Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Кириш бажы алымдарынын суммаларын чегерүү жана аларды ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин бюджеттеринин кирешесине бөлүштүрүү боюнча биргелешкен контролдук иш чараларды өткөрүү жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылды
12 Июль 2016 | Экономика жана каржы саясаты | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

11-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңеши Кириш бажы алымдарынын (эквиваленттүү аракетке ээ башка алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын) суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү тартибин сактоо жана аларды ЕАЭБ мамлекеттердин бюджеттеринин кирешесине чегерүү маселелери боюнча биргелешкен контролдук иш- чараларды өткөрүү тууралуу келишим долбоорун жактырды.​

Евразия комиссиясы ЕАЭБте тоскоолдуктар менен күрөшүүнү актуалдаштырат
05 Июль 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

5-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын жетекчилиги алдында Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ортосунда болгон тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү четтетүү боюнча системалык иштердин идеологиясын жана форматын талкуулады. ​

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян ГФРдин Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рюдигер фон Фрич менен жолугушту
04 Июль 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

4-июлда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян менен ГФРдин Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рюдигер фон Фричтин жолугушуусу болуп өттү. ​

Беларусияда бажы төлөмдөрү акча бирдиги деноминациялангандан кийин жаңыча тегеректелет
22 Июнь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы

21-июнда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын отурумунда товарларга декларациянын 12, 45, 47 жана “В” графаларында берилген товарлардын бажы наркынын, бажы төлөмдөрүнүн суммаларынын өлчөмүн математикалык тегеректөөгө байланыштуу нускоого жана товарларга декларацияны корректировкалоо формасына техникалык өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган. (Мында Бажы биримдигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 20-майындагы №257 чечими менен бекитилген, Товарларга декларация толтуруу тартиби жөнүндө нускоо жана Евразия экономикалык комиссиясынын 2013-жылдын 10-декабрындагы №289 чечими менен бекитилген, товарларга декларацияны корректировкалоо формасын толтуруу боюнча нускоо тууралуу сөз болууда). ​

ЕЭК Вьетнам менен эркин соодалашуу жөнүндө келишимдин алкагында ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн узун дандуу күрүчкө 2016-жылга тарифтик квотанын өлчөмүн белгиледи
22 Июнь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода

21-июнда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын отрумунда ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын жетекчилиги астында соода жана бажы кызматташтыгы чөйрөсүндө бир катар маселелер каралды.​

ПМЭФ-2016 ЕАЭБнын өнүгүү келечектери жана тышкы рыноктордогу орду тууралуу талкуулашты
17 Июнь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

16-июнда Санкт-Петербургда Петербургдук эл аралык форум -2016 алкагында “ЕАЭБ жана сода өнөктөр: жалпы экономикалык мейкиндик” темасындагы тегерек стол маеги өттү. Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Тигрян Саркисян иш чаранын модератору болду.​

ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян: Биздин максат - ЕАЭБ менен Египеттин ортосунда өз ара пайдалуу диалог түзүү үчүн жакындоолорду табуу
17 Июнь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

17- июнда Петербург эл аралык экономикалык форум -2016 да Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы менен Египет Араб Ресубликасынын Соода жана өнөр жай министри Тарек Кабиль менен жолугушуусу өттү. Иш чарага ЕЭКтин Соода боюнча министри Вероника Никишина да катышты​

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы: ПАонун Төрагасы Тигрян Саркисян жана ”Газпром ПАО Башкарманын Төрагасы Алексей Миллер ЕАЭБнын жалпы газ рыногун талкуулашты
17 Июнь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

17- июнда Санкт - Петербургда Петербург эл аралык экономикалык тилкеси-- 2016 форумунун тилкесинде ЭЕК Коллегиясынын ТөрагасыТигрян Саркисян жана ”Газпром ПАО Башкарманын Төрагасы Алексей Миллер менен иш боюнча жолугушуусу болуп өттү. ​

Тигран Саркисян: “Биз бардык өнөктөштөр менен, анын ичинде Европа союзу менен дубалдарды эмес, көпүрөлөрдү курушубуз керек”
17 Июнь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

16-июнда ХХ мааракелик Петербург экономикалык форумунун салтанаттуу ачылышында Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн бизнесинин кызыкчылыктары да, Биримдиктин өнөктөштөрүнүн кызыкчылыктары да эске алынган мамилелерди түзүүгө чакырды. “Биз мындай мамилелерди Европа союзу менен курууга даярбыз”, - деп билдирди ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян: “Аймакташтыруунун келечеги кандай: мурдагыдан жакшыраак глобалдык экономика түзүлөбү же соода-экономикалык мейкиндик фрагментацияланабы?”
17 Июнь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

16-июнда Санкт-Петербургда Петербург эл аралык экономикалык 2016 форумунун алкагында өткөн “ЕАЭБ жана соода өнөктөштөрү: жалпы экономикалык мейкиндик” тегерек столунда Евразия экономикалык комиссиясынын Төрагасы Тигран Саркисян модератор болуп, тегерек столдун катышуучуларына дүйнөлүк экономиканын тренди болуп калган аймакташтырууну кандай келечек күтөөрү жөнүндө темада дискуссиялоону сунуштады.​