Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕЭК жана ЕАЭЮБнын ишкер кеңеши Кытай менен өз ара иш алып барууну талкуулашты
20 Декабрь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

20-декабрда Москвада биримдик өлкөлөрүнүн ишкер чөйрөлөрүнүн катышуусу менен Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Ишкер кеңешинин өз ара иштешүүсү боюнча Консультативдик кеңештин биринчи отуруму болуп өттү. ЕАЭБ менен К/ЭРдин ортосунда Соодо-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну даярдоонун алкагында Кытай менен сүйлөшүүлөрдүн параметрлери, ошондой эле ЕАЭБти жана “Жибек жолунун Экономикалык алкагы” (ЖЖЭА) кытай демилгесин айкалыштыруу долбоору талкууланды.​

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко интеграцияны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты
20 Декабрь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

20-декабрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян жана РФ Федералдык Чогулушунун Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко евразиялык интеграциянын актуалдуу аспектилерин, ошондой эле глобалдык экономикада Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) ролун талкуулашты.​

Армения Республикасынын президенти Серж Саргсян жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Биримдикти өнүктүрүүнүн актуалдуу тенденциялары талкууга алган
16 Декабрь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

16-декабрда Ереван шаарында Армения Республикасынын Президенти Серж Саргсян жана Евразия экономикалык комиссиянын Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян татаал глобалдык экономикалык жагдай шарттарында Евразия экономикалык биримдигинин өнүгүү тенденцияларын, Биримдикке мүчө болуусунун Армения экономикасына тийгизген таасири, катышуучу-өлкөлөрдүн ортосунда кызматташууну өнүктүрүү деңгээли жана келечеги, ошондой эле 26-декабрда Санкт-Петербург шаарында өтө турган Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун күн тартибин талкууга алган. ​

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигрян Саркисян менен жолугушту
15 Декабрь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

15-декабрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын жолугушуусу болу өттү.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту
08 Декабрь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

8-декабрда Кремлде Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.​

Иран жана ЕАЭБ эркин соодалашуу аймагын түзө алышат
05 Декабрь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

5-декабрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян Иран Ислам Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчиси Мехди Санаи менен Иран жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мамлекеттери ортосунда эркин соодалашуу аймактарын (ЭСА) түзүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулады.​

Тигран Саркисян: “ЕАЭБ жана Америка Кошмо Штаттарынын өлкөлөрүнүн ортосунда экономикалык мамилелерди тереңдетүү потенциалы чоң”
02 Декабрь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

2- декабрь, Москва. “Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык биримдигинде бизнес чөйрөнү жакшыртуунун үстүндө иштөөдө”,- деп билдирди ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян Евразия экономикалык комиссиясы Американын Россиядагы Соода Палатасы (АТП) жана Америка- Россия“ Ишкер Кеңеши (АРИК) менен биргеликте уюштурулган, “Евразия экономикалык интеграция:алдыга кадам, бизнес үчүн жаңы горизонттор” деген төртүнчү конференцияда.​

ЕЭК Кеңеши евразия интеграциясынын андан аркы өнүгүшүнө багытталган бир катары маанилүү чечимдерди кабыл алды.
30 Ноябрь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

30-ноябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунда Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) интеграция жана макроэкономика, ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык- коммуникациялык технологиялар, соода, атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу, техникалык жөнгө салуу, санитардык, фитосанитардык чаралар, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси, экономика жана финансы саясаты, бажы кызматташтыгы боюнча маселелер каралган.​

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары бирдиктүү Бажы кодексин жактырышты
16 Ноябрь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

16-ноябрда Горкиде (Москва областы, Россия) Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда ЕАЭБтин бирдиктүү Бажы кодексинин долбоору жактырылды. Отурумга Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары катышышкан: Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын.​

ЕАЭБте дары каражаттарынын жалпы рыногун ишке киргизүү боюнча документтердин топтомуна кол коюлду
16 Ноябрь 2016 | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы


16-ноябрда Горкиде (Москва областы, Россия) Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин мүчөлөрү Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) аймагында дары каражаттарынын жалпы рыногун ишке киргизүү жана толук кандуу иштөөсү үчүн зарыл болгон бирдиктүү документтердин топтомуна кол коюшту.​