Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБ жана Кубанын ортосундагы мамилелер оң гана динамиканы көрсөтүүдө
08 Февраль 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика

6-8-февралда Гаванада Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Куба Республикасынын мамилелерин өнүктүрүүгө арналган бир катар иш-чаралар болуп өттү. Комиссиянын Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян баштаган Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) делегациясы Кубага болгон жумушчу сапардын алкагында мындан аркы экономикалык кызматташтыктын маселелерин талкуулашты.

ЕАӨК жыйынтыктары: ЕАЭБ санариптик күн тартибинин алкагында долбоорлорду жүзөгө ашыруунун механизмдери бекитилди, Кеме жүргүзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду
01 Февраль 2019 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Энергетика жана инфраструктура | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Санариптик күн тартипти жүзөгө ашыруу, экономика, энергетика, эл аралык кызматташтык, Евразия экономикалык бирлигиндеги (ЕАЭБ) макроэкономика жана интеграция маселелери 1-февралда Алматыда (Казакстан Республикасы) өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумундагы талкуулардын негизги темалары болду.

ЕЭК жана Таиланд өкмөтү Кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту
19 Ноябрь 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика

Документ Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин жана Таиланд Королдугунун ортосундагы өз ара иштешүүнү өнүктүрүүгө багытталган. Келечекте бул товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр менен өз ара соодалашуунун көлөмүн жогорулатууга, инвестицияларды көбөйтүүгө жардам берет.

ЕЭК менен АСЕАНдын катчылыгынын ортосунда туруктуу диалог түзүлөт
15 Ноябрь 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика

15-ноябрда Сингапур шаарында Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн ассоциациясынын (АСЕАН) генералдык катчысы Лим Джок Хой андан бир күн мурун кол коюлган ЕЭК жана АСЕАНдын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга байланыштуу кызматташуу перспективаларын талкуулашты. Тараптар, кызматташуунун пландарын жана долбоорлорун мүмкүн болушунча ыкчам жана натыйжалуу талкуулоо жана ишке ашыруу үчүн, ЕЭК жана АСЕАНдын штаб-квартираларынын ортосунда туруктуу байланышты жолго коюу жөнүндө келишишти.

ЕЭК жана ЕККУ өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн байланыштарды жандандырат
02 Ноябрь 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) генералдык катчысы Томас Гремингер менен эки эл аралык түзүмдүн экономика чөйрөсүндөгү кызматташуусунун өнүгүү перспективаларын талкуулады.

«Биз силерди интеграция идеясынын шарына батасыңар деп үмүттөнөбүз»: Тигран Саркисян Евразиялык интеграциянын эл аралык мектебин ачты
01 Октябрь 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика

«Евразиялык интеграция темасы жаш муундар үчүн улам перспективдүү болуп бара жатат. Силердин интеграция идеясынын шарына батканыңар ушул жуманын жыйынтыгы болуп калаарына үмүттөнөбүз», – деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 1-октябрда Москвада, ЕЭКтин штаб-квартирасында Евразия интеграциясынын эл аралык мектебинин ачылыш аземинде.

ЕЭК курама командасы XX жайкы Дипломатиялык оюндарда жети медалдын ээси болуп калды
28 Август 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Соода | Экономика жана каржы саясаты | Энергетика жана инфраструктура | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

25-августта Тверь областындагы «Завидово» комплексинде өткөн XX жайкы Дипломатиялык оюндарда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) курама командасы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медалды утуп алды. ЕЭКтин спортсмендери эркектер арасында чоң теннис жана аялдар арасында 200 метрге кросс боюнча мелдештерде мыкты болуп калды. Табактарды атууда, баскетбол жана бильярд боюнча турнирлерде байгелүү орундарды ээледи.

ЕАЭБ жана Фарер аралдары кызматташтыктын жаңы барагын ачты
28 Август 2018 | Интеграция жана макроэкономика

ЕЭК Коллегиясынын Интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Татьяна Валовая менен Фарер аралдарынын тышкы иштер жана соода министри Поуль Михельсон 23-августта Торсхавнада (Фарерлер) Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Фарер аралдарынын өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду. Документ Комиссиянын фарер тарап менен узакка созулган сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасы болуп калды жана толук баалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө өнөктөштөрдүн маанайын чагылдырат.

Татьяна Валовая: «Күнүмдүк көйгөйлөрдөн чыкпай калууга болбойт, бүгүнтөн эле интеграциялык горизонтту белгилөө маанилүү»
20 Август 2018 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) бардык өзөктүү чөйрөлөрүндө, анын ичинде энергетикада, өнөр жайда, айыл чарбасында жана башка бир катар тармактарда интеграциянын жетишилген деңгээлин жана келечекке пландарды Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) делегациясынын жана Беларустун мамлекеттик бийлик органдарынын, ишкер, илимий жана эксперттик жамааттарынын мүчөлөрү 15-августта Минскиде «Евразия экономикалык бирлиги: андан ары өнүгүү стратегиясы» конференциясында талкуулады. ЕЭК Беларусь Республикасынын өкмөтү менен бирдикте уюштурган иш-чаранын модератору Комиссиянын Интеграция жана макроэкономика боюнча коллегиясынын мүчөсү (министр) Татьяна Валовая болду.

Татьяна Валовая: «Криптовалюталардын болушунун талаштуулугуна карабастан, каржы технологиялары менен байланышкан санариптик экономиканын атрибуттары өнүгө берет»
06 Июль 2018 | Интеграция жана макроэкономика

«Астана» эл аралык каржы борборун (АЭКБ) ачуунун маанилүүлүгү дүйнөлүк жана евразиялык каржы тутумунун бөлүгү катары экенин Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) интеграция жана макроэкономика боюнча министри Татьяна Валовая «ЕАЭБдин алкагында макулдашылган макроэкономикалык саясатты ишке ашырууга жана жалпы каржы рыногун түзүүгө блокчейн-технологиялардын жана криптовалюталардын тийгизген таасири» панелдик сессиясында белгиледи. ЕЭК министри модератор болуп чыккан иш-чара 4-июлда АЭКБнын расмий ачылыш аземине арналган Astana Finance Days конференциясынын алкагында болуп өттү. ​