Sign In
EECЕвразия Экономикалык КомиссиясыЖаңылыктар жана окуялар
News and events

Чыпка Жаңылыктар

Багыт:
Датасына карай баштап
Select a date from the calendar.
чейин
Select a date from the calendar.
Об итогах внешней и взаимной торговли товарами Таможенного союза в январе-июне 2012 г.
28 августа 2012 | Таможенно-тарифное регулирование

По оперативным данным объем внешней торговли товарами государств – членов Таможенного союза за январь-июнь 2012 г. составил 459,6 млрд. долларов США, в том числе экспорт – 302,9 млрд. долларов США, импорт – 156,7 млрд. долларов США. Стоимостной объем экспорта по сравнению с январем-июнем 2011 г. в текущих ценах увеличился на 9,7%, или на 26,9 млрд. долларов США, импорта – на 4,8%, или на 7,2 млрд. долларов США.

Бажы тизмегине каруселдер жана жаныбарларды көрсөтүү үчүн жайлар киргизилди
17 Март | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы

ЕЭК Коллегиясы бажы органдары аларга карата Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу куралбаган же ажыратылган түрдө өткөрүлүүчү товарларды ЕАЭБдин тышкы экономикалык ишмердигинин бирдиктүү товардык номенклатурасынын 9508 товардык позициясында классификациялоо жөнүндө чечим кабыл алган товарлардын тизмегин толуктады. Кеп аталган тизмекке каруселдерди, селкинчектерди, тирлерди жана башка аттракциондорду, ошондой эле көчмө цирктерди, театрларды жана жаныбарларды көрсөтүү үчүн жайларды киргизүү жөнүндө болууда.

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБде агроиндустрияны өнүктүрүүнүн картасын иштеп чыгууну жактырды
17 Март | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси

Документке ЕАЭБ өлкөлөрүндө ишке ашырылып жаткан же ишке ашыруу пландаштырылып жаткан ири инвестициялык жана инновациялык айыл чарба долбоорлору жөнүндө маалыматтар кирет деп болжолдонууда. Картада АӨКтү жана импортту алмаштырууну ресурстук жактан камсыз кылуу үчүн долбоорлорду ишке ашыруу максатка ылайыктуу болуп саналган багыттар көрсөтүлмөкчү. Ошондой эле, карта Бирликтин рыногунда импорттун чоң үлүшү байкалып жаткан айыл чарба товарлары жана ресурстар жөнүндө маалыматтарды камтыйт.

ЕАЭБде коронавирустун таралышына каршы күрөшүү боюнча биргелешкен чаралар кабыл алынмакчы
16 Март | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

ЕЭК Кеңеши коронавирустун таралышынынын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү үчүн айрым медициналык товарларга карата алымдарды нөлгө түшүрүүнү же төмөндөтүүнү чечти. Аталган чечим COVID-19 вирусунун таралышына байланыштуу биргелешкен чараларды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу жөнүндө армян жана кыргыз тараптардын сунуштарын кароонун натыйжалары боюнча кабыл алынды.

ЕАЭБдин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу планы кеңейтилди
16 Март | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБдин техникалык регламенттерин иштеп чыгуу планына өзгөртүүлөрдү киргизди Аны электротехника жана радиоэлектроника буюмдарында кооптуу заттардын колдонулушун чектөө жана эмерек продукциясына карата талаптарды конкреттештирүү боюнча позициялар менен толуктоо пландаштырылууда.

Кагаз түрүндөгү транспорттук документтердеги бажылык белгилер жоюлушу мүмкүн
16 Март | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Бажы кызматташтыгы

Эгер бажылык операциялар электрондук түрдө аткарылса, Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишмердигинин катышуучуларынын кагаз түрүндөгү документтеринде бажы органдарынын кошумча белгилери талап кылынбайт. 16-мартта ЕЭК Кеңеши Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тийиштүү чечимин жактырды, ал ушул жылдын апрель айында Бирликтин өлкөлөрүнүн Өкмөт башчылары тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.

Михаил Мясникович: "ЕАЭБдин жана КМШнын стратегиялык документтери бири-бирин өз ара толуктап турат"
13 Март | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

КМШнын экономикалык өнүгүүсүнүн 2030-жылга чейинки стратегиясы жана Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттары Евразия мейкиндигинин элдеринин жыргалчылыгы үчүн иштейт. Бул тууралуу ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович КМШнын Эл аралык экономикалык форумунда билдирди. Ошондой эле, Коллегия башчысы аталган документтер катышуучу өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсүнүн басаңдашы маселесин чечүүгө жардам берет деп белгиледи.​

Михаил Мясникович Михаил Мишустин менен жолугушууда ЕЭКтин ишин өркүндөтүүнү сунуш кылды
06 Март | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту. Аталган жолугушуу 6-мартта РФ Өкмөт Үйүнүн Камин залында болуп өттү. Тараптар Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарынын үстүнөн иштин жүрүшүн жана ЕЭКтин ишин өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.

ЕЭКте өлкөлөрдүн Евразиялык интеграциянын стратегиялык багыттарынын долбооруна жаңы сунуштарын талкуулашты
04 Март | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы | Интеграция жана макроэкономика

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөлөрү Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарынын долбоорунун дагы бир нече позицияларын макулдашышты. Талкуу 4-мартта ЕЭКтин штаб-квартирасында видеоконференция форматында болуп өттү.

ЕЭК мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдө улуттук режимден кайталанган алып коюуларды аныктоо боюнча сунуштарды даярдамакчы
03 Март | Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

ЕЭК Коллегиясы 3-мартта мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларды өткөрүүдө улуттук режимден кайталанган алып коюуну аныктоо механизмин карап чыкты.

Өзү жүрүүчү машиналардын паспортунун бирдиктүү формасын толтуруу тартиби өзгөртүлдү
03 Март | Техникалык жөнгө салуу | ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы

ЕЭК Коллегиясы Өзү жүрүүчү машинанын паспортунун бирдиктүү формасын толтуруу тартибине, ошондой эле мындай паспортторду жол-жоболоштурууну ишке ашыруучу Ыйгарым укуктуу органдардын жана даярдоочулардын бирдиктүү реестрин түзүү жана алып баруу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди.