Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

ЕАЭБдин бажы документтеринин түзүмдөрү жаңыланды
21 Апрель | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы

ЕЭК Коллегиясы 21-апрелдеги отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин негизги бажы документтеринин: товарларга карата декларациялардын, транзиттик декларациялардын, ошондой эле алардын ажырагыс бөлүктөрүнүн – товарларга карата декларацияларга жана бажы наркынын декларацияларына түзөтүүлөрдүн түзүмдөрүнүн жаңыланган версияларын бекитти. Аларды толтуруу үчүн колдонулган классификаторлор да өзгөртүлдү.

ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрүнүн жумушчу кеңешмеси
20 Апрель | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Энергетика жана инфраструктура | Экономика жана каржы саясаты

20-апрелде Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарынын айрым маселелерин макулдашуу боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөлөрүнүн видеоконференция форматындагы жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

ЕАЭБдин бизнес-коомдоштугу Бирликтеги кризиске каршы чаралардын пакетине сунуштарды даярдайт
17 Апрель | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин палаталарынын консультативдик кеңеши ишкерлерден Бирликте медициналык товарлар жана коронавирустун пандемиясынан улам чоң суроо-талап пайда болгон башка товарлар менен соода жүргүзүүдөгү жана аларды өткөрүүдөгү тоскоолдуктар жөнүндө маалыматтарды чогултмакчы. Тийиштүү сунуштар Евразия экономикалык комиссиясына жөнөтүлөт.​

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөлөрүнүн жумушчу жолугушуусунун жыйынтыктары
14 Апрель | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

14-апрелде Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Төрагасы, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенконун демилгеси боюнча ЖЕЭК мүчөлөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Бирликтин өлкөлөрүнүн лидерлери видеоконференция режиминде коронавирустук инфекциянын таралышынын алдын алуу жана ЕАЭБде экономикалык стабилдүүлүктү сактоо боюнча биргелешкен чараларды карап чыгышты.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөлөрүнүн жумушчу жолугушуусу
13 Апрель | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

14-апрелде Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Төрагасы, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенконун демилгеси боюнча коронавирустук инфекциянын алдын алуу жана Евразия экономикалык бирлигинде экономикалык стабилдүүлүктү камсыз кылуу маселелерин талкуулоо боюнча ЖЕЭК мүчөлөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өтмөкчү.

ЕӨАК жыйынтыктары
10 Апрель | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика | Соода

10-апрелде Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин видеоконференция форматындагы отуруму болуп өттү.

Өкмөттөр аралык кеңеш ЕАЭБ мамлекеттериндеги макроэкономикалык жагдай жөнүндө баяндаманы назарга алды
10 Апрель | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика

"Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттериндеги макроэкономикалык жагдай жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча сунуштар жөнүндө" деп аталган баяндама ЕАЭБ мамлекеттериндеги 2019-жылдагы экономикалык өзгөрүүлөрдүн тышкы шарттары жана тенденциялары жөнүндө маалыматты, жүргүзүлүп жаткан бюджеттик-салыктык жана акча-насыя саясатына серепти жана талдоону, ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикалык өнүгүүсүнүн перспективаларын баалоолорду камтыйт.

ЕАЭБ өлкөлөрү чек ара аралык интернет-сооданы комплекстүү жөнгө салуунун эрежелерин даярдашууда
10 Апрель | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода

Өкмөттөр аралык кеңеш 10-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясына Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөттөрү менен биргеликте ЕАЭБдин эл аралык электрондук соода жаатындагы укугуна өзгөртүүлөр жөнүндө актыны даярдоону тапшырды. Мааниси боюнча, алдыда бул чөйрөдөгү комплекстүү укуктук жөнгө салуунун натыйжалуу механизмдерин түзүү милдети турат.

ЕАЭБде Казакстанда чыгарылган сериялуу продукциянын келип чыгышы жөнүндө сертификатты колдонуу механизми түзүлмөкчү
10 Апрель | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Соода

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши өз ара сооданы жеңилдетүү максатында Казакстан Республикасынын аймагында өндүрүлгөн сериялуу продукциянын келип чыгышы жөнүндө сертификатты колдонуу механизмин түзүү жөнүндө чечим кабыл алды.