Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБ жана АСЕАН бизнес-диалогду өнүктүрүшүүдө
10 Июнь 2019 | Интеграция жана макроэкономика

«Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана АСЕАНдын өз ара мамилелеринин көтөрүлүп турган убагы», – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү Татьяна Валовая 8-июнда Петербург экономикалык форумунда (ПЭЭФ-2019) ЕАЭБ – АСЕАН бизнес-диалогун анын модератору катары ачып жатып белгиледи. Сессия Россия – АСЕАН Ишкердик кеңеши менен биргеликте уюштурулду.

ЕЭК жана Африка бирлиги кызматташтыкты өнүктүрүшөт
05 Июнь 2019 | Интеграция жана макроэкономика

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Татьяна Валовая 3-июнда ЕЭКтин штаб-квартирасында болуп өткөн «Евразия экономикалык бирлиги – Африка: экономикалык интеграция эки региондун өнүгүүсүнүн жана алардын ортосундагы диалогдун фактору катары» конференциясынын жыйынтыктары боюнча билдирди.

ЕАЭБдин мамлекет башчылары: Бирлик калыптанды жана ийгиликтүү иштөөдө
29 Май 2019 | Интеграция жана макроэкономика | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Бажы кызматташтыгы | Соода | Экономика жана каржы саясаты | Энергетика жана инфраструктура | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) 29-майда Нур-Султанда (Казакстан) болуп өткөн мааракелүү отурумунда интеграция, макроэкономика, соода, электр энергетикасы, бажы кызматташтыгы, каржылык саясат, кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногу, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптештирүү, өнөр жай кызматташтыгы, атаандаштык чөйрөлөрүндөгү жана башка бир катар чөйрөлөрдөгү маанилүү чечимдер кабыл алынды. Иш чара эки мааракелүү күнгө туш келди – Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) жөнүндө келишимдин түзүлгөндүгүнүн 5-жылдыгына жана Евразиялык интеграция идеясынын 25-жылдыгына.

Евразиялык интеграцияга 25 жыл: идеядан баштап, иштеп жаткан Евразия экономикалык бирлигине чейин
17 Май 2019 | Интеграция жана макроэкономика

Евразиялык экономикалык интеграциянын учурдагы баскычын, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мындан ары өнүгүү перспективаларын мамлекеттик бийлик, ишкердик жана эксперттик коомдоштуктардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү 16-июнда Астана экономикалык форумунун алкагында «Евразиялык интеграцияга 25 жыл: идеядан баштап ишке ашырууга чейин» сессиясында талкуулашты. Анын модератору Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Татьяна Валовая болду.

Ири европалык бизнес ЕАЭБ менен толук масштабдуу диалогго кызыкдар
30 Апрель 2019 | Интеграция жана макроэкономика

Мындай тыянакты Прагада (Чехия) жыл сайын өткөрүлүүчү «Европа бирлигинин Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрү менен тышкы экономикалык байланыштары» конференциясында катышкан, Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Сергей Шухно жасады. «Биз Европа бирлигинин ар кандай мамлекеттик түзүмдөрүнүн жана ишкердик коомдоштуктарынын өкүлдөрү менен үзгүлтүксүз жолугушуп турабыз, – деп баса белгиледи Сергей Шухно. – Акыркы убакта европалык ири ишкерлердин биздин евразиялык долбоорубузга, Евразия экономикалык бирлиги менен толук форматтуу кызматташуу мүмкүнчүлүгүнө кызыгуусу айрыкча тез өсүүдө».

Вашингтондо ЕАЭБте бизнес жүргүзүүнүн шарттарын талкуулашты
21 Март 2019 | Интеграция жана макроэкономика

"Дүйнөдө протекционисттик тенденциялар күчөгөн шартта Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) ачык экономиканын жана адилеттүү эл аралык атаандаштыктын принциптерин сактанууну улантат. Биз чет мамлекеттер жана негизги аймактык экономикалык бирикмелер менен кызматташууга ниеттебиз", - деп билдирүү жасады Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсүнүн (министринин) жардамчысы Федор Черницын "Евразия экономикалык бирлиги менен бизнес жүргүзөбүз" конференциясынын жүрүшүндө.

ЕАЭБтин жана ЕБтин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнүн перспективалары Брюсселде талкууланды
19 Март 2019 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Европа бирлигинин (ЕБ) ортосунда мамилелерди нормалдаштыруу маселелери Брюсселде "Биринчи диалог: Евразияны – Атлантикадан Тынч океанга чейин" форумунда талкууланды, ага Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министри) Татьяна Валовая катышты.

Россиялык бизнес жумалыгынын катышуучуларынын 57% евразиялык интеграциянын таасирин сезишкен
14 Март 2019 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин бизнеси интеграциялык процесстерге кошулуп, барган сайын анын жигердүү катышуучусуна айланууда. 11-15-мартта Москвада болуп өткөн Россиялык бизнестин жумалыгынын катышуучуларын сурамжылоонун жүрүшүндө, респонденттердин 30% евразиялык интеграциянын түздөн-түз алардын бизнесине таасирин белгилешкен, ал эми дагы 27% ЕАЭБтин кыйыр таасирин белгилешкен – өнөктөштөр, контрагентер, продукциянын керектөөчүлөрү аркылуу.

ЕЭК жана Индонезия мамилелерди расмийлештирүүгө даяр
15 Февраль 2019 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Индонезиянын ортосунда кызматташтыкты Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) бардык өлкөлөрү менен соода жана экономикалык кызматташтыкты жогорулатууга басым жасоо менен өнүктүрүү перспективалары ЕЭК Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Татьяна Валоваянын аталган өлкөнүн өкмөтүндө болуп өткөн жумушчу жолугушууларынын жүрүшүндө көңүл борборунда болду. Сүйлөшүүлөр 14-15-февралда ЕЭК Делегациясынын Джакартага иш сапарынын жүрүшүндө орун алды.

ЕАЭБ жана АСЕАН биргелешкен аракеттердин пландарын иштеп чыгышууда
14 Февраль 2019 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) ортосундагы кызматташтыктын пландары жана алгоритмдери ЕЭК Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Татьяна Валоваянын жана АСЕАНдын Экономикалык коомдоштук маселелери боюнча башкы катчысы Аладдин Риллонун көңүл борборунда болду. Алардын жолугушуусу 14-февралда ЕЭК делегациясынын Индонезия Республикасына болгон иш сапарынын алкагында болуп өттү.