөнүндө ЕЭКтин баяндамасы сунушталды
12 Июль 2017 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына (ТӨМ) жетүү жөнүндө баяндаманы Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Олег Панкратов Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) штаб-квартирасында тааныштырды. БУУ Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин (ЭКОСОС) Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумунда - БУУнун 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүү жаатында күн тартибинин мониторинги боюнча негизги иш-чарада ачык талкуу үчүн мындай баяндама даярдаган биринчи аймактык интеграциялык бирикме ЕАЭБ болду. ​

Армениянын ЕАЭБде мүчөлүгүнүн биринчи эки жылынын жыйынтыктары чыгарылды
06 Июль 2017 | Интеграция жана макроэкономика | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Армения Республикасы Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кошулуудан кандай оң жана терс жыйынтыктарды алды, интеграциянын алкагында анын перспективалары жана мүмкүнчүлүктөрү кандай, ошондой эле өлкөдө санариптик маселелерди өнүктүрүү сыяктуу маселелер 6-июлда Ереванда өткөн “Армения Республикасы: Евразия экономикалык биримдигиндеги эки жыл. Биринчи жыйынтыктар” тегерек столунун алкагында талкууланды.

Сергей Шухно: “Ири Евразиялык өнөктөштүктүн негизинде - ЕАЭБ, ЕС, АСЕАН, ШКУ жана континенттин негизги улуттук экономикаларынын кызматтыштыгы”
02 Июнь 2017 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Кытай менен өз ара иштешүүсүнүн жана евразия интеграциялык долбоорунун жана Жибек жолунун Экономикалык алкагы (ЖЖЭА) кытай демилгесинин айкалышынын перспективалары туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Сергей Шухно “Россия жана Кытай: жаңы, сапаттуу эки тараптуу мамилелерге” эл аралык конференциясынын катышуучуларына айтып берди.

ЕЭК мамлекет аралык электрондук документ жүгүртүү системасын ишке киргизет.
30 Май 2017 | Интеграция жана макроэкономика | Соода | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы (ЕЭК) бир катар товарларга бажы алымдарын белгилеп, репродуктивдүү материалга карата ветеринардык талаптарга өзгөртүүлөрдү киргизди, ЕЭК менен Азия жана Тынч океан үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун (ЭСКАТО ООН) Экономикалык жана социалдык комиссиясынын ортосунда кызматташуу программасынын долбоорун жактырды, Комиссиянын тастыктоочу борборун түзүүгө жана электрондук кол тамганы өз ара таануу менен мамлекет аралык электрондук документ жүгүртүү системасын ишке киргизүүнү баштоого өбөлгө түзгөн маалымат коопсуздугуна коркунуч моделин тастыктады.​

Экономиканын санариптик трансформациясы, инновацияларды жайылтуу жана тоскоолдуктарды четтетүү Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун негизги темалары болду
26 Май 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Экономика жана каржы саясаты | Бажы кызматташтыгы

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму 26-майда Казанда өттү (Россия Федерациясы). Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) беш өлкөсүнүн премьер-министрлери интеграциялык процесстерди тереңдетүү, анын ичинде товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана эмгек ресурстарынын эркин кыймылы үчүн тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү четтетүү үчүн маанилүү бир катар маселелерди, Биримдиктин санариптик күн тартибин жана өзөктүү тармактарда илимий изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди колдоо аркылуу инновацияларды жайылтуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты. ​

ЕЭК министри Татьяна Валовая: “БУУ аянтчасы интеграциялык бирикмелердин ортосунда диалог үчүн уникалдуу”
24 Май 2017 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында интеграцияны тереңдетүү евразиялык мамлекеттердин “бешилтигин” Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) туруктуу өнүгүү максаттарын жүзөгө ашырууга жакындатат. Мындай билдирүүнү Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовая БУУ Экономикалык жана Социалдык Кеңештерин өнүктүрүүнү каржылоо боюнча ар жылдык форумда (ЭКОСОС) жасады. Иш чара 22-25-майда БУУ штаб-квартирасында Нью-Йоркто өттү. ЕЭК министри Татьяна Валовая иш-чаранын министрлик сегментине катышты.