Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ПЭЭФ-2018де Тигран Саркисян: «Биз ЕАЭБдин бүткүл мейкиндигинде санариптик долбоорлорду киргизүүгө кириштик»
24 Май 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) алкагында ишке ашырылышы мүмкүн болгон санариптик долбоорлор, региондук жана глобалдык санариптик күн тартиптеринин кошулуучу чекиттери, ошондой эле санариптик экономиканы өнүктүрүүдөгү бизнестин ролу 24-майда Петербург эл аралык экономикалык форуму – 2018дин алкагында «Санариптик күн тартиби ЕАЭБдин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун фактору катары» ачык сессиясында талкууланды.​

ЕЭК баалуу металлдарды камтыган айрым товарларга бажы алымдарын нөлгө түшүрдү
22 Май 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода | Бажы кызматташтыгы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Соода, интеграция, бажылык кызматташуу жана агроөнөр жай комплекси маселелери Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын 22-майдагы отурумунда каралды. Евразиялык экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) Бирдиктүү бажы тарифинин алып келүү бажы алымынын товарлардын баалуу металлдары бар айрым түрлөрүнө коюмдары нөлгө түшүрүлдү; айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторунун бирдиктүү реестрин түзүүдө, жүргүзүүдө жана пайдаланууда Бирликтин ыйгарым укуктуу органдары менен ЕЭКтин маалыматтык өз ара аракеттенүүсү боюнча документтердин пакети бекитилди, евразиялык интеграцияны тереңдетүүгө багытталган бир катар башка чечимдер кабыл алынды.

ЕАЭБ менен КЭРдин ортосунда соода-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду
17 Май 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода

Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) менен Кытай Эл Республикасынын (КЭР) ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашууга 17-майда Астана экономикалык форумунун алкагында кол коюлду.​

ЕАЭБ менен Ирандын ортосунда эркин соода зонасын түзүүгө алып келүүчү Убактылуу макулдашууга кол коюлду
17 Май 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода

Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) менен Иран Ислам Республикасынын ортосунда эркин экономикалык зона түзүүгө алып келүүчү Убактылуу макулдашууга 17-майда Астана экономикалык форумунун алкагында кол коюлду.​

ЖЕЭКтин жыйынтыктары: Молдовага ЕАЭБге караштуу байкоочу мамлекет статусу берилди, Бирликтин өлкөлөрү туруктуу экономикалык өнүгүү, үчүнчү өлкөлөр менен өз ара аракеттенүү үчүн негизди бекемдешүүдө, санариптик күн тартибин жүзөгө ашырууда, кызматтардын би
14 Май 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | Экономика жана каржы саясаты | Соода | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | Техникалык жөнгө салуу | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) 14-майда Сочиде (Россия) өткөн отурумунун жүрүшүндө интеграция, макроэкономика, соода, санариптештирүү, кызматтарды көрсөтүү рыногу, транспорт, агроөнөр жай комплекси, техникалык жөнгө салуу чөйрөлөрүндө бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынды.​

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту
02 Май 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

2-майда Астанада Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевди алдыда боло турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумуна даярдык жөнүндө маалымдады.​

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян менен Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жумушчу жолугушуусу болуп өттү
02 Май 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Бишкекте Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков алдыда өтө турган Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун күн тартибин, ошондой эле интеграциялык бирикменин андан аркы өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.​

ЕЭК сааттар үчүн айрым себилдегичтерге бажы алымдарын төмөндөтүп жана дем алуу жолдорунун ооруларын дарылоо үчүн препараттарды классификациялады
24 Апрель 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Соода

Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Коллегиясынын 24-апрелдеги отурумунда соода, бажы кызматташтыгы жана техникалык жөнгө салуу маселелери каралды. Товарлардын айрым түрлөрүнө кириш бажы алымдарын төмөндөтүү жөнүндө чечимдер кабыл алынып, дем алуу жолдорунун ооруларын дарылоо үчүн препараттар Евразиялык экономикалык биримдиктин Тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн товардык номенклатурасына (ЕАЭБ ТЭИ ТН) ылайык классификацияланды, аттракциондордун айрым кооптуу бөлүктөрүн сыноо жөнүндө Биримдиктин күбөлүгүнүн формасы бекитилди.​

ЕЭК Беларуста ак кантка болгон бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтүн узартууну макулдашты, алдын ала маалымдоо институтунун өнүгүүсүнө чечим чыгарды, аттракциондорго карата стандарттарды бекитти
10 Апрель 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы | Техникалык жөнгө салуу | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу

Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Коллегиясынын 10-апрелде болуп өткөн отурумунда Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндөгү бажылык кызматташтык, атаандаштык, монополияга каршы жана техникалык жөнгө салуу маселелери каралды. Беларусь Республикасында ак кантка болгон бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтүн узартуу макулдашылды, Биримдикке суу транспорту менен алып келинүүчү товарлар жөнүндө маалыматты берүүнүн тартиби аныкталды, аттракциондордун коопсуздугу жөнүндө техникалык регламентке стандарттардын тизмеги белгиленди, парфюмердик жана косметикалык продукция жөнүндө техникалык регламентке стандарттардын тизмеги актуалдаштырылды, евразиялык интеграцияны тереңдетүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.​​

Тигран Саркисян ЕЭК жана «Мир» МТРКнын ортосунда Өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга кол коюу жөнүндө: «Биздин принциптер – ачыктык жана айкындык, биз жарандарга Биримдик жөнүндө кызыктуу жана актуалдуу маалыматты беришибиз керек»
04 Апрель 2018 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

4-апрелде Москвада, ЕЭКтин штаб-квартирасында Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) жана «Мир» Мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын ортосунда Өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандум түзүлдү. ЕЭК тараптан документке Комиссиянын Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян, «Мир» МТРКсынан – анын төрагасы Радик Батыршин кол коюшту.​