Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭКтин делегациясы БУУнун Статистикалык комиссиясынын жыл сайын өткөрүлүүчү сессиясында катышкан
13 Март 2017 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясынын делегациясы Интеграциялоо жана макроэкономика боюнча коллегиясынын мүчөсү (министр) Татьяна Валоваянын жетекчилиги астында БУУнун штаб-квартирасында өткөрүлгөн аталган уюмдун Статистикалык комиссиясынын 48-сессиясында катышкан.​

ЕЭК министри Татьяна Валовая: “Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрү ичинен ИДӨ Өсүш арымы боюнча лидер болуп саналат” Бул интеграциялык натыйжанын ачык мисалы
10 Март 2017 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясынын Интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү Татьяна Валовая Евразия өкмөт аралык кеңештин отурумунун жыйынтыгы боюнча пресс - брифингдин жүрүшүндө Кыргызстандын ЕАЭБга кошулушунун айрым таасирлери тууралуу айтып берди.

Санарип күн тартиби жана максималдуу интеграциялык потенциалга ээ тармактарды колдоо: Евразий өкмөттөр аралык кеңешти корутундусу
07 Март 2017 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

7-мартта Бишкекте Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда ЕАЭБтин өкмөт башчылары Евразия экономикалык биримдигинин 2017-жылдагы негизги иш багыттарын талкуулашты. Санарип күн тартиби, машина курууну колдоо, өз ара сооданын абалына, реалдуу сектор тармактарына жана жогоку интеграциялык потенциалга ээ кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнө баа берүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулган.

ЕЭК министри Татьяна Валовая: “Чили менен диалог кеңири форматка жана жаңы динамика ээ болууда”
01 Март 2017 | Интеграция жана макроэкономика

1-мартта Евразия экономикалык комиссиясында ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовая жана Чили Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Родриго Ньето Матуран Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн жана Чили Республикасынын соода-экономикалык өнөктөштүгүнүн азыркы абалын жана өнүктүрүү перспективаларын талкуулашты. Жолугушуунун катышуучулары ЕАЭБ - Чили форматында кызматташтыкты өнүктүрүү арымдарына канааттангандарын билдиришти.

ЕЭК министри Татьяна Валовая: “Бразилия менен кызматташтык Латын Америкасынын башка өлкөлөрү менен ЕАЭБтин байланыштарын бекемдейт”
27 Февраль 2017 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн Бразилия жана Түштүк Америка мамлекеттеринин алдыңкы интеграциялык бирикме (МЕРКОСУР) менен соода-экономикалык өз ара иштешүүсүнүн маселелери Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валоваянын жана Бразилиянын Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Антонио Луис Эспинола Салгадонун жолугушуусунда талкууланды.

Татьяна Валовая: “Евразия экономикалык биримдигинин жана Камбоджа Королдугунун ортосунда соода-экономикалык байланыштардын потенциалын ачуу боюнча масштабдуу жана кызыктуу жумуш алдыда турат”
15 Февраль 2017 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовая жана Камбоджанын Соода министрлигинин мамлекеттик катчысы Текерес Камранг 13-февралда Пномпенде ЕЭК жана Камбоджа Королдугунун өкмөтүнүн ортосунда өз ара иштешүү боюнча биргелешкен жумушчу топтун биринчи отурумун өткөрүштү.

Татьяна Валовая: “ОБСЕ - региондо экономикалык өз ара байланышту талкуулоо үчүн , анын ичинде ЕАЭБ менен ЕС диалогу үчүн уникалдуу аянтча”
27 Январь 2017 | Интеграция жана макроэкономика

Европада коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун (ЕККУ) аймагында экономикалык өз ара байланыштар көйгөйү Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валоваянын ЕККУнун Вена шаарында жайгашкан штаб-квартирасына болгон жумушчу сапарынын алкагындагы иш-чаралардын жана жолугушуулардын негизги темасы болду. Визит 23-25 янаварда болду​

ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрүнүн акча - кредит саясатынын кыйла тыгыз координацияланышын сунуштайт.
26 Январь 2017 | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАБР) Интеграциялык изилдөөлөр борборунун эксперттери ЕАЭБ мамлекеттеринин акча-кредит саясатынын учурдагы абалына жана өнүгүү келечегине биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүштү.

ЕЭК тышкы соода параметрлерди макулдашуунун жаңы тартибин бекитти
23 Декабрь 2016 | Интеграция жана макроэкономика

ЕЭК Коллегиясы болжолдоонун тышкы параметрлеринин интервалдык сандык маанисин макулдашуунун жаңы тартибин бекитти. Алар Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн расмий болжолдоолорундаярдоо үчүн колдонулат.​

ЕЭК министри Татьяна Валовая: «Кубанын ЕАЭБ өлкөлөрү менен экономикалык мамилелерин өнүктүрүү багыттардын жалпы спектери боюнча перспективалуу болуп саналат»
23 Декабрь 2016 | Интеграция жана макроэкономика

Евразиялык экономикалык комиссияда (ЕЭК) ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегиянын мүчөсү (министр) Татьяна Валовойдун Россия Федерациясындагы Куба Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Эмилио Ратмиром Лосада Гарсия менен жолугушуусу болду.​