Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

2025-жылга чейин ЕАЭБтин жалпы санариптик күн тартиби ишке ашырылат жана жалпы каржы рыногу түзүлөт
03 Апрель 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Россиялык банктар ассоциациясынын (РБА) съездинде сөз сүйлөдү. Иш чара санариптик экономикага өтүүдө банк тутуму темасына арналды.​

ЕЭК Коллегиясы Кытайдан жана Малайзиядан алып келинүүчү түтүктөргө болгон демпингге каршы алымдардын аракетин узартты, газ турбиналарына бажы алымдарын жогорулатты
03 Апрель 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу

Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Коллегиясынын 3-апрелде болуп өткөн отурумунда Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн соода, бажы кызматташтыгы жана техникалык жөнгө салуу маселелери талкууланды. Кытайдан жана Малайзиядан алып келинүүчү муздак деформацияланган, бириктирилген жерлери жок, дат баспас болоттон жасалган түтүктөргө демпингге каршы алымдардын аракети узартылды, газ турбиналарынын кээ бир түрлөрүнө бажы алымдары алардын бажылык наркынын 3-5 % на чейин жогорулатылды.​

ЕЭК Кеңешинде ЕАЭБ товарларын көзөмөлдөөнүн архитектурасы, аң-тери буюмдарын маркалоо жана Евразиялык технологияларды трансферлөө тармагын түзүү маселелери талкууланды
30 Март 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Экономика жана каржы саясаты

30-мартта Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин мүчөлөрү Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) товарларын көзөмөлдөө тутумунун архитектурасын талкуулашты, тондорду жана аң-тери буюмдарын контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүүнүн пилоттук долбоорун ишке ашыруу жөнүндө отчетту карап чыгышты, Евразиялык технологияларды трансферлөө тармагын (ЕТТТ) түзүү чечимин кабыл алышты. Бирдиктүү фитосанитардык талаптарга жана ЕАЭБтин карантиндик объектилеринин бирдиктүү тизмегине өзгөртүүлөр киргизилди.​

ЕЭК ЕАЭБке киргизилүүчү товарларды бажылык контролдоонун өзгөчөлүктөрүн аныктады
28 Март 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси | Бажы кызматташтыгы

Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Коллегиясынын мүчөлөрү 27-мартта болуп өткөн отурумда Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) бажылык тескөө-башкаруусу жана өнөр жай саясаты жаатындагы чечимдерди кабыл алышты.​

Керектөөчүлөр сүт камтыган азыктарда өсүмдүк майлары жөнүндө маалыматты көрө алышат
22 Март 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу

ЕЭК Коллегиясы өткөн жылдын 10-ноябрында Комиссиянын Кеңеши тарабынан кабыл алынган, Биримдиктин «Сүт жана сүт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентине өзгөртүүлөр боюнча өткөөл жоболорду белгиледи. Өзгөртүүлөр 2018-жылдын 16-июлунан тартып күчүнө кирет.​

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишкерлери товарлардын коопсуздугуна кепилдик берет
21 Март 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу

20-мартта ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү Продукциянын Евразия экономикалык биримдигинин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештиги тууралуу декларацияны каттоо, анын аракетин токтото туруу, кайра баштоо жана токтотуунун тартибин кабыл алышты.​

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян АКШнын Россииядагы Элчиси Джон Хантсман менен жолугушту
21 Март 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

21-мартта Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) штаб-квартирасында ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын АКШнын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Джон Хантсман менен болгон жолугушуусу болуп өттү.​

Евразия интеграциясы жаштар өлчөмүнө өтүүдө
20 Март 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) «Евразия интеграциясы: жаштар өлчөмү» деген темага эң мыкты илимий иш же долбоорго V Эл аралык сынактын башкы өнөктөшү болду. Сынактык иштерди кабыл алуу бир нече айдан кийин аяктайт.​

Санариптик демилгелер үчүн өтүнмөнүн формасы пайда болду
19 Февраль 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Коллегиясы демилгечилер (бизнес же мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү) тарабынан көрсөтүлүшү жана Евразиялык экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) санариптик күн тартибинин алкагында жүзөгө ашыруу мүмкүн болгон демилгелер же долбоорлор жөнүндө маалыматты берүүнүн форматын бекитти.​

«ЯМАЛ СПГ» долбоорун колдоо жана тез жардам унааларын оорулууларга заманбап жардам көрсөтүү тутумдары менен жабдуу: ЕЭКтин 16-февралдагы Кеңешинин жыйынтыктары
16 Февраль 2018 | Соода | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Техникалык жөнгө салуу

ЕЭКтин 16-февралдагы Кеңешинде Евразиялык экономикалык биримдигинин Бирдиктүү бажы тарифинин (ЕАЭБ ББТ) алып келүү бажы алымынын терефталдык кислотага жана анын туздарына карата нөлдүк коюмун узартуу, «Ямал СПГ» долбоору үчүн жабдууларды РФнын аймагына алымсыз алып кирүү, кээ бир техникалык регламенттерге жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү ишке ашыруу жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү чечимдери кабыл алынды. Мындан тышкары, ЕАЭБтин интеграциялык күн тартибинин бир катар башка суроолору да талкууга алынды. Атап айтканда, «Евразия жумалыгы» III Эл аралык көргөзмө форуму 2018-жылдын октябрь айында Арменияда өткөрүлөрү белгилүү болду.​