Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян: “Евразия экономикалык биримдигинин келечеги кадрдык жана интеллектуалдык потенциалды өнүктүрүү менен түздөн-түз байланыштуу”
14 Ноябрь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

11-ноябрда Москвада Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн евразиялык интеграция проблематикасын профессионалдуу изилдеген жаш эксперттер, окумуштуулар жана журналистер үчүн “Күзгү мектеп” өз ишин аяктады. Жабылыш аземинде Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян жана Эл аралык иштер боюнча россиялык кеңештин (ЭИРК) башкы директору Андрей Кортунов чыгып сүйлөштү.​

Тигран Саркисян: “Евразия экономикалык биримдигинин потенциалы жогору жана ал толук өлчөмдө колдонула элек”
11 Ноябрь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

11-ноябрда Москвада Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан уюштурулган “ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү экономикалык реформалар, өнүктүрүү жана координациялоо жолдор” эл аралык конференциясында Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө “экономикалык өсүш үчүн колдонула элек потенциал” бар деп билдирди.​

Евразия экономикалык комиссиясы менен Евразия экономикалык биримдигинин Ишкер кеңешинин өз ара иштешүүсү боюнча консультативдик комитет түзүлдү..
31 Октябрь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

ЕЭК Коллегиясы Евразия экономикалык комиссиясы менен Евразия экономикалык биримдигинин Ишкер кеңешинин өз ара иштешүүсү боюнча консультативдик комитетти түзүүнү макулдашышты.Консультативдик комитет Биримдик өлкөлөрүнүн ишкер бирикмелери менен биргеликте интеграциялык биримдиктин өнүгүүсүнүн жана иштешинин стратегиялык жана системалуу маселелери туруктуу талкуулана турган аянтча болот.​

Бизнес өз көйгөйлөрү менен ЕЭКке тике кайрылууга мүмкүнчүлүк алды
28 Октябрь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар

Евразия экономикалык биримдигинде “Евразия экономикалык биримдигинин ички рынокторунун иши” маалыматтык ресурсу иштей баштады. Анын негизги максаты - өз ара соодада тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү аныктоо.​

Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрү үчүнчү өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдө бирдиктүү позиция иштеп чыгуу механизмин аныкташты
28 Октябрь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) 27-ноябрда Минскте өткөн отурумунда Евразия экономикалык биримдигинде интеграциялык процесстерди андан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар актуалдуу маселелер каралды. Атап айтканда, Евразия экономикалык биримдигинин жаңы Бажы кодексинин долбоору каралды. Бажы кызматташтыгы, соода чөйрөлөрүндөгү маселелер, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын эл аралык ишмердүүлүгүн маселелери талкууланды.​

ЕЭК Коллегиясы Биримдиктин жалпы электрэнергетикалык рыногун түзүү программасын жана ЕАЭБтин координацияланган (макулдашылган) транспорттук саясатынын негизги багыттарын жактырды
26 Октябрь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Энергетика жана инфраструктура

25-октябрда ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын жетекчилиги алдында Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын кезектеги отуруму болуп өттү. Анда интеграция жана макроэкономика, бажы кызматташтыгы, соода, экономика жана финансы саясаты, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси, техникалык жөнгө салуу, энергетика жана инфраструктура чөйрөлөрүнө тиешелүү бир катар маселелерди каралды.​

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын жолугушуусу болуп өттү
22 Октябрь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

22-октябрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын жолугушуусу болуп өттү.​

Беларусия Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков Өкмөттөр аралык кеңеш алдында Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян менен жолугушту
20 Октябрь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

20-октября Минск шаарында Евразия Өкмөттөр аралык кеңеш алдында Беларусия Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян менен жолугушту​

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян менен Өкмөттөр аралык кеңешке даярдык көрүү маселесин талкуулады
20 Октябрь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

19-декабрда Горки айылында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведевдин Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян менен жолугушуусу болуп өттү.​

ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык биримдигинин балкка, аттракциондорго жана электротехника жана радиоэлектроника буюмдарынын кооптуу заттарына техрегламенттерди кабыл алды.
19 Октябрь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

18-октябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин Казакстан Республикасынын Премьер - инистринин биринчи орун басары Аскар Маминдин төрагалыгы менен кезектеги отуруму болуп өттү. Анда ЕЭК Кеңешинин төмөнкү мүчөлөрү катышышты. Армения Республикасынын вице-премьер-министри, эл аралык экономикалык интеграция жана реформалар министри Ваче Габриелян, Беларусь Республикасынын премьер-министринин биринчи орун басары Василий Матюшевский, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратов, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары Игорь Шувалов, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү (Министрлер).​